Фархат дамла бир сабагынызда отуп кеткендерге Куран окутса сообу жетет дептирсиз. Кантип эле садака бербей бул дуйнодон отуп кетсе, кантип эле ошол адамга Куран окутулса сообу жетип калсын. Азыр толтура садака бербей омурундо бирдагы сооп иштерди кылбай тили менен гана мусулманмын деп отуп кеткен пенделер толтура. Бирок анысына карабай биздин елге салт болуп калган, айрыкча орто азия чолкомундо, ата бабабыз кылып келген деп, иши кылып акыл калчап ой жугуртушпойт, айтсан эле чычалашат, бейшембилик, кырктык, жылдык, деген бидаьат ишдерди ( динде жок) кылып мал сойуп куран окутуу модага айланып кеткен , Куран окутсанар сооп жетет деген жер.Курандын бир дагы жеринде, Хадистердин бир дагы жеринде кездешпейт. Ушул нерселерди жакшылап элдерге жеткиликтуу тушундуруп айтып койсонуздар жакшы болот эле, Аалымдар Пайгамбарлардын мураскорлору делинет, эн негизгиси Аалымдар адашпаш керек, Аалымдардын ар бир созу маанилуу, эл Аалымдардын оозун тиктеп турат, Аалымдар эмне дейт экен деп.