КУРАНДАГЫ БАКТЫЛУУЛУК ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛГАН АЯТТАР
Жер бетинде адам баласы жаралгандан баштап анын көздөгөнү бир гана бактылуулук. Бактылуулук жолун издеп адам баласы кайда гана барбады? Бактылуулукка жетем деп эмнени гана кылбады? Ар бир адамдын басса-турса ойлогону, жан терин төгүп жанталашканы, уйкудан калса да талыкпай издегени - бир гана бактылуулук. Жаш-карысына карабай баарын бир тегиз ээрчиткен, адамдын бүткүл акыл-оюн ээлеп жанталаштырып издеткен бактылуулук жолу кайда? Адам кандай жашаганда, кайсы жолго түшкөндө бактылуулукту табат? Канткенде адам бактылуу болот? - деген сыяктуу суроолор азыркы күнгө чейин ар бир адамды ойлондуруп келет.
21 авг 2024