Москванын Басман райондук соту чыгарган чечимге ылайык, шектүүлөр Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализода, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридуни 22-майга чейин камакта болот.
Райондук соттун басма сөз кызматы Мирзоев менен Рачабализода күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын билдирди. Сот залында тартылган видеодо, төртөөндө тең ур-токмоктун ачык белгилери байкалып турат. Биринин башы таңылса, дагы бири коляска менен сотко жеткирилген.
Инстаграм: / bbcnewskyrgyz
Вебсайт: www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук: / bbcnewskyrgyz
24 мар 2024