Тёмный

Курманбектин уулу « Сейитбек » дастаны. Атасынын өчүн алганы.  

Улукбек Токтоболот уулу
Подписаться 10 тыс.
Просмотров 43 тыс.
50% 1

#манасчы #комузырлары #дастан #манас #улукбектоктоболотуулу
Камбылдан туулган эр бала,
Кабылан мүнөз шер бала.
Каптаган жоосун өткөрбөс,
Калкына коргон чер бала.
Асылдан туулган эр бала.
Арыстан мүнөз шер бала.
Басташкан жоосун өткөрбөс,
Баарына коргон чер бала.
Кабагын чытып караган,
Кабыландай мараган.
Кабырга тому сөгүлөт
Каарына калган ар адам.
Астейдил салкын караган.
Арсыландай мараган.
Акылы кетет жайынан
Алдынан чыккан ар адам.
Айныбай жоого барбасам.
Азапты мыктап салбасам.
Алдымдан чыкса Дөлөн хан
Атамдын өчүн албасам.
Кырк жарат салып боюна
Кызыл канын жайбасам.
Көмөлөтө кулатып
Көөдөнүн жара сайбасам.
Жагылган отко кетпейби,
Жашымдан кылган далбасам.
Деп ошентип Сейитбек,
Кылкандай жоого тепчилип.
Кыргынды катуу баштады,
Кыйылып турбай тез кирип.
Туулгасы менен баш кетет,
Телтору кууса жеткирип.
Өкүрүп ыйлайт кээ бири,
Өлөөрүн мында кеч билип.
Туйгунуң жүрөт туйлатып,
Тушардан канды кечтирип.
Калмак кыргыз кармашып,
Кайра таң,кайра кеч кирип.
Турнага тийген туйгундай,
Туш тарапка сапырып.
Сексен бала Сейитбек
Селдей колду жапырып.
Кун кууган жалпы баатырлар,
Курманбек деп бакырып.
Акыл эсин жыйдырбай
Аламан жоону шаштырып.
Сеңирде турат хан Аккан
Сейитбек ишин жактырып.
Мурутун сылап жымыңдап
Муңун ачып каткырып.
Колуна буйрук кылды эми,
Калмака кир деп бастырып.
Эки миң аскер каптады,
Эченин жүндөй таптады.
Чоң майдан туман чаң болду,
Чоң өзөн аккан кан болду.
Чокусунан кан кетип,
Чоюн баш тийип дал болду.
Кылычты тынбай шилтешип,
Кыйланын колу шал болду.
Найзаны кармап суна албай,
Нечени жүрөт далдырап.
Энтигип кан жөтөлүп,
Эчени жатат жалдырап.
Бир жутум сууга зар болуп,
Бир тобу жүрөт шалдырап.
Бир колунан айрылган,
Бир тобу жүрөт балдырап.
Муну көргөн Дөлөндүн
Өзөгү сыздап оруду.
Сейитбектин астынан,
Бастырып чыгып торуду.
Атасындай жайлайм деп,
Акылын салып жоруду.
Курманбектин Сейитбек,
Кудуңдап көзү жайнады.
Кан Дөлөндү көргөндө,
Кан ичмеси кармады.
Арыстан шердей күркүрөп
Ашынып турат арбагы.
Эки шер жеке чыкты деп,
Эки жак тынып карады.
Эки жака тарады.
Элирген күлүк ат минип,
Экиден зоот кат кийип.
Телторуну теминди,
Найза учунан от күйүп.
Кан Дөлөндүн мингени,
Караладай ат экен,
Басташкан жоого киргенге,
Баштагыдан маш экен.
Алдырбас бүгүн намысты,
Эгерим болсо башы эсен.
Темингенде тулпарлар,
Туяктан учкун чачырап.
Темир тийген немедей,
Тердиктей таштар бачырап.
Алагар көздөн от тамып,
Азуусун чайнап качырап.
Ала салып кетсем деп,
Азыр жетип бачым бат.
