«Калыгулдун санаты»
Жыйырма менен отуз жаш,
Өтсө келбейт ал кайтып.
Желип өмүр өткөн соң,
Жигит болбойт чал кайтып.
Аргымак атың арыса,
Алмагы кыйын жал кайтып,
Калаалуу, коргон бузулса,
Калаа болбойт там кайтып.
Кедейчилик жигиттин,
Кейипин бузат шалдайтып
Кетсе дөөлөт колуңдан
Келмеги кыйын мал кайтып
«Келе» деп келсе бересең,
Кейитет жанды саргайтып.
Чырпыгың сынса түбүнөн,
Чынар болбойт тал кайтып.
Чындып Ажал келген соң.
Чыкса келбейт жан кайтып.
Туйгунуң учса колуңдан,
Тууруңа конбойт ал кайтып.
Ак бөкөн келип жыгылат,
Алдын казып орлосо.
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.
Душманына кор болот,
Өз тууганын кордосо.
Адыры болбой, тоо болбойт,
Аркары болбой, зоо болбойт.
Карагай болбой, чер болбойт,
Кайратсыз адам эр болбойт.
Кайгысыз киши карыбайт,
Калп айткан киши жарыбайт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөн тар адам бай болбойт.
Этектти кесең жең болбойт,
Эзелки душман эл болбойт.
Таш жыйылса тоо болбойт,
Тоо болсо дагы ошонуң,
Куш айланган зоо болбойт.
Карганы баксаң, куш болбойт,
Кара темир курч болбойт.
Уй териси тон болбойт,
Урушчак киши чоң болбойт.
Бар болбой малың чачылбайт,
Жок болбой абийир ачылбайт.
Башыңа мүшкүл иш түшпөй,
Малың арзан сатылбайт.
Өргө өгүз жүгүрбөйт,
Өлгөн жан кайра тирилбейт.
Аргымак мойун ок кесет,
Азамат мойнун жок кесет.
Аргымактын азганы
Аркы терки басканы
Азамат эрдин азганы
Көчкөндө жөө басканы
Өзөндүү сууга тал бүтөт
Өлбөгөн жанга мал бүтөт
Экөөгө бергис бирөө бар,
Өгөгө бергис бирөө бар.
Атка бергис кунан бар,
Кызга бергис жубан бар.
Мүнүшкөргө куш жакшы,
Жигиттерге кыз жакшы.
Аш тамака туз жакшы,
Тил албаган жаманга,
Акыл сөздөн муш жакшы.
Бул жалганда нур жакшы,
Булбулдарга гүл жакшы.
Мууңдунун черин жазууга,
Булбул үндүү тил жакшы.
Уктасаң жатып түн жакшы
Оокат кылсаң күн жакшы
Алска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Арбын болот акылың,
Окусаң өнөр кат жакшы.
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү сарт жакшы.
Пейили бузук сараңдан,
Бербеста болсо март жакшы.
Кеби бузук катындан,
Келте ооруган дарт жакшы.
Ак чаңгыл тоонун этегин,
Адис мерген кийиктейт.
Алганы жакшы жолукса,
Азамат көөнү бийиктейт.
Кызаргандын баарысы
Манат болот турбайбы
Кылган иштин баарысы
Адат болот турбайбы
Ырдагандын баарысы
Санат болот турбайбы
Аскар аскар аскар тоо
Аягы барып чап болот
Атадан алтоо болсода
Сыйлышпаса жат болот
Аргымакта жал жок деп
Жолго таштап кетпеңер
Азамат эрде мал жок деп
Жоого таштап кетпеңер
Кучтуу болсон жердей бол
Баарын чыдап көтөргөн
Таза болсоң суудай бол
Баарын жууп кетирген.
16 ноя 2020