15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча макулдашууну кароо учурунда Кадырбеков Кемпир-Абад талаш жер эмес экенин белгиледи. Ошондой эле, ал келечектеги болуп кетиши мүмкүн болгон коркунучтарды атады.
Добуш берүүгө келгенде депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Эрулан Кокулов, Нилуфар Алимжанова, Чыңгыз Айдарбеков кворум камсыз болбосун деп чыгып кетишти. Бирок комитет төрагасы Улан Примов жети киши добуш берүүгө катышканын айтып, кворум камсыз болду деди. Жыйынтыгында макулдашуу кабыл алынды.
#КемпирАбад #Кыргызстан #НуржигитКадырбеков
27 сен 2024