Биздин ушул өткөрүлгөн кечебиздин максаты, залкар акын Какен Алмазбековдун чыгармаларын эл ичинде, өзүнүн аты менен кошо жайылтуу жана кайрадан жандандыруу максатында болуп өттү. Кечеде, Какен Алмазбековдун чыгармаларын элге жайылтып, китептерин чыгарып жана обондуу ырларын аткарып жүрүшкөн 5-акын бирикменин чыгарган Какен Алмазбеков медалы менен сыйланышты.Кечеге келген залкар акындар да, жана поэзия сүйүүчүлөр да ыраазы болуп кайтышты. Ошону менен бирге, бирикменин акындарынын 4 жана 5 китебинин бет ачаары болуп, мыкты деп табылган акындар номинация, дипломдор менен сыйланышты. Мындан ары да талыбай эмгектенүүнүн үстүндө иштей беребиз!
Алгалай берели асыл акындаоым. Клара Ниязова эжеке сиздин талыкпаган эмгегиңиздин үзүрү. 👍 Асыл акындарды тарбиялап , кийинки муундарга чоң сабак калтырып , ийгиликтин үстүндө болуңуз ар дайым. 👍👍👍🌹🌹🌹
КАКЕН АЛМАЗБЕКОВТУ ЭСКЕРҮҮДҮ УЮШТУРУУЧУЛАРГА ЭҢ ЧОҢ ЫРАХМАТ . ЫРЛАРЫ ТЕРМЕЛЕРИ КАНДАЙ КУРЧ КАНДАЙ МААНИЛҮҮ . ЭХ ТАГДЫР МЫНЧА ТАТААЛ ,ТАШ БООР .❤️❤️❤️📚📚📚👍🏽👍🏽👍🏽🙏🏽🙏🏽🙏🏽
"Поэзия Ордосу" алгалай бер! Ушул Ордонун мүчөсү болуп жүргөнүм үчүн сыймыктанамын. Какен Алмазбековтун термелериндей чоң термелер жаратуу биздин максатыбыз.
" Поэзия Ордосу" ар дайым аттын кашкасындай таанымал болуп, атактуу акын жазуучулардын катарын толуктасын. Мыкты жетекчи, талыкпаган эмгекчил Клара Ниязова эжекеге таазим❤