Чаарала жолборс эки шер,
Чагылгандай тез жетти.
Ыргыта сайып кетмекке
Ыкчамдыгын тездетти.
Эки найза тең тийип,
Экөөсү тең энтигип.
Эңкейише түшкөндө,
Найзанын сабы жер чийип.
Намыс үчүн эки шер,
Кайраттанып эс жыйып.
Кайталап кайра сайышып,
Кас тулпар бели майышып.
Карс этип найза сынганда
Кылычын сууруй калышып,
Кырчылдаша чабышып.
Кыргыз калмак көрө албай,
Обого боппоз чаң учуп.
Оролгон опсуз чаң жутуп.
Шыңгырап кылыч түшкөндө,
Ат үстүндө кармашып,
Арыстандай арбашып.
Кылайып ооп түшүшүп,
Кыяктарын үзүшүп.
Буудандан ооп түшүшүп,
Букадай болуп сүзүшүп.
Аяктан торой чалышып.
Аябай шерлер алышып.
Ыңгайына келгени,
Ыргыта бирин калышып.
Бир убакта Сейитбек,
Белинен таптак көтөрүп.
Төбөдөн жерге кадады.
Кан Дөлөндүн турууга,
Кайрат күчү калбады.
Каңтарылып эки көз,
Качты бойдон дарманы.
Бала баатыр Сейитбек,
Басып жакын барганы.
Атамдын өчүн алдым деп,
Алкымына Дөлөндүн,
Акшамшар салып жайлады.
Мына ошентип Кан Дөлөндү өлтүрүп, хандын сөөгүн кордобой, каадасы менен көмдүрүп, элине кайтты Сейитбек,калың калмак көп журтун каалоосуна көндүрүп.
Сейитбек дастаны Улукбек Токтоболот уулунун варианты боюнча. 27,09,2023-жыл.

Опубликовано:

 

28 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 73   
@КынабуТурдалиева
@КынабуТурдалиева 4 месяца назад
Азаматсың ийгилик каалайм ❤
@user-ux7gf5ie9t
@user-ux7gf5ie9t 3 месяца назад
Азаматсың балам өнөрүң өркүндөй берсин алтыным!
@aigulalykulova123
@aigulalykulova123 11 месяцев назад
Улукбек Токтоболот уулу замандын жаштар арасындагы эн алдынкы мыкты ДАСТАНЧЫСЫ озу обончу токмо акын 🔥🔥🔥сыймыктанам ага бар болунуз ✊👍
@Adilet-r2m
@Adilet-r2m 7 месяцев назад
Бүгүн автобуска чогуу түшүп учураштык , сүйлөшүп келдик жөнөкөй сонун жигит экен.
@МырзаНуркалиев
@МырзаНуркалиев 10 месяцев назад
Улукбек Токтоболот уулу жаштардан чыккан мыкты дастанчыбыз. Аллахым омурун узун кылсын.
@ГулжанНиязалиева-э6к
@ГулжанНиязалиева-э6к 11 месяцев назад
Орконун оссун кыргыздын мыкты уулдарынын бирисин Бар бол!!!
@ДастанЖыргалбеков-м9ч
@ДастанЖыргалбеков-м9ч 10 месяцев назад
Ураа канча жерден издеп таппай койдум эле сизге рахмат Долонду олтурсо экен деп Сейитбек Мен озум Кирип Барчудай ич ичегим канырап турду эле Басылды 😊😊
@Рррррррроор
@Рррррррроор 11 месяцев назад
Басыз уруусунун,Камандарынан чон салам.Эн сонун дастан . Ар бир Кыргызга дем куч беретко Ар бир саптары. 👍👍👍👍👍
@erncnr
@erncnr 11 месяцев назад
Саламатсыңар бы? Мен Туркмун. Туркияда Каман деген район бар. Менин апамдын туулган жери. Кыргыз туугандарда Каман деген уруу бар екен. Өтө кызык екен. Туркиядан салам Кыргыз туугандар.
