Тёмный
No video :(

Кыргызча минус караоке НАЗИРА тексти менен / Т.Бектурганов 

Ыркесе
Подписаться 94 тыс.
Просмотров 64 тыс.
50% 1

🎵 Таалай Бектургановдун "Назира" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
🎤ТААЛАЙ БЕКТУРГАНОВ - Назира ырынын үнү бар (плюс) варианты • ТААЛАЙ БЕКТУРГАНОВ - Н...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #таалайбектурганов #назира #yrkese
======================================================
"Назира"
Сөзү, обону: Таалай Бектурганов
Аткаруучу: Таалай Бектурганов
=========================
Сен тартынбай мага карачы,
Колуң сунуп колум кармачы.
Түбөлүктүү болуп мен менен,
Көп кыйнабай менин санаамды,
Көп кыйнабай менин санаамды.
Кайырма:
Мен суранам, сенден суранам,
Сен кайрылсаң абдан кубанам.
Колтукташып сен менен басып,
Алкымыңдан ай мен жыттасам.
Түшүнбөдүм сенин оюңа,
Бере албадың каттын жообун да.
Жүрсөң керек сен да кыйналып,
Ойго батып, сарсанаага,
Ойго батып, сарсанаага.
Кайырма:
Оо, менин сүйгөнүм, Назира,
Жүрөгүмдө жалгыз сен гана.
Кармашып колубуз дайыма,
Калсынчы, садагам Назира,
Калсынчы, садагам Назира.

Опубликовано:

 

5 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 12   
@Yrkese
@Yrkese 2 года назад
🎵Таалай Бектургановдун "Назира" ырынын караокеси тексти менен. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
@user-bd1eb6uj7i
@user-bd1eb6uj7i 7 месяцев назад
Жолдошум армияда журуп ушул ырды кундо тамактанганы баратып ырдашат экенда😅 анан ээ эми Назира деген кызга уйлонуп калбасак эле болду деп суйлогон экенда, бактысына мен Назира болуп калсам болобу😅😂. 1жыл эмес эми омур бою ырдап өтөтко чиркин😂😂😂😂
@user-kd9zu9vm4h
@user-kd9zu9vm4h 5 дней назад
Сонун ❤
@user-su4ye7gi5s
@user-su4ye7gi5s Год назад
Неге ушундай таланттуу адамдарды кудай эрте жанын алат
@user-en5nb3uc9c
@user-en5nb3uc9c Месяц назад
Кудай албайт. Кудай,жашоо берет
@user-su4ye7gi5s
@user-su4ye7gi5s Месяц назад
@@user-en5nb3uc9c омурду кудай берет кудай алат унутпа
@user-cv4hg6dt4q
@user-cv4hg6dt4q 2 года назад
Сонун, ырдаган.
@republic9199
@republic9199 2 года назад
Турар Кожомбердиевдин "Түнкү серенада" ырын Мелис Элебесовдун аткаруусунда сураныбыз.
@Yrkese
@Yrkese Год назад
Ыр каналга жүктөлдү
@naziraezembaeva9372
@naziraezembaeva9372 6 месяцев назад
Менин ырым Назира
@areddddffss2412
@areddddffss2412 Год назад
Сунам ыр десте
@emilkaraev3354
@emilkaraev3354 9 месяцев назад
😂🤣
Далее
MILLION JAMOASI 2024 4K
2:17:51
Просмотров 11 млн
Таалай Бектурганов - Назира
3:25