Тёмный

Кыргызстанда жашайсыңбы - кыргыз тилин билишиң керек | tilimpoz | Накта Подкаст 

BISHKEK NEWS
Подписаться 111 тыс.
Просмотров 46 тыс.
50% 1

#кыргызстан #кыргызтили #нактаподкаст #tilimpoz
Салам достор, бизде жаңы чыгарылыш! Коногубузда жаш филолог, “Тилимпоз” социалдык долбоорунун негиздөөчүсү Тилек Нурдинов болду. Тилек мырза менен биз кесипти кантип тандоону, туура жазууну, туура сүйлөөнү, мамлекеттик каржылоону, ЖРТ тести боюнча, тилди санариптештирүү жөнүндө, тилдин маанилүүлүгү жана улут менен динге байланышы боюнча сөз козгоп, мыкты баарлашуу кылдык! Бул чыгарылыш өзгөчө болуп эргүү менен бүттү. Жагымдуу көрүүңүздөрдү каалайм!
Башкы оператор: Бошкоев Алихан
Экинчи оператор: Азамат кызы Айдана
Үчүнчү оператор: Усенбаев Бекназар
Үн-режиссеру: Садык уулу Кайрат
Монтаждоочу: Анаркулов Нурсейит
Калыктоочу : Бактыбеков Аскат
Мобиграф: Бекташев Адахан
Жардам берген досубуз: Мохов Антон
Автор:
Анаркулов Нурсейит
Эгер сизге чыгарылыш жакса, лайк басып, бизге катталганды унутпаңыз!
Эгерде бизге колдоо көрсөткүңүз келсе:
MBANK (1030120219741105)
Optima (4169 5853 5127 5820) NURSEIIT ANARKULOV
Нурсейиттин соц тармактары:
instagram: nurseyit_po...
tg: t.me/naktapodcasterr
Тилек: tilekbolom?...
Тилимпоз: tilimpoz?ig...
По вопросам сотрудничества писать на nursiphone@gmail.com
00:00 Анонс
01:30 Кыргыз тилине болгон ынтызарлык
02:56 Конокто бүгүн ким?
03:56 Эмнеге филология? Эмнеге кыргыз тили?
08:50 Кесипти тандоо
11:11 "tilimpoz" кантип пайда болду?
18:46 Билим берүү министрлигине кайрылуу
22:04 Туура жазуу жана туура сүйлөө
28:10 Кыргыз тили эмне үчүн керек?
32:46 Бардыгы өнүгүү тилден башталат
43:02 Башка тилдерди да билүү керек
46:08 Тил менен улут
50:46 Эмнеге биз улуттарга бөлүнөбүз?
52:05 ЖРТнин жообун алуу үчүн кыргыз тилин талап кылуусу
58:25 Биздин тил илимдин тили боло алабы?
01:02:35 Тилди санариптештирүү жана каржылоо
01:09:12 Мамлекеттик каржылоо. Акча эмне үчүн керек?
01:14:38 Азыркы замандын талабы. Медианын маанилүүлүгү
01:17:38 Краудфандинг маданияты бизде жок
01:22:11 Колдоо көрбөй чет мамлекетке кетип жатат
01:27:27 Тил үчүн дагы канчасы өлүш керек? Тил - элибиздин келечеги
01:38:02 Тил менен дин. Арапташып кеттикпи?
01:44:46 Биздин тил - мусулман тили болуп саналат
01:54:11 Ар кайсыл кесиптин өзүнүн адиси бар
01:56:40 Бизди кантип колдосо болот?
01:59:36 Сизге ыраазычылык!

Опубликовано:

 

31 май 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 646   
@naktapodcast
@naktapodcast Месяц назад
Бизге колдоо көрсөткүңүз келсе: MBANK (0708090623) Тилимпозго колдоо көрсөткүңүз келсе: MBANK (0505990335) 4177 4901 6007 0795
@daniyardjumanov2879
@daniyardjumanov2879 Месяц назад
Тилектей патриоттор көбөйө берсин ,мыкты жигит экен. Кыргыз элим колдойлу ,аз болсода 200 сом которуп койдум . Көп түкүрсө, кол болот демекчи.
@Eliys11
@Eliys11 Месяц назад
Герб деген сөздүн кыргыз тилине котормосу "тамга" болот окшойт.
