Түн ортосу, жылдыздар толуп, Жүрөгүмө махабат конуп. Капысынан айтың мага бир сөз: Калбасынчы сүйүүбүз соолуп. Саманчынын жолун карап, Саамай чачың салаалап тарап, Болдучу эми кетели дейсиң, Түн ортодон ооп барат. Кетиргим жок өзүңдү эркем, Жаратканым сени энчилеп берген. Жомоктордон издесем өзүңдү, Жолугарым акыры сезгем. Чоң жетиген жылдызың издеп, Таң чолпонум, ыр арнадым сиз деп. Коомайланып өзүңдөн чоочуй, Койдум мен да саамайың искеп. Түн ичинде экөөбүзгө эми, Керектир го махабат мээри. Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн, Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми. Алтын казык жылдызын кара, Айлуу түндө ыр арнадым сага. Менин сүйүүм көрүнөбү десем, Күлө карап жылмайдың мага. Үркөр-үркөр жылдызың кара, Үрүл таңда ыр арнадым сага. Биздин жылдыз гана тапчы десем, Күлө карап жылмайдың мага. Саманчынын жолун кара, Садагам ай, ыр арнадым сага
Азиреттен келдим .Аябай сонун ыр менин жаштыгымдагы ыр .Ушул ырды уккан сайын суйгон кызым эсиме келет кундо барып ырдап берет элем азыр башкага турмушка чыгып 5 балалуу болду уулунун атын менин атымды койгон
Кандай сонун ыр, керемет аткаруу! Ырдын мааниси, саптардын кайра-кайра кайталанбашы👍. Азыркы коп ырларда эле 4 сап ыр, 4 сап кайырма менен 1 ырды бутурушот, кайталап отуруп
Азиреттин эфиринен келдим. Достугунар туболук болсун. Соке менен Аташкадай эмес, Садыр менен Камчыдай достордон болгула. Ыр боюнча айтсам соз жок супер. Уну ото сонун бала
Азирет Осмоновтан.. Жон гана айтам саламым. Кубанычтын ырына суктанып уккандар аманбы.. Жакшы тилек жазгыла.. Дем куч берип Кубага... Алдыга бассын дагы да.. Жаратсын дагы ырлардан.. Коп коп угуп журолу.. Кубанычтын ырынан...
Бир Кыз кордум Бишкектин базарынан Бирге жургон коп кыздардын катарынан Канча жигин омурдон отоор экенкайгы тартып ал кыздын азабынан Капкарале каштары Тал тал эле чачтары Кызыктырат адамды Кылыктанып басканы Кыял сымал ар куну ай Кыйын болду тандын атканы Кумуш эле иймеги Гулдуу койнок кийгени Жалт караган карегинен жаралансам билгени Кимден сурайм Ким болот ай Ким болдукен анын суйгону Ал сулуу периби дейм басканынан Тушкондой бишкегимдин асманынан Кандай жигит алдынан тосоор экен Ысык колдун бул агын АК танынан Атаганат решение Анда сага тез эле Дон жай сурап болгуча эй Жоноп Кетти тез эле Жомоктогу перизат эй Жолуккан Кыз Ошол озуле Жолун бекем ал неге Базар деле жол деле Байкем амансызбы деп Башын ийкеп койдуле Коп адамдын ичинен эй Коз тийбесе сага болдуле А балким ал 18курагында Калаар бекен коп жигиттин убалына Жолун карап журомун Ошол бойдон Жол издеген жолоочу сыягында