Арадан үч ай өткөндө суук түшүп, кар жаап калганда Өскөнбай Сааданы алып келип алды, кирип-чыгып эрмек болуп алаксый түштү. Баягыдай апам кана дебей унута түшкөн, кээде гана эсине келгенде сурап калат, андайда Өскөнбай ага жооп берип калат:
- Апаң өтө алыста кызым, ал азыр келбейт.
- Эмнеге алыска кеткен ата?
- Иштери көп.
- Аа-а, - деп кайра алаксып калат, - Ата алма жей берсем болобу?
- Жей кой садага, сени жейт деп үзүп салып койгомун да.
- Апама дагы калтырабызбы?
- Ооба кызым.
- Таятамдыкына баралычы ата.
- Эмнеге кызым?
- Аякта деген Алина бар да, ойнойт болчумун.
- Эртең барасың.
- Азырчы?
- Мен жалгыз корком да.
27 сен 2024