@baktyyar1990
@baktyyar1990 Месяц назад
Сонун сонун АЗАМАТСЫН...
@Iman.zheenbekov
@Iman.zheenbekov 11 месяцев назад
Бали байке бар болунуз Залкарым👍👍👍👍
@ULUKBEK_Akyn
@ULUKBEK_Akyn 11 месяцев назад
Камбылдан туулган эр бала, Кабылан мүнөз шер бала. Каптаган жоосун өткөрбөс, Калкына коргон чер бала. Асылдан туулган эр бала. Арыстан мүнөз шер бала. Басташкан жоосун өткөрбөс, Баарына коргон чер бала. Кабагын чытып караган, Кабыландай мараган. Кабырга тому сөгүлөт Каарына калган ар адам. Астейдил салкын караган. Арсыландай мараган. Акылы кетет жайынан Алдынан чыккан ар адам. Айныбай жоого барбасам. Азапты мыктап салбасам. Алдымдан чыкса Дөлөн хан Атамдын өчүн албасам. Кырк жарат салып боюна Кызыл канын жайбасам. Көмөлөтө кулатып Көөдөнүн жара сайбасам. Жагылган отко кетпейби, Жашымдан кылган далбасам. Деп ошентип Сейитбек, Кылкандай жоого тепчилип. Кыргынды катуу баштады, Кыйылып турбай тез кирип. Туулгасы менен баш кетет, Телтору кууса жеткирип. Өкүрүп ыйлайт кээ бири, Өлөөрүн мында кеч билип. Туйгунуң жүрөт туйлатып, Тушардан канды кечтирип. Калмак кыргыз кармашып, Кайра таң,кайра кеч кирип. Турнага тийген туйгундай, Туш тарапка сапырып. Сексен бала Сейитбек Селдей колду жапырып. Кун кууган жалпы баатырлар, Курманбек деп бакырып. Акыл эсин жыйдырбай Аламан жоону шаштырып. Сеңирде турат хан Аккан Сейитбек ишин жактырып. Мурутун сылап жымыңдап Муңун ачып каткырып. Колуна буйрук кылды эми, Калмака кир деп бастырып. Эки миң аскер каптады, Эченин жүндөй таптады. Чоң майдан туман чаң болду, Чоң өзөн аккан кан болду. Чокусунан кан кетип, Чоюн баш тийип дал болду. Кылычты тынбай шилтешип, Кыйланын колу шал болду. Найзаны кармап суна албай, Нечени жүрөт далдырап. Энтигип кан жөтөлүп, Эчени жатат жалдырап. Бир жутум сууга зар болуп, Бир тобу жүрөт шалдырап. Бир колунан айрылган, Бир тобу жүрөт балдырап. Муну көргөн Дөлөндүн Өзөгү сыздап оруду. Сейитбектин астынан, Бастырып чыгып торуду. Атасындай жайлайм деп, Акылын салып жоруду. Курманбектин Сейитбек, Кудуңдап көзү жайнады. Кан Дөлөндү көргөндө, Кан ичмеси кармады. Арыстан шердей күркүрөп Ашынып турат арбагы. Эки шер жеке чыкты деп, Эки жак тынып карады. Эки жака тарады. Элирген күлүк ат минип, Экиден зоот кат кийип. Телторуну теминди, Найза учунан от күйүп. Кан Дөлөндүн мингени, Караладай ат экен, Басташкан жоого киргенге, Баштагыдан маш экен. Алдырбас бүгүн намысты, Эгерим болсо башы эсен. Темингенде тулпарлар, Туяктан учкун чачырап. Темир тийген немедей, Тердиктей таштар бачырап. Алагар көздөн от тамып, Азуусун чайнап качырап. Ала салып кетсем деп, Азыр жетип бачым бат. Чаарала жолборс эки шер, Чагылгандай тез жетти. Ыргыта сайып кетмекке Ыкчамдыгын тездетти. Эки найза тең тийип, Экөөсү