Ала Бука районунундагы Каз минералс Бозумчак компаниясы эмгекчилердин ден соолугун сактоо, иштоо шарттарын жакшыртуу, ондуруштук кырсыктарынын алардын алдын алууда “улгулуу ишкана” деп табылган. Мындан улам 23-март күнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлигине караштуу эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түштүк аймагы боюнча региондор аралык башкармалыгынын демилгеси менен Ала-Бука, Чаткал жана Аксы райондорунда жайгашкан тоо кен компаниялардын 20 чакты өкүлдөрү “Бозумчак” кен байытуу ишканасында болушту. Анын максаты кен казуу иштеринде жарандарын коопсуздук маселелери боюнча тажрыйба алмашуу болду.
29 сен 2024