@kyrgyz_history
@kyrgyz_history Месяц назад
​@@Eliys11гимн-эл ураан
@user-ib2fd4ux1l
@user-ib2fd4ux1l Месяц назад
Баракелде .омурун узун болсун Тилек кыргызстанымда сага окшош балдар кобойушсун осушсун.бар болсун кыргызстаным бай болсун❤
@user-oy3pz9fz5i
@user-oy3pz9fz5i Месяц назад
Кочодогу корнок жарнактарды кыигызча жазбайсынарбы азаматсынар балдарым омурлуу болгула оркунунор оссун коп балдарды озунорго тартып тушунук бергиле
@eldiyarmaksatbekov6742
@eldiyarmaksatbekov6742 Месяц назад
Келиниздер ким тилимпозду колдоп,каржылык корсотом дегендер жактыруу белгисин басабыз.Он мин адам 200 сомдон которсок 2 000 000 болот экен.
@user-fm1sx6yp7g
@user-fm1sx6yp7g Месяц назад
Урматтуу САДЫР НУРГОЖОЕВИЧ! Ушул ТИЛЕКТИН ДОЛБООРУН КОЛДОП КОЙСОҢУЗ🙏🙏🙏 Үй сурагандарга үй бербеңиз, уй сурагандарга уй бербеңиз ТИЛГЕ акча бериниз, акча бөлүңүз. Тил бар демек, кыргыз бар.
@Aktilek2003
@Aktilek2003 Месяц назад
Не менен колдош керек
@user-fm1sx6yp7g
@user-fm1sx6yp7g Месяц назад
@@Aktilek2003 акча каражаты менен колдош керек
@Aktilek2003
@Aktilek2003 Месяц назад
@@user-fm1sx6yp7g канча бериш керек
@aidard3737
@aidard3737 Месяц назад
@@Aktilek2003 чыгарылышты толук кордунбу? эмне менен экенин баамдай албай атасынбы?
@user-js7xd2nj8j
@user-js7xd2nj8j Месяц назад
Ю​@@aidard3737
@user-dp9tl8tu6l
@user-dp9tl8tu6l Месяц назад
Тилек менен Нурсейит бини бирине окшош экен, биздин ушундай жаштарыбыз менен сыймытанышыбыз керек!
@user-sz5br2sc4h
@user-sz5br2sc4h Месяц назад
Мейли да , коншусуна окшобосо эле болду главный. 😒
@zarinam_k
@zarinam_k Месяц назад
Кыргызстанда ушундай жигиттер болсо кыргыз тили өлбөйт
@user-op8lq1ou4e
@user-op8lq1ou4e 29 дней назад
Бул жигиттер 110пр туура айтат
@user-op8lq1ou4e
@user-op8lq1ou4e 29 дней назад
Улутун кыргыз болгондон кийин оз тилини 200 тилини билишин керек
@user-op8lq1ou4e
@user-op8lq1ou4e 29 дней назад
Азаматсын 110пр патриот жигит экенсин
@jhombyrkotaksorgankazakh
@jhombyrkotaksorgankazakh 26 дней назад
Кандай олот эгер 5 миллион адам болсо? Озбектерди тилге уйротобуз деп чон чалдар кемпирлерден кыргыз тилин талап кылганынар озу мыйзамдуу эмес. негизи алар торолгон убакытта кыргызча эч ким уйроткон эмес баары орусча суйлоп аткан. кыргыз тилин жаштардан талап кылсанар болот.
@user-xk8ep2mu9p
@user-xk8ep2mu9p Месяц назад
Кыргыз тилине эбейгейсиз салым кошуп келип жатат
@user-dn6uk9xz5s
@user-dn6uk9xz5s Месяц назад
Туура🫡🦅
@Manifestor22
@Manifestor22 Месяц назад
Урматуу коручулор 100сомдон болсо дагы , колдоп койолу , 10,000 коручу 100 дон 200сом которсо жигитерге , чон жардам болот , коп тукурсо кол болот демекчи , Бир Кам кор кылып койолу , куч биримдикте 🤲🏻 Быссмылда Деп 300 сомдон которуп койдум, кудай Буюрса кообурок которгон кундор буюрсун 🤲🏻
@user-jd3co8bv6f
@user-jd3co8bv6f 23 дня назад
Созсуз колдойбуз!