тең энтигип. Эңкейише түшкөндө, Найзанын сабы жер чийип. Намыс үчүн эки шер, Кайраттанып эс жыйып. Кайталап кайра сайышып, Кас тулпар бели майышып. Карс этип найза сынганда Кылычын сууруй калышып, Кырчылдаша чабышып. Кыргыз калмак көрө албай, Обого боппоз чаң учуп. Оролгон опсуз чаң жутуп. Шыңгырап кылыч түшкөндө, Ат үстүндө кармашып, Арыстандай арбашып. Кылайып ооп түшүшүп, Кыяктарын үзүшүп. Буудандан ооп түшүшүп, Букадай болуп сүзүшүп. Аяктан торой чалышып. Аябай шерлер алышып. Ыңгайына келгени, Ыргыта бирин калышып. Бир убакта Сейитбек, Белинен таптак көтөрүп. Төбөдөн жерге кадады. Кан Дөлөндүн турууга, Кайрат күчү калбады. Каңтарылып эки көз, Качты бойдон дарманы. Бала баатыр Сейитбек, Басып жакын барганы. Атамдын өчүн алдым деп, Алкымына Дөлөндүн, Акшамшар салып жайлады. Мына ошентип Кан Дөлөндү өлтүрүп, хандын сөөгүн кордобой, каадасы менен көмдүрүп, элине кайтты Сейитбек,калың калмак көп журтун каалоосуна көндүрүп. Сейитбек дастаны Улукбек Токтоболот уулунун варианты боюнча. 27,09,2023-жыл.
@ЫрысРазакова-е4с
@ЫрысРазакова-е4с 11 месяцев назад
Көз майынызды коротуп ушул жака жазып калтырган сизге дагы чоң рахмат
@НургазыАсанов-ь7э
@НургазыАсанов-ь7э 8 месяцев назад
Тайчыдан Тайчы бек арстан Тайчы деген дастанды айтышчу эле биздин чон аталар.
@BayamanEshenkulov
@BayamanEshenkulov 10 месяцев назад
ушундай дастандарды кобурок чыгаргыла туугандар балдарынар билсин урпагыбыз ким болгонун телефондон синий тракторду коюп бербей
@Чолпонбай-х9ц
@Чолпонбай-х9ц 2 месяца назад
Ушундай чыгаан, өнөрлүү ырчыбызды кыргыз мамлекет колдосо жакшы болот эле.
@ТурарбекАблакунов
@ТурарбекАблакунов 11 месяцев назад
Ассалам алекум, бар болунуз Агатай ✊✊
@KanigylJymasowa
@KanigylJymasowa 11 месяцев назад
Баракелде азаматсын онорун оркундой берсин ийгилик сага
@YrysBaiyshbekova-m2q
@YrysBaiyshbekova-m2q 11 месяцев назад
Курманбек баатырдан чыккан Сейитбек дастанын канча күттүм , өтө кубанычтамын 😍
@БакайЭркинбеков-ы9п
@БакайЭркинбеков-ы9п 11 месяцев назад
Чоон рахмат сизге комуз менен дастан терме айтканынызда бир орунга туралбай калам
@КалыбекБегалиев-п5ю
@КалыбекБегалиев-п5ю 11 месяцев назад
Баракелде баракелде дагы кутобуз чыгармпларды!
@КелечекМатазимов
@КелечекМатазимов 11 месяцев назад
Китебин каерден таап окусак болот
@КынабуТурдалиева
@КынабуТурдалиева 4 месяца назад
Көптөн бери өкүнүч болуп жүрөт элем мына эми эс алдым бар бол кагылайын
@tynystantynystan2264
@tynystantynystan2264 5 месяцев назад
🔥🔥💣💣👍
@Ormon02
@Ormon02 11 месяцев назад
Керемет
@АдылИмаров
@АдылИмаров 3 месяца назад
Небереси хан шырдак Жана боз жоргосу жонундо да чыгарсанар улукбек иним
@СыргакМурзакаримовк
@СыргакМурзакаримовк 10 месяцев назад
Эээээ бали азамат, бар бол.
