Текст:
"Кусалык"
Карегимди жашы кылып жамгырдын,
Канча күттүм арасында
ай-жылдын.
Какшап жетпей калганымды билсең да,
Карааныңды бир көрүүгө зар кылдың.
Кайырма:
Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым, кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сай да бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшош бир да жылдыз таба албай.
Кайырма:
Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн,
Ашыктыктын азабына күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Кайырма:
Сөзү: Шайлообек Дүйшеев
Обону: Майрамбек Осмонов
Эрлан Салбаровго тийиштүү ссылкалар:
/ erlansalbarov_official
/ @erlansalbarov
Студия @EltrMadaniyat каналынын "Эркиндик 122" көрсөтүүсүнүн студиясы.
"Эркиндик 122нин" көрсөтүүлөрүнөн ссылка:
Асел Сыдыкова менен маек
• Кутудагы Жылдыз сен б...
Алымкадыр Бейшеналиев менен маек
• Алымкадыр Бейшеналиев ...
Айнура Сагынбаева менен Байра Толгонайдын маеги
• ЭлТР каналы Айнура Саг...
Замира Молдошева менен маек
• Замира Молдошева жана ...
16 апр 2022