@user-zx2hi6sb7o
@user-zx2hi6sb7o Месяц назад
Азаматсың, сендей уулдарыбыз турганда Кыргызстаныбыз өнүгөт.
@user-kl2th5ri7o
@user-kl2th5ri7o Месяц назад
Урматтуу Садыр Нургожоевич, ушундай жаштарды тез арада колдобосок, абалыбыз кейиштуу болот, кудайга шугур, ушундай жаштарыбыз бар экен, келечегибизге умут пайда болду, кагылайын эл журт бийлик кыймылдаганча, озубуз да салым кошолу, коп тукурсо кол болот, демекчи, дараметтуу эр жигиттерибиз да коп, алар да элдин келечеги учун каражаттарын аябас, азаматтсыздар мырзалар, ишинерге ийгилик, буюрса баары жакшы болот, келечек жаштардын колунда
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k Месяц назад
Аиий жигиттер мен ушунчалык эргуу менен уктум силердин маегинерди. Абдан сонун создорду уктум. Азаматсыздар. Бизде, кыргыз тилин ойлогон жаштар бар экенине абдан суйундум. Сиздерге ийгилик гана каалайм. Кыргыз тили онугуп осуусуно жаштардын салымы чон. Сиздердей жаштар кобойсун. Акыркы 3,4 жылдан бери мени ойлондурган, биздин кичинекей балдарыбыздын жалан орус тилинде суйлоп, орус тилинде ойлонуп калгандары, абдан кыжаалат кылат. Сиздерди коруп, демек кыргыз тили кайра калыбына келет деген чон умутум бар. Жигиттер, бар болгула, чон, чон ийгиликтерди жарата бергиле. ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
@user-cy7nz8mj4v
@user-cy7nz8mj4v Месяц назад
Ушундай жаштарыбыз бар тилибиз жоголбойт деп ишенем! Тилек азаматсын иним! Оркунун оссун!
@PROTeam-ec2wt
@PROTeam-ec2wt Месяц назад
Тилимпозду колдойбуз🙏
@lacataka6741
@lacataka6741 Месяц назад
Мыкты бала экен, кыргыз тилине, элине чон салымын кошкон👍👍🙏
@user-wr4ro6pq1w
@user-wr4ro6pq1w Месяц назад
Улут болсоң тилиң менен улутсуң!
@islam-qt9pe
@islam-qt9pe Месяц назад
Кудайым ыраазы болсун ! Мээнетиниздерди эми тушунуп жатам (жеке озум ) сиздерге рахмаат !
@islam-qt9pe
@islam-qt9pe Месяц назад
бир да токтотпой 2 жолу паткасты толугу менен кордум
@user-nn5io3wc2w
@user-nn5io3wc2w Месяц назад
Азамат жигит экен, келечектеги окумуштуу Нобель сыйлыгынын лауреаты, чыгаан инсан катары тааныйбыз
@user-dz4ho9ws4o
@user-dz4ho9ws4o Месяц назад
Эне-тилим ыйык тил!!! Тилибизди сүйөлү🇰🇬💖 Кыргыз тилибиз, Кыргыз элим онүксүн!!! Азаматсыңар👏👏👏
@Ainazik505
@Ainazik505 Месяц назад
Накта-подкаст жана тилимпоз , чогу биргеликте иштеп онуго бергиле! Куч бирдикте❤️
@manasshukuraliev5735
@manasshukuraliev5735 Месяц назад
Тилимпозду баардык тараптан колдоо керек Айына жок дегенде 200-1000сом
@user-dj5nn3wb4m
@user-dj5nn3wb4m Месяц назад
Рахмат иним сендей кыргызды жигиттери көп болсун кыргыз тилин Кыргыз коргобосо башка улуттун эли коргобойт
@zhaansham2056
@zhaansham2056 Месяц назад
Ай сайын 100-200с колдоо жөнөтсө болот, айтып, сурансаңар болот. Донат болуу ар бирибиздин колубуздан келет
@ultk9941
@ultk9941 Месяц назад
Тилибиз керек. Уят, эң байыркы эл болуп туруп Орто Азияда тили эң кордолгон болдук. Боордош өзбек, казактар тилин сыйлашат.
