Лук 9:53-54: "Бирок самариялыктар Иерусалимге бара жаткан Ыйсаны кабыл албай коюшту. Анын шакирттери Жакып менен Жакан муну көргөндө: «Теңир! Каалайсыңбы, асмандан от түшүп, аларды кырып жок кылсын деп айталы?» - дешти."
Лук 9:55-56: "Бирок Ыйса аларга бурулуп, тыюу салды да: «Ичиңерде кайсы рух бар экенин билбейсиңер. Анткени Адам Уулу адамдын жанын өлтүрүү үчүн эмес, куткаруу үчүн келген», - деди. Ошентип, алар башка айылга кетишти."
Жкн 8:39-40: "Ошондо алар ага: «Биздин атабыз - Ыбрайым», - деп жооп беришти. Ыйса аларга: «Эгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоңор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элеңер. Бирок азыр Мени - Кудайдан уккан чындыкты силерге айткан Адамды өлтүргүңөр келет. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес."
Гал 6:7-8: "Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот. Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат."
#библия #инжил #куткаруучу #машайак #падыша #теңир #ыйса #ыйыккитеп #ыйыкрух
21 сен 2024