2020-жылдын 16-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы криминал менен катуу күрөштү баштай турганын убадалаган.
Андан кийин өлкөдө чоң-чоң кримтөбөлдөрдү кармап темир торго салуу толкундары башталган. Аларды кармоо иштери Голливуд тасмаларын эске салган атайы видеосъемкалар менен коштолуп жатты.
Бирок, ал окуялардан кийин кримтөбөлдөр биринин артынан бири эркиндикке чыга башташты.
Bulak.kg сайты алгач камакка алынып, бир канча убактан кийин кайсы бир себептерден улам бошотулган кылмыштуу дүйнөнүн лидерлеринин тизмесин түздү.
21 окт 2024