мен дагы манас жактырам мектепте айттырат мени мен сиздин обонузга окшотуп айтчым кобу сиздин манастарынызды айтышат азаматсыз баракелде ийгилике ашсын сиз чыныгы манасчысыз 💪👍👏
Атпай кыргыз элиңде, Ок, саадагы белинде, Калбыр өпкө, жез канат, Желдей күлүк минген ат, Кызыл кыргак колунда, Кармашкандын жолунда, Кийгендери кандагай, Кыймылдары шамдагай, Шалдыркан кисе байланган, Жоо жарагын шайланган, Касташкан калың жоо болсо, Кара барчын айланган, Балдары баатыр кыргыздын. Өрүүдө үйүн оңдошкон, Көчкөндө төөсүн комдошкон, Келеңгер чачпак, кең соору, Келини сонун кыргыздын. Кызылдан кийген күрмөнү, Кыркалай таккан түймөнү, Жаш кайыңдай буралган, Тал чыбыктай суналган, Кулачтап чачын тарашкан, Ак калпактуу, кызыл чок, Алганына жарашкан, Кызыл беттүү, кымча бел, Кыздары сонун кыргыздын. Белдемчисин байланган, Кыңкылдаган балдарга Кымыз менен сүт берип, Кыңырылып айланган, Кемпири сонун кыргыздын. Нарктуу сөздү шар айткан, Акыйкат кебин так айткан. Батасы журтту байыткан, Баарын билген тарыхтан, Карысы соонун кыргыздын. Телегейи теп-тегиз, Жери жакшы кыргыздын. Өзөгүн берген өз десе, Эли жакшы кыргыздын. Аргын кыргыз ичинде Отор малдан, жылкы көп, Оолуккандан тынчы көп. Солуп жаткан уйку көп, Жакасынан сырты көп, Жашыгынан курчу көп, Жан жыргаткан ырчы көп. Элдеринде салты көп, Экиленген марты көп, Арамдары көрсөткөн Алда канча дарты көп. Кара малдан төөсү көп, Карды салык бээси көп, Боз коёндон түлкү көп, Борсулдаган күлкү көп. Айбалтадан кылыч көп, Айранынан кымыз көп. Азганакай кыргызда, Аңдыша турган шыбыш көп. Карагай, кайың чери көп, Кабылан, жолборс, шери көп. Ак матадан манат көп, Атадан калган санат көп. Айтышканга чечен көп, Кайсы бирин айтайын Айтылбаган нечен көп. Арыгынан семиз көп, Жалкысынан эгиз көп. Тектиринде теке көп, Курбусунда кулжа көп, Адырында аркар көп. Ак көрпөсү булгундай, Аргымагы дулдулдай, Боз торгою булбулдай, Кара кыяк жылгындай, Кара кушу туйгундай. Булбулу сайрап таңшыган, Булагы агып ташыган, Булбулдун үнүн укканда, Муңдуу пенде жашыган. Торгою сайрайт чөлүндө, Бакасы чардайт көлүндө, Аркар, бөкөн, ак кийик, Аралашып төрүндө. Алмасы гүлдөп ачылган, Жемиши жерде чачылган. Көк шибери көйкөлөт, Сарымсагы жайкалат. Алабата, күдүрөк, Төөнүн жери Ала-Тоо. Бетеге белден жошулган, Бээнин жери Ала-Тоо. Жайлоосу жакын жанында, Жөөнүн жери Ала-Тоо. Жылтырган, шыбак аралаш, Койдун жери Ала-Тоо. Тамашага ылайык, Тойдун жери Ала-Тоо. Ала-Тоодой жер барбы, Кыргыз өңдүү эл барбы?!
Кайра - - кайра угам..... Аллах, кудай колдосун уй булон ду туугандары ды! Жаны проект кылабыз карындашым! Дагы бир жолу ТАЛАНТЫНА. ТААЗИМ карындашым! Сендейсупер жогору денгеелдеги талантардв кудайым ОЗУ КОЛДОЙТ.... А Биздин акчалай жардамыбыз бир туугандык, квргызчылык жардам..... Рахмат сага! Менин оюм СЕНИН аткаруунда 1 саат 22 минуттук Документалдык Фильм тартсак Деген оюм бар ... Уй булон менен бактылуу бол! Кыргызстанга барса сени табыш ка аракет кыла.м Мындай талант интернетти тебелеп Кетиш керек..... Мен жардам берем Колумдан келишинче...... Дагы бир жолу ТАЛАНТЫНА ТААЗИМ! Жан дуйно таберигин ушул бойдон сактасын! Рустамбек Москва БАЗАР КОРГОН.....
❤Бар болунуз Ширин абже сиздин Манастарынызды айтып орун алып мектептин сыймыгы болуп журом .Сиз Кыргызстандын сыймыгы болуп журо бериниз.Абже ишинизге ийгилик. ❤
Жумушта МОсквада кунуно 3 жолу укпасам ишим журвшпойт.... Кудай, АЛЛАХ КОЛДОГОН КЫЗ БУЛ КЫЗ КОЛДОП АЛАЛЫ КЫРГЫЗДАР!!! ДОКУМЕНТАЛЬНЫЙ КИНО ТАРТАБЫЗ 1 СААТ 22 МИН. МЕЖДУНАРОДНЫЙ СТАНДАРТ УШУНДАЙ ЭКЕН. СЕН КУЧТУУ РЕЖИССЁР ТАП..... КЫРГЫЗ БОЛСУН.... КАЛГАНЫН ЖОЛУККАНДА СУЙЛОШОБУЗ...... ИШИНЕРГЕ ИЙГИЛИК! КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ ДИН...... УЧЕНИГИ... РУСТАМБЕК ДЫЙКАН УУЛУ......