@@TurdubekTeshebaev Ва алейкум ассалам! Бул өрүктү тиккен жылы эле мөмө берген, пол карлик Түркиядан келген көчөт. Жер таштак болчу, 7 соттук жерге 20 камаз топурак төктүргөм, калыңдыгы 40 кээ бир жерлери 30, 20 см эле болуп калган, асты таштак жер, балам экөөбүз зерикпей ар бир көчөт олтургуза турган жерди бир метрге чейин чукуп казып, энин 60/60 кылып казып, ордуна эки жылдык чиринди (кых, чөп, жалбырак, ж.б чириндилерди) салып анан өрүктү тиккенбиз, ошол эле жылы мөмөсүнөн ооз тийгенбиз, үчүнчү жылдан баштап мөмөсүн сатууга чыгардык. Талыкпас аракет м.н, ж.а Жараткан Алланын колдоосу м.н болуп жатат!
@@КубанычбекЖарматов-о8ь Ва алейкум ассалам. Ооба терип бүткөндөн кийин керек эмес бутактарды алып салып, мүмкүн болсо амафос или суперфасватты кошо салыш керек, койдун жүнүнө
Рахмат,таксыр багбанчылыктын узурун корунуз.Мен кокон гилас боюнча сураган элем,ошол боюнча кенениреек маалымат керек болуп атат,50 туптой кокон гилас бар,уч жыл болду уланганына, жакшы оспой атат
Кокон гилас 20 түп поликарлик Түркиядан келген, Кордия, Регина деген сортторду тиккенмин, бир бирин чаңдаштырат деп, 20 туртөн бардыгы жакшы мөмө берген жок, кээ бирлеринин мөмөсү жакшы шиңгил шиңгил болот, кээ бирлери азыраак эле мөмө берди, сатууга чыгара элекпиз, себеби масса аз, бышаарга жакын калганда канаттууларга жегизип алдык, Кудаа кааласа кийинки жылы жазда, калибири чооң чооң болгон Кокон гиластан улайбыз, канаттуулардан коргой турган ыкмаларды колдонобуз. Тууган Кокон гиластан астына койдун жүнү м.н кошо амафос кошо салып көргулөчу, күзгө чейин же күздө деле салсаң боло берет, чаңдаштыруучу сорттордон дагы бутагына улап көргулө, ачуу гиласты деле уласаң боло берет, чаңдаштыруу үчүн
@@gulsanasaidullaeva6889 Кандай сорт экенин билбейм, өзүм шабдоолу сорт деп койдум, себеби бул өрүктү көргөндөр шабдоолубу деп сурашат, жалбырагы өрүк, мөмөсүнүн көрүнүшү шабдоолуга окшош. Сатып алган клиенттер "шабдоолу болойун деп кайра өрүк болуп калыптыр да"… деп тамашалашты. Полукарлик Түркиядан келген көчөт
ЧАҢДАШТЫРЫШ керек (ОПЫЛЕНИЕ ).САРЫ КОКОН ГИЛАС аралатып эгиш керек,же болбосо БАРДЫК ТҮП ГИЛАСТАРДИН 1 ШАГЫНА САРЫ КОКОН ГИЛАСТАН УЛАШ КЕРЕК....ошондо ЧАҢДАШАТ....МӨМӨ бере баштайт...БИЛГЕН АДАМДАРДЫ ЧАКЫРЫП БУТАТЫП ТУРУШ КЕРЕК...