1911-жыл, 4-январь, таңкы саат 4:26да азыркы Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл аймагынын камтыган, очогу Кемин жана Чоң-Кеминде Рихтер шкаласы менен 10-11 баллга жеткен чоң жер титирөө болуп өткөн. Бүткүл Ала-Тоого алаамат салган зилзалалар биринин артынан бири кайталанып, жалпы жонунан 3 мүнөткө созулган жана ошол мезгилдеги дээрлик көпчүлүк имараттарды талкалаган. Аман калган эл уйку-соодо колуна тийген кийими менен сыртка качып чыккан. Көпчүлүк эл боз үйлөрдө жашаса да, бирок бул зилзаладан 500дөй адам набыт кеткен. Миңге жакын киши жаракат алып, 1000дей кам кыштан курулган үй жана 15 000 боз үй талкаланып жок болгон. 13 000ден ашуун бодо мал арам өлгөн. Жер титирөөнүн радиусу абдан чоң болуп, Токмок, Каракол,Алматы, Тараз жана Ташкент шаарлары да жабыркаган. Жалпы Түркистан аймагы боюнча 2000 ашуун адам шейит болгон. Отурукташкан жашоо образына өткөн кыргыздардын көпчүлүгү каза болгону аз келгенсип, аба-ырайынын ызгаар суук, абанын температурасы -10 градустан төмөн болгондугу элдин абалын ого бетер мүшкүлгө салган. Буга кошумча жер титирөө беш күнгө чейин уланып, жер улам силкинип турган. 9-январь күнү биринчи зилзаладай эле күчтүү жер титирөө дагы бир жолу катталган. Бул карапайым элдин үшүн ого бетер алып, элдин шайын кетирген. Көпчүлүк сыртта жылуу кийими жок кыйналып, бирок үйлөрүнө кайтып баруудан кооптонгон абал жаралган. Кээ бир орус көчмөндөрү Орусияга качканга аргасыз болгон.Адамдар кийимчен уктап, ар дайым сыртка качып чыга турчу даярдык менен жашап калган. Каракол шаарына барчу жолдор талкаланып, тоодон кулаган таштар менен негизги жолдор тосулуп калган. Зилзаланын кесепетинен жер ачылып, кайра жабылып, жер-жерлерде бодо мал түшө турчу жаракалар пайда болгон. Ал эми Көл өрөөнүндө болсо адырлардын көчкүсү катталган. Жердин жаракасы илимпоздордун айтымында 200 км узарып, Көл аймагындагы кээ бир жердин жаракаларынын кенендиги 8 метрге чейин жеткен . Айрым аймактарда суулардын көтөрүлүшү байкалган. Чоң-Кеминде болсо бир айыл толугу менен көчкү астында калып, бир гана бешиктеги наристе аман калган.
28 сен 2024