@user-ne2fy2bj9z
@user-ne2fy2bj9z Месяц назад
Казактар ни как Орус болуп кетишкен
@user-hb2ts5eb3r
@user-hb2ts5eb3r Месяц назад
​@@user-ne2fy2bj9zКазактар ЖАКШЫ эле аракет кылып атат,Оз тилин дамынтканга.Казакстанда орус коп,бизде орус аз,калбай калды десе болот.Бирок МАЛ болуп ОРУСЧА чулдрап,Уруп,Моороп журобуз.
@user-cy6sp1yj9j
@user-cy6sp1yj9j Месяц назад
Азаматсың,сендей жаштарыбыз коооп болсо,патриот болсо,илимдүү, билимдүү жаштарыбыз өлкөбүздү өнүктүрүп, өстүрөт эле❤
@syimykorozaliev2769
@syimykorozaliev2769 Месяц назад
Кыргыз тили менин тилим Кыргыз эли менин элим Тил жоголсо эл жоголот ,эл жоголсо мекен жоголот . Мекенсиз Адам унсуз булбул!
@user-qw1ul8ci8v
@user-qw1ul8ci8v Месяц назад
Давайте поддержим ребят, с миру по нитке каждый минимум по 1 сому. Личный вклад каждого в наше будущее!
@user-fu1mu3ou4m
@user-fu1mu3ou4m Месяц назад
Тилимпозду колдойлу, туугандар.Тилибиз жоголсо , улутубузду жоготобуз.Кандай акылдуу балдарыбыз бар,кыргызча таптак сүйлөсө кандай гана жагымдуу,көркөмдүү угулат,азаматсыңар
@user-pe1qv6pp6f
@user-pe1qv6pp6f Месяц назад
Бул адам өз кесибинин чыныгы адиси катары дароо көзгө урунат. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошууңузга тилектешмин
@user-co6rm7ne5e
@user-co6rm7ne5e Месяц назад
Бул жигитке суктандым , сыймыктандым , азаматсын !!! Кыргызмын деген журогунон сенин ❤ ❤❤
@user-dz2ue9zz1o
@user-dz2ue9zz1o Месяц назад
Мен ушул подкаст көрүп дагы да кызыгып калдым тилге Кыргыз🇰🇬 тили менин тилим, Кыргызстан🇰🇬 менин мекеним, Ислам☪️ дини менин диним 😊👍👍👍
@user-xh2lc2md3y
@user-xh2lc2md3y Месяц назад
Ээ баракелдеее, эн мыкты тилчи жигит экен . Токтобо иним биз сен менен . Тилибиз бар элбиз👏👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-rn8vj6my5o
@user-rn8vj6my5o Месяц назад
Оой азамат,ушунчалык берилуу менен суйлодун,оз кесибинди ачык суйоорунду,кыргыз элине куйоорун созун айгинелеп турат Бактылуу омурлуу бол,алга алга,алгалай бер жигиттин гулу.
@user-zt8os6xo8x
@user-zt8os6xo8x Месяц назад
Кыргызстандын келечеги зор Кудай буйруса
@gulkarboz8153
@gulkarboz8153 Месяц назад
Азыркы учурда Кр да кыргыз тилде сүйлөө мода. Бир кыргыз орусча сүйлөгөндө жек көрүү менен карап калышты👍
@user-gw8ow7jc7n
@user-gw8ow7jc7n Месяц назад
Акылынардан айланайын силердин силердей жаштар бар кыргыз,тил баары өнүгөт колдоо корсотөлү
@deltaforce8861
@deltaforce8861 Месяц назад
Азаматтар!!!Кыргызстанда жашаган адамдар созсуз кыргыз тилин билиш керек!
@user-cd6hb7ub3k
@user-cd6hb7ub3k Месяц назад
Тилимпоз аркылуу, мен дагы көптү үйрөндүм. Балдар ушунчалык азаматтар экен, ой жүгүртүүсү аябай таң калтырды.
@omurguierk5018
@omurguierk5018 Месяц назад
Азаматсын ! Силердей Кыргызымдын уулдары барда Кыргызстан онугот
@Bghjgf
@Bghjgf Месяц назад
патриот жигит экен жаш болсо да кенен ойлонгон ушундай жаштарыбыз көп болсун
@user-cz5cr3lu6x
@user-cz5cr3lu6x Месяц назад
суктандуруу сезим , сыймыктануу сезим бундай жигиттерди коруп . Кайра кайра кыргызча суйлогун келет
@user-fr9vv1se4y
@user-fr9vv1se4y Месяц назад
Бундай деген сөз жок кыргызда. Мындай деп айтылат. Жаштар көп сөздөрдү өзгөртүп, кыскартып сүйлөшөт, ооба деген созду оа дешет, дагы ж.б.коп сөздөрдү.
