Нооруз-2021 кубогунун алкагында "Сары-Өзөн" жана "Ала-Тоо" командалары беттешип, "Сары-Өзөндөгү" ортонун "БТР" аты көпчүлүктү таң калтырды. “БТР” “Сары-Өзөнгө” келгенден бери жарытарлык оюн көрсөтпөй жаткан. Ортонун аты болгон “БТР” көпчүлүк учурда ортодон уттуруп аткан. 20-мартта “Ала-Тоо” командасы менен оюнда да ага эч ким үмүт байлаган эмес.
“Сары-Өзөндүн” ортодогу дагы бир аты “Краз” экинчи таймда “Ала-Тоонун” эки атына тең туруштук бербей баштады.
Экинчи таймдын аягында “БТРди” күтүүсүз жерден чабуулчу Рустам Тыналиев минип чыкты. Рустам “БТРди” бир сыйра камчылап кайрадан ортого салгандан кийин, ат башкача болуп баштады.
Андан соң Кубантай менен БТРдин оюну бир топко жакшырды.
Ал эми үчүнчү таймда “БТР” Ала-Тоонун эки атына тең туруштук берип, ортону ута баштады.
Барган сайын ал ортону каршылаштын “Нуркашка” жана “Чымкент” деген күчтүү аттарына такыр бербей калды.
Жыйынтыгында чечүүчү голду жаратып, “Сары-Өзөн” 5:4 эсеби менен “Ала-Тоо” командасын утуп, 3-орунду алды.
22 мар 2021