@Kyrgyz_potriot
@Kyrgyz_potriot 11 месяцев назад
Азаматсыз мен бул дастанды көп күттүм
@niyazbekibrayimov1456
@niyazbekibrayimov1456 11 месяцев назад
Жоодарбешим дастанын да айтып чыксанар
@МырзаНуркалиев
@МырзаНуркалиев 10 месяцев назад
Ал вариантында жекеме жеке чыгышып, биринчи кезекти Сейитбек бергенде Аккан аябай чыйпылыктап санаага баткан да. Эчен жоо менен кармашкан карт бору баланы майып кылбаса экен деп. Туруп берген донгочту Ким деле болсо сайбайбы деп. Туучунак аты менен качырып келип хан Доолон сайганда, тайып тийсин найза деп, кокурогун буруптур. Алдындагы телтору бурала тушуп онолуп, анардай болгон Кызыл жуз кубара тушуп онолуп.кокурогун бурганда найза тайып чийип кеткен да.
@user-kaddafe
@user-kaddafe 11 месяцев назад
Ракмааат аябай коп куттум
@Baktyiar-x5w
@Baktyiar-x5w 3 месяца назад
Сейитбек атасынын очун алып калмактын баарын кырыптырбы
@СултанбекШамитов
@СултанбекШамитов 10 месяцев назад
Нурсейит Акбала дастанын
@user-kaddafe
@user-kaddafe 11 месяцев назад
Аллахым онорунузго береке берсин бали
@АзисбекАсыранов
@АзисбекАсыранов 11 месяцев назад
Толук чыгарсанар жакшы болот эле
@03ase
@03ase 7 месяцев назад
Мына. катылган 1 жоо Кыргызга нечен. кол салышкан Калмактар. баатырлар кубалап. чыккан. Кыргызстанда азырда журот Кытайдан келген Калмактар. Кытайга баргыла
@ТынчтыкбекМ
@ТынчтыкбекМ 9 месяцев назад
5
@syimykbolotbekov1828
@syimykbolotbekov1828 11 месяцев назад
🇰🇬🇰🇬✊✊
@МырзаНуркалиев
@МырзаНуркалиев 10 месяцев назад
Анан Сейитбек кезегин алганда, качырып келип зооттун ачык жери кекиртегине сайып жыккан да Доолонду. Зооттун ачык жери деп, Коко тамак кулкундун бузуп отоор кези деп бала баатыр найзасын шилтеген да.
@Arzuubek_Kalyev96
@Arzuubek_Kalyev96 11 месяцев назад
Эн сонун Курманбек дастанын коп укчумун акыры олгонун укканда журок сыздачуу Сейитбектин Доолонду олтургону жыргаттыго таза ох ох ох баракелде байке 😊
@Adilet-r2m
@Adilet-r2m 7 месяцев назад
Бүгүн эле автобуста кезигип учурашып сүйлөшүп келдик Улукбек экөөбүз. Жөпжөнөкөй , зымырайган нукура кыргыздын жигити экен!
@БекназарЖолдошбекуулу
Жаным эми тынч алды Курманбектин олумуноно каным кайнап калды эле
@gulnaratokonova8828
@gulnaratokonova8828 7 месяцев назад
Жигит Аллахым колдосун иним оомин Кыргыз
@КазыбекТумашов
@КазыбекТумашов 11 месяцев назад
Дагы толук ырдап чыгынызчыыы
@Анаркул-я3с
@Анаркул-я3с 11 месяцев назад
Ооба
@barataliev
@barataliev 11 месяцев назад
Ооба чыгарышын күтөбүз👍
@ЖылдызШергазиева
@ЖылдызШергазиева 11 месяцев назад
Жаштан чыккан мыкты онорпоз иним, сендей уулдар менен сыймыктанабыз.✊✊✊
@КудайбердиДавлаталуулу
Салам алейкум кандайсыз аке толгу менен чыгарынчы
@saturn23.
