Капалыкты кайгыны жойсо дедим Көңүлүмө жарыгы толсо дедим Бой таштаган мен үчүн бийиктикте Болочогум атамдай болсо дедим Кайырма: Кубанычтан толкундап ыйлап алам Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам Баркын билип мен дагы түгөйүмдү Башымды ийип атамдай сыйлап алам Бийик кылган жашоомдо ордум дедим Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим Түн бир оокум жалбарып жаратканга Түбөлүгүм атамдай болсо дедим Жалыныма отума күйсө дедим Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим Жамандыктан кайгыдан алыс кылып Жан шеригим атамдай сүйсө дедим
😭😭😭😍😍😍 Альхамдулиллах менин жолдошум атамдай мыкты инсан Атам энекеме кандай мамиле кылат. жолдошум мага да ошондой мамиле кылып жатат ❤️Эн кызыгы атамдагы Жыпар жыт Жолдошумда бар😭
Менин атам бул дүйнөдөн кеткенине 17 жыл болду.Мен да ойлой берем атам болгондо жашообуз башкача болот беле деп.Неси болсо да жараткандын буйругу экен. Бирок Кудайга шүгүр апабыз жаныбызда ошонусу да шүгүр.Аллахым апама узун өмүр берсин ошону эле тилейм Кудайдан🤲
Биздин атабыздын кеткенине быйыл 26-жыл болуптур. Синдим 8-айлык кыз болчу. Атабыз болгондо апам бизди багам деп кыйналбайт эле. 😥😥Азыр баарыбыз чоноюп турмуш жолундабыз
Сиздики 18 жыл болсо ,мен азыр 30га чыктым ..атакем 3 классымды отуптур..бала экенмин анча эсимде жоок ..бирок эртен менен чачымды оруп мектепке жоноткону эч эсимен чыкпайт ,атасыз оскон башкача ..ким болсо да мээрим куто бересин ..бирок ...
Мынча сонун ыр уккан сайын уккун келет ко ❤️❤️❤️❤️💕💕💕💕💕 аталарыбыз аман болсун апаларыбыз менен бирге 💕💕❤️❤️❤️❤️❤️🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥ырга соз жок ар бир кыздын тилеги бул❤️ Болочогум атамдай болсо дедим!❤️ Башымды ийип атамдай сыйлап алам💕
Молодец Гулзат ! Дагы да ушундай сонун ырларды жарата бер! Кызсайкал сонун ырдапсын молодец! Бактылуу болгула сулуулар,ишинерге ийгилик! Ушундай жакшы чыгармаларды жарата бергиле🔥👍👍💋💋
Сен бактылуу болуунв татыктуусун кызым. Жашоодо ойдо томон болуп турат. Сенин атан Кабыл апан Тамара сени ушундай кучтуу кыз кылып баккан. Ырын ото маанилуу ыр экен. АЗАМАТСЫН КЫЗЫМ. Кочкор Атадан бир аяш эненмин.
Ырларды жакшы тандайсын...авторлор да создун берметтерин тандашкан.баарына ийгилик,калеминер курчуй берсин!!!Ар бир ырын журоко жетет.Бактылуу бол,эч качан ыйлаба!!!