Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, маалымат берген.
"Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып Камчыбек Ташиев комиссия иш алып барып жатканда кызматтан убактылуу четтебей турганын билдирди.
"Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт", - деди Ташиев. Ал ошондой эле комиссия мүмкүнчүлүк түзүп берүү боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.
"Эртеңден баштап комиссия келет. Биз аларга бүт мүмкүнчүлүк, шарт түзүп беребиз",- деди атайын кызматтын жетекчиси. _________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
20 июн 2022