Тёмный

КУНДО 2 ТАБЛЕТКАДАН МУМИЯ ЖЕП БАШТАНЫЗ. ДЕНЕНИЗДЕ ЭМНЕ БОЛУП ЖАТКАНЫН КОРОСУЗ. ТАН КАЛЫЧТУУ 

Жармагул Жармагул
Подписаться 46 тыс.
Просмотров 10 тыс.
50% 1

Мумия- эң эле өзгөчө жана табышмактуу дарылоочу касиетке ээ каражат. Анткени анын тийгизген таасири, дарылоодогу механизими анчалык деле түшүнүктүү эмес. Бирок, анын дарылоо касиетинин жогору натыйжалуулугу менен Байыркы чыгыш адабияттарында кеңири жазылган.
Мумия- өзүнүн химиялык курамынын пайда болушу абдан татаал жана белгилүу гана дүйнөнүн тоолорунан алынат. Бир нече аталышы бар. Асканын ширеси, тоонун каны, тоо бальзамы сыяктуу аталыштарга ээ. Түрлөрү да көп. Ал адам баланынын организминдеги торчолорду калыбына келтирет, кабылдап кетүүгө, токсиндерге каршы иштейт, мээнин иштешин жөнгө салууда дагы ролу чоң.
Анын курамына 28 химиялык элементтер, 30 кичи элементтер, 10 окси металлы, 6 амино кислота, бир нече витаминдер тобу жана эфир майы кирет. Элдик дарылоо медицинасында ар кандай оорулар үчүн кеңири колдонулуп келет жана натыйжалуулугу менен атактуу.
Мумияны пайдалануу ыкмалары:
Азыркы учурда дарыканалардын дээрлик баарынан эле мумияны ыңгайлуу жасалган таблеткаларын тапса болот. Таблеткалардын салмагы 0,2 граммды түзөт. Ал эми кабыл алуу өлчөмү бир күндүкү 0,3 грамм. Демек, 3 таблетканы эки күн колдонсоңуз болот. Мумияны күнүнө эки жолу кабыл алуу талапка ылайык. Эртең менен ачкарын, кечинде тамактанаарга 30 мүнөт калганда. Бул көптөгөн оорулардын алдын алат жана дарылайт. Ошондой эле сагыз сыяктуу жана суюк бальзамы да болот.
Күйүккө:
Жогоруда айтылгандай күнүнө эки маал таблеткасын ичип, ал эми күйгөн жерге суюгун сүйкөп колдоносуз. Ал үчүн бинтти бальзам менен нымдап алып күйгөн жериңизди таңып коёсуз.
Гемморойго:
Күнүнө эки маал таблеткасын ичип, дагы бир таблетканы 100 мл ысытылган өсүмдүк май менен аралаштырып мазь жасайсыз дагы көйгөйлүү жериңизге сүйкөйсүз. Уктаар алдында.
Кулактын угушу начарлаганда:
Күнүнө эки маал таблеткасын ичип, кулагыңызга уктаар алдында эки тамчыдан тамызып коёсуз.
Мурун канаганда:
Таблеткасын эки маал ичип, кечинде уктаар алдында мурдуңуздун ар бир тешигине 5 тамчыдан тамчылатыңыз.
Экземада:
Эки маал таблеткасын ичип, көйгөйлүү жерлерди алгач перекись водород менен тазалап, андан кийин жогорудагыдай мазь жасап сүйкөйсүз. Бул ыкманы бир жарым ай тынымсыз жасасаңыз экземадан толугу менен кутуласыз. Ал эми таблеткасын 20 күндөн эки жолу ичесиз. Ортодо 10 күн тыныгуу жасайсыз.
Мумия колдонуудагы сактала турган эрежелер:
Мумияны 40 градустан ашык ысытууга болбойт. Таблеткаларды кабыл алууда канатылып, муздатылган суу ичиңиз. Жарым стакан ичсеңиз да болот. Ар бир курс 10 күнгө ылайыкталган. Натыйжасына карап, ортодон 1 апта тыныгуу жасап кайрадан кайталасаңыз болот. Мумия менен дарыланууда спирт ичимдигине, коюу чайга, кофеге жана башка дары- дармектерди ичүүгө катуу тыюу салынат.

Опубликовано:

 

29 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 8   
Далее
FATAL CHASE 😳 😳
00:19
Просмотров 1,4 млн