@pokesyrgabai
@pokesyrgabai Месяц назад
Мен биринчи жолу видеонун бирдагы секундасын откорбой кордум. Бул баланын бир созу, созунун бир тамгасыда ашыкча суйлобоптур, баардык созунун мааниси аябай тушунуктуу экен.👍Азамат, буюрса кыргыздын келечеги бар.😊
@user-qw1ul8ci8v
@user-qw1ul8ci8v Месяц назад
Мое субъективное мнение, такие видео круто поднимают уровень осознанности и уровень гражданской идентичности! Чон рахмат.
@shahrizadaabdikarimova7859
@shahrizadaabdikarimova7859 22 дня назад
Баламды быйыл мектепке берем.Орус тилдуу же кыргыз тилдуу мектепке берсемби деп бир чечимге келе албай жатканмын.Аллахым насип кылса балдарымдын баарын кыргыз тилдуу мектептерге беребиз🇰🇬
@user-ig9dj8qm7z
@user-ig9dj8qm7z Месяц назад
Коррупция кучтуу болуп элдин баары Россия Америка Европа иштеп кетти😢Эми кытай тилди уйронгуло деп анткени завод фабрика кытайдар келип куруп жумуш берип атат..кыргыздар тарап кетти окшойт Оз тилин билбей калды 😢
@user-nx1ez4ry4k
@user-nx1ez4ry4k Месяц назад
Азамат жигит экен, кыргызда ушундай балдар коп болсо экен.
@Salamat.koMUZchu
@Salamat.koMUZchu Месяц назад
Бул не деген керемет бала
@user-hj2ee7wv2d
@user-hj2ee7wv2d Месяц назад
Азаматсын! Сыймыктына турган кыргызга куйгон жигит экенсин. Колдоо керек!
@user-zx2hi6sb7o
@user-zx2hi6sb7o Месяц назад
Мен инстаграмга кирбеген үчүн, бул баланын жасаган иштерин эми уктум. Ушундай инсандар менен тааныштырган Накта подкастка рахмат.
@user-ug1iv7yb7r
@user-ug1iv7yb7r Месяц назад
Бул менин класташым болот ,чоогу окуганбыз ,Кыргыз тил адабият сабактардан жакшы окучу!
@gulkarboz8153
@gulkarboz8153 Месяц назад
Ушундай чыныгы патриот жаштарыбыз бар, кыргыз элинин, тилинин келечеги кең жана жаркын👏
@ainurka-ef1ks
@ainurka-ef1ks Месяц назад
Ушундай Дили, жан дуйносу Кыргыз "-деген жаштарыбыз кобойсун!!!Биз сиздердей жаштарыбыз менен сыймыктанабыз.
@user-ks3uj2gl1d
@user-ks3uj2gl1d Месяц назад
Азамат бала экенсиңер айланайын балдарым, акылыңар тунук, жараткан өмүр берсин, иштериңерге ийгилик берсин, оомийн!!!
@sardarkainarbekov9100
@sardarkainarbekov9100 Месяц назад
Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым
@user-vn7dr6zu7e
@user-vn7dr6zu7e Месяц назад
Аябай кызыктуу маек болуптур,коруп алып козумо жаш келди,келечек муундарыбыз эмне болот?😢😢😢Азыркы убакта жаш балдарыбызды кыргызча суйлоп уйротпой тескерисинче орусча уйротуп же англисчеге берип же ал тилди же бул тилди жарытпай калды.Ооба башка тилди да уйронсун бирок озубуздун эне тилибиз жоголуп бараткандай.Ата энелер айрыкча уйдон уйротуубуз абзел.Тилибиз жок,улутубуз да жок.
@user-nd4yj5vt7m
@user-nd4yj5vt7m День назад
Эң сонун! Кыргыздын мыктыларынын катарын толуктаарыңызга шек жок🔥
@user-zx2hi6sb7o
@user-zx2hi6sb7o Месяц назад
Кудай буюрса мамлекет да түшүнүп, колдоо көрсөтөр учур келет. Мекенчилдик сезимиң менен алдыга жыла бер. Биринчи тилчи окумуштуубуз Касым Тыныстанов да өз учурунда колунан келген мүмкүнчүлүгү менен тилге салым кошкон. Мектепте аны сыймыктануу менен окутабыз. Кудай буюрса сени да замандын агымына жараша тилге салым кошкон тилимпоз деп окутабыз. Бийликке эч капа болбой алдыга жыла бер.
