Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Динара Ошурахунованын иши каралды. Отурумда судья күбөлөр Өндүрүш Токтонасыров менен Азиза Абдирасуловадан орусча көрсөтмө берүүнү талап кылды. Бирок алар кыргызча көрсөтмө бере турганын айтышты. Жыйынтыгында судья кыргызча сүйлөөгө уруксат берди. Сот Ошурахунованы “Майда бейбаштык” беренеси боюнча актап, бирок "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" беренеси боюнча отурумду 25-мартка дайындады. 17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгып, аларды милиция кармап кеткен.
_________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
17 мар 2022