Атка салгап дилдейсиң, Ачылган кызыл гүлдөйсүң, Бир күнү оору, бир күн соо... Алымкан, азабың тартсам билбейсиң. Бетегелүү майданым, Пейли жакшы жайдарым! Көлөкөлүү майданым, Көөнү жакшы жайдарым! Букардын тоосу бурулуш, Бурулуп учат улуу куш. Бурулуп мага келе кот, Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!.. Кашкардып тоосу кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш. Кайрылып мага келе кет, Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..