@ainurabegalieva6630
@ainurabegalieva6630 Месяц назад
Эн туура,Азаматсын ! Кыргыз тили жоюлуп кетсе,мамлекетибиз жок болот Бишкекте жашаган орустар такыр тилин бербейт Озбектер да ошондой,анткени алар оз мамлекетин жоготкусу келбейт Келечектеги муундары мамлекети жок ар кайсы олкого кор болушун каалабайт Баары эле акча дешип,КЫРГЫЗ УЛУТУнун келечегин ойлогондор ото аз Балам сага жана командана ийгилик,Жаратканым колдосун!!!
@user-xe4mq3jc8k
@user-xe4mq3jc8k Месяц назад
Ушунчалык конул жайына келди ,кыргыз тилинин жолу ачык экен
@user-ow4zd3ym6w
@user-ow4zd3ym6w Месяц назад
Балам эн жанынды урогон мекенчил экенсин. Кудай таалам омурунду берсин. Ойлогон иштерин ишке ашсын. Айланайын деп жалынып койгонун эле сонун экен. Мыкты соз байлыгын кенен.
@user-yq5bp8ug9b
@user-yq5bp8ug9b Месяц назад
Азамат жигит экенсин,керемет,кыргызда кыргыздын сендей жигиттери коп болсун
@Aktilek2003
@Aktilek2003 Месяц назад
Кыргызды кыргыз коргойт 7 млн аз көбөйөйлу 50 млн болойлу сонун болот❤❤❤
@jamilaaslanbekova312
@jamilaaslanbekova312 Месяц назад
Кыргыз болгонума СЫЙМЫКТАНАМЫН❤❤❤❤❤❤
@saidakasmambetova1325
@saidakasmambetova1325 Месяц назад
Азамат , мыкты жигит экен! Мен адамдардын кыргыз тилинде туура эмес жазгандарын, суйлогонун коруп ичим ачышат. Эне тилин билбеген , элин суйуп жарытпайт .
@user-qd8qg5qc4b
@user-qd8qg5qc4b Месяц назад
Ар бир кыргыз көрүшү керек болгон подкаст👍👍👍 ийгилик силерге💪
@user-uw9gd3gc1p
@user-uw9gd3gc1p Месяц назад
Азаматсың Тилек ,сендей бал тилдүү Кыргыздын жигиттери көбөйсүн,жок дегенде 15,20 болсо ошолор ар бир киргиздердин намысына тийип кыргызча сүйлөй албагандарды судуроп кыргызча үйрөтүп,келечегибиз тууралуу ойлонолу,Бактылуу бол балам ,сага кошуламын..
@user-vl1rn6hl4x
@user-vl1rn6hl4x Месяц назад
Ушундай элим,жерим,улутум деген уулдарыбызды Кудай өзү жөнөтөт бизге,мен ошондой деп тушуном.Кыргыз деген журогундон,тилегинден айланам!!!Тенирим колдосун сени!
@user-rh7cp7qz9w
@user-rh7cp7qz9w Месяц назад
Сонун, азаматсынар. Кыргыз тилибизди сыйлайлы, урматтайлы, Кыргызстаныбыз онуккон мамлекет болуп, биздин тилде дуйно жузу суйлосун
@user-id5pi7we1s
@user-id5pi7we1s Месяц назад
Мен ойлойм Тилимпозго жаны долбоор катарында Бир китеп кыргыз нукура аттар жонундо жазып чыкса жана ичинде ар жылы жаны мааниде ат табып биз баардыгы кыргыз жараандар колдонсок катуу жана чон тилдик политика болот Деп ойлом
@Fubbyg
@Fubbyg Месяц назад
Тарыхты дагы, тилди дагы, мамлекет туралуу дагы билип алдым, мыкты чыгарылыш😁
@user-sd6jl5mt7u
@user-sd6jl5mt7u Месяц назад
2 саатык видео ну 25 мунотто коруп буттунорбу? 😅😅
@user-zm4ti2uf6p
@user-zm4ti2uf6p Месяц назад
Кыргызча сүйлөш керек бардык улуттар.
