Азыр дагы сени сагынып ыйлап жаткан учурум!😔😔😔 Түңкү саат 2ки😥😰 Эх дүйнө кандай гана татаалсын бирөөнү бактылуу кылган да, ал эми бирөөнү бактысыз кылган да! Буттан чалган да, кайра колдон тартып үмүт берген да өзүңсүң! Терезени ачып, күйүп турган көкүрөгүмдү кыштын ызгаар суугуна тосуп турган кезим. Жалгызмын! Бөлмөм эки үч жылдан бээри эч ким жашабагандай тып тынч! Бирок өзүмдө баары тескерисинче. Канчалаган сага арналган сөздөрүм өз дарегине жетпей калды! Сага сөздөрүмдү жазып жөнөтүүгө күчүм жетпейби билбейм. Кайра өчүрүп салдым! Бул менин намысымбы же алсыздыгымбы билбейм. Адам сүйүүсү үчүн күрөшүү керек. Бакытка жетүү үчүн кыйынчылык сыноолорду жеңип өтүш керекпи же жөн гана анын мага көңүлү жок деп өз сезимдериме кыянат кылып кетишим керекпи? Адамга кыянат кылган жаман бирок өз сезимин айтпай ичте сактап ага кыянат кылуу андан да жаманыраак экен. Башкаларды алдаган жаман бирок өзүңдү өзүң алдаган андан да жаманыраак. Туура баары өтөт бул сүйүү эмес сезим деп өзүмдү алдагандан чарчадым! Кандай гана керемет өзгөчө жан элең! Сенин ар бир сөзүң өзгөчө, ар биринен сабак алса болот! Эң баалаганым түшүнгөнүң жана жакшы тарбия алганың. Бул жарыкта сенден жакшысын таба албашым чындык! Бирок баары биз ойлогондой болбойт. Туура тагдырдын жазылган мыйзамдарына аргасыз баш ийет экенсиң. 🙁😕
Ассолом алейкум Музур байке Гулмира эжеке унунуздорго береке берсин ар дайым Кыргыз элибиз сиздер мн ар дайым сиздердин Ырларынызды аявай жакшы коробуз унунуз очпосун ар дайым бактылуу болунуздарды калайбыз Кыргыз элибиз жаамат