@saturn23. 11 месяцев назад
Ормон ханды Дастан кылып чыгарса болобу
@ULUKBEK_Akyn
@ULUKBEK_Akyn 11 месяцев назад
Болот негизи.
@saturn23.
@saturn23. 11 месяцев назад
@@ULUKBEK_Akyn чыгарып корбойсунорбу чындамсыздык менен кутобуз
@АбдулБишкек
@АбдулБишкек 2 месяца назад
Азамат
@Aaaaaaa-rg4vd
@Aaaaaaa-rg4vd 2 месяца назад
Керемет
@НиязбекДоолотов
@НиязбекДоолотов 8 месяцев назад
Сейтбектин уулу Хан шырдакты чыгар
@АнаркулИбраева-ж9р
@АнаркулИбраева-ж9р 11 месяцев назад
Онорун оркундой берсин баракелди азамат
@ГалмуратМамажанов-ц8й
@ГалмуратМамажанов-ц8й 11 месяцев назад
БААРОК АЛЛО
@СнбСнб-п5ы
@СнбСнб-п5ы 6 месяцев назад
Курманбек Манас бабананын чоборосуда
@syimykkadyraliev708
@syimykkadyraliev708 11 месяцев назад
Аябай күттүм эле 😢👍🏻👏💪😎
@СултанбекШамитов
@СултанбекШамитов 10 месяцев назад
АК БАЛА дастанын башынан акырына чейин аткарып берсениз
@ТынчтыкбекМ
@ТынчтыкбекМ 9 месяцев назад
Баракелде,денсоолук,ийгилик.
@saidildaabdyldaev
@saidildaabdyldaev 11 месяцев назад
Байке толук чыгарынчы
@saidildaabdyldaev
@saidildaabdyldaev 11 месяцев назад
Байке качан чыгат
@6erdi6ekov-id2fi3zd5y
@6erdi6ekov-id2fi3zd5y 11 месяцев назад
Машалла❤
@jumadilkanatbekov1802
@jumadilkanatbekov1802 11 месяцев назад
Сейиттин уулу Шыпшайдар качан чыгыат😢❤
@saidildaabdyldaev
@saidildaabdyldaev 11 месяцев назад
Шыпшайдар каапыр мергенго сеймттин баласы эмес
@Чуке-г7к
@Чуке-г7к 9 месяцев назад
Какими кыпчак шырдакбек шырдакбёктен колчокбек колчокбектен токтомуш андан кийинкиси жармы кытай жарымы Таджикистан жерлер чон империя болунуп кеткен 1кылымда 3 муун откон заман болгон Елена 1жагы таджик 2 жагы Китай токтомуш молдонун атынан калган деп уканым барреле
@jumashkadyrov2110
@jumashkadyrov2110 11 месяцев назад
Азаматсыз!!!
@БайэлКалдаров-к1п
@БайэлКалдаров-к1п 11 месяцев назад
Тоолугун чыгарынчы сураныч!
@toktogulkanatova4371
@toktogulkanatova4371 11 месяцев назад
Кыргыз элинин залкар дастанчысы
@Thnchtyk_Mir_Isjam.9870
@Thnchtyk_Mir_Isjam.9870 11 месяцев назад
Азамасын❤
@janny7379
@janny7379 11 месяцев назад
Азаматсын!!!
@oigonupjasha1342
@oigonupjasha1342 11 месяцев назад
Чоң рахмат ишиңизге ийгилик ❤
@МырзаНуркалиев
@МырзаНуркалиев 10 месяцев назад
Мен бала кезде Сейитбектин башка варианте окугам. Жарымы эрТоштуктун уулуЖоодарбешим, жарымы Сейитбек кенже эпостору эле
Далее
Аалы Туткучев"Тулпарлар"
14:07
Help Me Celebrate! 😍🙏
00:35
Просмотров 29 млн
Meni yerga urdingda
00:20
Просмотров 375 тыс.
“Арстанбектен алп саптар”
12:53
КУРМАНБЕК БААТЫР БАЯНЫ!!!
10:30
Просмотров 160 тыс.