@baiaman_bobulov.
@baiaman_bobulov. 21 день назад
Рахмат жигиттер. Кыргыз тилине болгон сүйүүбүздү ойготконунар учун. Колдойбуз буйруса.
@aygerimzhusupova
@aygerimzhusupova Месяц назад
Бали, Тилек мырза бар болуңуз
@user-tw3mz1zv7s
@user-tw3mz1zv7s Месяц назад
Азаматсынар балдарым тилди онуктуруу сиздерге окшогон патриот жигиттерди колдоо керек тил маданят министрлиги ушундай жигиттерге мамлекеттик денгелде колдоо корсотуп койсонуздар эн сонун жолунар ачык болуп ишинер ийгиликтуу болуп тилди онуктурбосок келечек кыйын болуп калат ошондуктан кыргыз мамлекетинде жашайсынбы кыргыз тилинде суйлоп сурамжылоо кылсак кууда кааласа тилибиз маданятыбыз онугот.жараткан колдосун силеди 🤲🤲🤲.
@user-fk4gf1rf4r
@user-fk4gf1rf4r Месяц назад
Керемет, тилиңден булактан суу оргуштап чыккандай,сөздөрүң кулагыма өтө жагымдуу угулду!!!
@aselasel2223
@aselasel2223 Месяц назад
Азаматсынар, Кыргыздар биз өзубүз бири бирибизди колдобойбуз.эмне учун ?? Өкунучтуу... Бири бирибизди кемсинтебиз..."карапайым " деген сөзду эмнеге колдонобуз...кыргыз качан карапайым калк болгон ?? Уулуу нарктуу барктуу калктанн .."карапайым" калкка айландык ... Ар бир сөзгө маани берип суйлөсөк...
@samuraiyamamoto-fg2cv
@samuraiyamamoto-fg2cv Месяц назад
Тилек мыкты жолдо баратыпсын, жолундан кайтпа !🤝
@maksstartv1814
@maksstartv1814 Месяц назад
Подкаст өтө сонун болуптур, сунуштайм! башка тилди үйрөнүүнү эч ким тыйбайт, биринчи орунда кыргыз тили турушу керек! Ар бир кыргызстандык кыргыз тилин билүүсү милдеттүү кыргызча сүйлөсө бул чон жардам.
@tosya28
@tosya28 Месяц назад
Мыкты жигит экен Ушундай балдар министр болуш керек
@user-lg5lt5np4e
@user-lg5lt5np4e Месяц назад
Эң туура айтасың,даярдадык.дегенди,дайындадык дешет,бул сөздүн мааниси дайындадык деген бир жумушка бир адамды дайындадык десе туура болот
@user-dn7pm2fz7j
@user-dn7pm2fz7j Месяц назад
МашАЛЛАХ кадамыңызга береке.
@user-mj9nu2cb9f
@user-mj9nu2cb9f Месяц назад
Азамат жигит экен.)) Тилегинизге жеткирсин кудайым.
@voyagerpubgmobile9301
@voyagerpubgmobile9301 Месяц назад
Ушундай жаштара суктанап, мыктысынар жигиттер!
@aigulbegalieva-px4df
@aigulbegalieva-px4df Месяц назад
Балам Тилек азаматсын,бар бол, омурун узун болуп,ден соолукта бол.Сенин ишин да,оюн да Жаратканга жага турган эмгек,кыргыздын баары сендей ой жугуртсо ишибиз алга жылмак,,Оз агасын агалай албаган,бироонун эшигин сагаалайт ;-болдук да,эх чиркин оз тилибизди барктай албадык.Бирок сендей улуту учун куйгон жаштар кобойсо, сен айткандай ата эне ойгонсо,буюрса тилибиздин келечеги кен,ушунундан жаспа,кайра кучо.Мен кош колдоп колдойм❤ Экоон Мелис Мураталиев жана Суйунбек Касмамбетов ,Туголбай Казаков менен бирге иш алып бара турган экенсинер.
@user-wv3xt1hg1p
@user-wv3xt1hg1p Месяц назад
Ушундай азаматтар менен сыймыктанабыз!
@bermetakmatsiaeva8079
@bermetakmatsiaeva8079 Месяц назад
Эн мыкты Кыргыз экениме сыймыктанам,
@user-sf1lm4oh9v
@user-sf1lm4oh9v Месяц назад
Азамат патриот жигит экен. Ишиңерге ийгилик.
