Салтанатуу иш-чара Чуңкурчак жайлоосунда өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда болуп өттү. Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, “Ынтымак” фестивалы, каз-катар тизилген боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланып, улуттук спорт жана ат оюндары менен коштолду.
1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңеш Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алып, Кыргыз Республикасын көз карандысыз эгемендүү демоктратиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган.
26 сен 2024