Бул видеодо Кыргызстан Азрети Муфтийлердин тизмеси корсотулгон
-----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Мамлекетибиздеги мусулмандардын 1-Курултайы 1991-жылы өтүп, Кимсанбай ажы Абдурахманов Азирети Муфтийлик кызматына шайланган. Андан кийинки Курултай 1996-жылы 26-декабрда өткөрүлгөн. Курултайда Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи болуп Молдо Абдусаттар Мажитов шайланган. Молдо Абдусаттар аксакал өтө билимдүү аалым, кичи пейил, көп шакирттерди тарбиялаган жөнөкөй киши болгон. 2000-жылдын 8-апрелиндеги Уламалар Кеңешинин жыйынында өз арызынын негизинде сый-урмат менен ардактуу эс алууга чыгарылган.
2000-жылы кайрадан Уламалар Кеңешинин жыйынында Кимсанбай ажы Абдурахманов Азрети Муфтий болуп шайланып, кызматта 2 жыл 4 ай иштеген.
2002-жылдын 10-август күнү Уламалар Кеңешинин жыйынында Мураталы ажы Жуманов Азрети муфтий кызматына шайланып, 2003-жылдын 20-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын II-Курултайында Азирети муфтий кызматына бекитилген. Мураталы Жуманов 7 жыл Азирети муфтийлик кызматын аркалап, кайрадан Уламалар Кеңешинин чечими менен муфтийликке шайланып, 2009-жылдын 25-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын III-курултайында Азирети муфтийлик кызматына бекитилип, 2010-жылга чейин эмгектенген. 2010-2012 жылдары Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп эмгектенген.
2012-жылы Уламалар кеңешинин чечими менен Азирети муфтийлик кызматына Рахматулла ажы Эгембердиев шайланып, 2012-жылдын 15-декабрында Кыргызстан мусулмандарынын IV-Курултайында расмий бекитилип, 2014-жылга чейин иштеген. 2014-жылы Аалымдар Кеңешинин чечими менен Азирети муфтийлик кызматына Максатбек ажы Токтомушев шайланып, 2014-жылдын 4-мартында Кыргызстан Мусулмандарынын V-курултайы менен расмий бекитилген. 2017-жылдын 4-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын VI-Курултайы өтүп, анда Азирети Муфтийлик кызматына кайрадан Максатбек ажы Токтомушев расмий бекилген.
#КыргызстанМуфтийлери
#МуфтииКыргызстана
Главы Духовного управления мусульман Кыргызстана
Кимсанбай ажы Абдурахманов (199?-1996)
Молдо Абдусаттар Мажитов (1996-2000)
Кимсанбай ажы Абдурахманов (2000-2002)
Мураталы ажы Жуманов (2002-2010)
Абдышукур ажы Нурматов (2010)
Суйун ажы Кулуев (2010)
Руслан ажы Жумагулов (2010)
Чубак ажы Жалилов (2010-2012)
Рахматулла ажы Эгембердиев (2012-2014)
Максат ажы Токтомушев (2014-2021)
Жоробай ажы Шергазиев (2021)
23 авг 2024