Ноокатым. Түшүмө Ноокат кирет кенен жайык, Талаасы,ой- кырлары куп ажайып. Көз ачып киндик каным тамган жерим, Дайыма күтүп турат кучак жайып. Түшүмө Ноокат кирет тоосу бийик, Чиренген чокулары көккө тийип. Бүркүттөр тээ бийиктикте шаңшып жүрсө, Кум Белде эркин ойнойт кулжа-кийик. Түшүмө Ноокат кирет агын суулуу, Күрпүлдөп дайралары эң бир улуу. Суусунан абасынан болуу керек, Байыртан келин менен кызы сулуу. Түшүмө Ноокат кирет атам жүргөн, Жашынан жетим калып кордук көргөн. Кызылдын кыр жагында турган чыгар, Жер менен кучакташып бопбоз мүрзөң! Түшүмө Ноокат кирет апам баскан, Түйшүктө балдарым деп өңдөн азган. Кулундай эркелетип тосуп алчуу. Алыстан азып-тозуп өзүм барсам. Түшүмө Ноокат кирет кыйын кезең, Согуштан эл жабыркап жүдөп кеткен. Адырдын кырларында машак терем, Алкымдап ачарчылык кекиртектен. Түшүмө Ноокат кирет жайнап жаткан, Багында булбулдары сайрап жаткан. Эң назик ыр угулат кулагыма, Ой, тообо, Лалаханбы ырдап жаткан? Түшүмө Ноокат кирет гүлдөп жаткан, Алмабак, өрүкзары гүлдөп жаткан. Укмуштай аваң чыгат арасынан, Лалахан өзү эмесби, үндөп жаткан? Түшүмө Ноокат кирет көзүм жумсам, Жомоктой асыл жерим миң сагынам. Өзүңдөн учкан бойдон кайрылбадым, Келемин кээ бир кезде мен сагынсам . Автор:Камбараалы Бобулов.