Керемет эн сонун 👌ушул жигит ооруп атты эле мен бардым эле дворец спортто кайрымдуулук концерти болду эле , ким билет ушул жигит жонундо азыр кайда ??? Асель Касмакунова окусан жооп берип койсон ??? Эн мыкты аткаруучулары Кара Жоргонун 👍
СИЗ БАШКА БАЛАНЫ АЛМАШТЫРЫП ЖАТАСЫЗ! АСЕЛЬ МЕНЕН ЭЛМУРАТ ЖАКШЫ ЖҮРҮШӨТ! ЫРДАП БИЙЛЕП, КҮҮЛҮ-КҮЧТҮҮ. ЖЫЛУУ СӨЗДӨРҮҢҮЗГӨ ЧОҢ РАХМАТ! СИЗГЕ ДАГЫ ИЙГИЛИК КААЛАЙБЫЗ!
Ооба бул “Кара-Жорго” бийи - Калмактардыкы. Моңол тилдүү элдер: Дахур, Дунху, Моңол (Монгол), Буряттар, Ойрот, Халмых (Калмык) эч-бирөө бийлешкен эмес. Алгачкы биринчи болуп Кыргыз музыканттары мыкты оранжировка жасап көркөмдөп алып чыкты, андан кийин башка түрк-тилдүү элдер колдоп, ырдап-бийлешип “Мировой-Бренд” кылышты. Казак, Өзбек боордошторго рахмат, Кыргыз музыка ыр-бийлерин жакшы оранжировкалап аткарышат. Жалпы орток ыр-музыка, бий боло берсин. АБЛАС. РАСУЛдин. - Кыргызстан.
Бабалардын баскан жолун, кыял максат бүткүл оюн Комуз кылы күүгө айлантты эчендеген сонун-сонун эй! Жигиттердин ашыгындай, жорголордун басыгындай, Комуз күүсү кандай сонун асманда айдын жарыгындай эй! Каныңа күч таратат, бийиктикти саматат, комузду күүсү кыргыздың эй алга сүрөп баратат. Бабалардын аянындай, айкөл Манас баянындай, Комуз күүсүн медер тутат ар бир кыргыз жакынындай эй! Карыянын акылындай, жашыл төрдүн салкынындай Жан дилинен эргип угат жан дүйнөнүн азыгындай эй! Каныңа күч таратат, бийиктикти саматат, комузду күүсү кыргыздың эй алга сүрөп баратат. Бабалардын баскан жолун, кыял максат бүткүл оюн Комуз кылы күүгө айлантты эчендеген сонун-сонун эй! Жигиттердин ашыгындай, жорголордун басыгындай, Комуз күүсү кандай сонун асманда айдын жарыгындай эй!