@GylnizaToichybekova
@GylnizaToichybekova 22 дня назад
Биздин кыргыздардын мээсине орус коланизаторлору синирип салса керек орус улуу Эл тилинин бай тил ,кыргыз эли карангы,тилинин жарды кыргыз тилинин менен оспойсун деп ошон учун Оз тилибизди суйлоодон басынабыз,тартынабыз,кемсинеб из!
@sanasanova7405
@sanasanova7405 2 дня назад
Тилек АК жолун ачык болсун!!! БАР бол!!!
@user-fg4mz5fk3s
@user-fg4mz5fk3s Месяц назад
Баракелде , мыкты кыргыз болушубуз керек бардыгыбыз.бул жумушту биз кылбасак бизге четтен бироо келип жасап пербейт.
@oddiyinson1416
@oddiyinson1416 Месяц назад
Assalomu alaykum. Qirg‘iz ag‘alarim. O'zbekistondan. Biz birmiz🤝🇺🇿🇰🇬
@user-cz8bn7sk5g
@user-cz8bn7sk5g Месяц назад
МаашаАллах. Аллахым өмүрүнө, акылыңа береке берсин. Өтө акылдуу инсан экенсиң. Кудайым колдоп ишиңди ийгиликтүү кылсын.
@user-tk3gf6mk6r
@user-tk3gf6mk6r Месяц назад
Баракелде эмне деген соз болгон азаматсын иним эмкинин Касымы Арабаеви Жусубу экенсин аман бол ишине ийгилктер болсун абдан враазы боллум тилибиз эмне болот деп ойлонуп журот элем духту которуп койдун чыраагым 👍👍👍👍👍👍👍😍😍😍😍
@nuraiemilbekova1359
@nuraiemilbekova1359 Месяц назад
Чон аталардай аябай суйлойт экен жаш болсо да 👏 Азаматсын 👍
@bermetzhusupova8127
@bermetzhusupova8127 Месяц назад
Азаматсынар балдар, силердей балдарыбыз турганда кыргыз эли жоголбойт . Мен да силерди мамлекеттин колдоосунда деп билчүмүн,көрсө жанылып жүрүптүрмүн. Мындан ары бекер укпай,көрбөй анча мынча болсо да колдоо көрсөтөм
@gulnisapole5844
@gulnisapole5844 21 день назад
Кандай акылдуу балдарыбыз бар!!! Кудайм жардам берип, Кыргыз Элим тушуно билип жана колдонуп силердин ыкмаларынарды Мектептерге киргизишсин!!!!❤❤❤
@user-on4wm5xc2h
@user-on4wm5xc2h Месяц назад
Ииий секеттер, Азаматсыздар,ушул окшогон Жигиттерди колдоп-коштойлук,келечектеги Эр Азаматтар!!!Кудайым колдосун, Кыргызстан буйурса 1орунга чыкса экен🤲🤲🤲🤲🙏🙏🙏🙏
@user-xe4mq3jc8k
@user-xe4mq3jc8k Месяц назад
Айылдарда аз эле карылар калды,ошолор кееде эски создор менен суйлойт,сурап оздору жонокой создор менен тушундуруп берет,карасаевдин создугунода катталбаган ошолорду кайра чогултуп калуу керек
@nagimamaksatbekova5847
@nagimamaksatbekova5847 Месяц назад
Кумар оюндарынан баш тартканыңар жакшы болуптур. Бирок силерди Жараткан колдойт, жакшыны жайылтсаңар. Аллах үчүн бир нерсени таштаганда, Аллах андан жакшысын берет
@kauharmusaeva2970
@kauharmusaeva2970 Месяц назад
Мен тилимпоз баракчанарга 2 жылдан бери катталуучумун ❤
@user-lk6qw5yx8d
@user-lk6qw5yx8d Месяц назад
Азаматсыз Тилек мырза,бир гана алга👏🏻👏🏻👏🏻 Мекенибиз,кыргыз тилибиз өнүгүп-өсө берсин🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@hatiraasanovna2482
@hatiraasanovna2482 Месяц назад
Учугубузду улай турган уулдарыбыз бар экен шугур
Далее
The Worlds Most Powerfull Batteries !
00:48
Просмотров 8 млн