Урматтуу Түгөлбай агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздей мекенчил, чыгаан, мыкты уулу бар кыргыз элинин багы бар, келечеги бар! Сиздей билимдүү, таланттуу, мыкты адамдарыбыз көп болсун агай! Бар болуңуз, өмүрлүү болуңуз, бактылуу болуңуз! Кыргыз элине талыкбай эмгектене бериңиз! Сизге ийгиликтерди каалайбыз агай! Улутман берүүңүз үчүн жана жаштарды алып чыкканыңызга терең ыраазычылык билдиребиз! Кыялбек агайдын керемет ырлары жазыла берсин! Акын уул кыздарга ийгиликтерди каалайбыз! Силердей акындар бар жашоо керемет! Чоң рахмат сиздерге жаштар керемет сонун ырларыңар улансын, бийиктесин, элдин жүрөгүнөн орун тапсын! Бар болуңуздар акындар!
Казаков Туголбай агайыбызга абдан чон раазычылык билдиребиз. - Улутман - беруусу учун, бул берууго биздин акындарыбызды чакырып жалпы Эл менен тааныштырып, жакшы ырларын, чыгармаларын угузуп, жарандарыбыздын ой толгоосун жанылап, жашоого жана жаратылышка болгон мамилесин же суйуусун арттырып, ушундай бир сонун жолугушууларды уюштурганына дагы коп ирет рахматыбызды айтабыз. Агай сиз озунуз суйлогондо да ошол айткандарыныз дароо таамай так элестетилет. Бар болунуз.
Улутманды көргөндө эс алам. Түгөлбай агайдын алып барганы кандай сонун. Башкалар бир сааттык берүүгө алты, жети киши чакырат да коногуна суроо берип алып кайра оозунан сөзүн жула качып, бээ жөнүндө сүйлөп жатып эле төөгө өтүп кетип, аа бээ бүткөн турбайбы десең бир аздан кийин кайра бээни айтып чарчатышат. Болбосо чакырган жети коногунун ар бирин жөн коюп эки саат сүйлөтсө да зериктирбей турган залкар адамдар болот. Убара кылып чакырып алып жаңы эле сонун бир нерсени айтып баштаса сөзүңүз оозуңузда деп бөлүп салышат. Кайра сөзү оозунда калды эле деп эстеп да коюшпайт. Телефон чалууларды кабыл алышса ал көрсөтүүнү көрбөй эле коюш керек. Анткени телефон чалуу бар экен, кабыл алып коёлу деп жатып конокторду таптакыр сүйлөтпөйт. Ошол телефон чалгандын авторитети коноктукунан өйдө чыгып кетет. Сен сүйлөбөй калсаң эч нерсе эмес, кокуй телефон чалып жаткандарды угушубуз керек деп. Алып баруучунун деңгээлин деңгээл деген сөз менен да айта албайсың. Мына, Түгөлбай агай деле бир саатта ушунча кишини кенен эле сүйлөтүп жатат го. Бар болуңуз, агай! Сиз мен сыйлаган эки адам болсо ошол экинин бирисиз.
Туголбай ага сизге чоон ракмат,ден соолукта болунуз,акындар менен болгон маегин из мага аябай жакты,озгочо билим беруу министрине кайрылганыз эн туура болду,Алтынбек белгилегендей мектеп программасын толугу менен озгортуу бугунку кундун талабы,озунуз белгилегендей жумушчу комиссия тузулуш керек.Сизге омур ишинизге ийгилик каалайм.
Түкө , өтө сонун идея ,сиздин мектеп реформасы тууралуу мурунку берүүлөрүңүздөгү сонун идеяңызды министрге жеткизиңиз .Мен да Тез кабарды алып барган Атакулга айткым келип кыжаалат болчу элем.Сизге рахмат, ар бир берүүлөрүңүз баа жеткис, бардык жагынан .
Рахмат Түгөлбай ага бар болуңуз.Сизди учурдагы эл үчүн кызмат кылган эл үчүн күйгөн ак сакал инсандар катарында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары билебиз.Кудайым өмүрүңүзгө береке берсин.
Интернеттеги чала сабаттар эмес ушул эле КТРКда да алып баруучулар жарымы орусча, жарымы кыргызча сүйлөшөт. Аларды тескеген эч ким жок болгонуна таң калам. Казактарды карасаңар кичинекей балдарынан бери таза казакча сүйлөшөт, орусча кошпойт. А бизде өткөндө "Сен мыктысыңга" бир кичинекей Баткендик бала келип кыргызча акцент менен сүйлөп жатат. Баарынан да апасына сөз берсе баласы жөнүндө айтып жатып "Кызыгы баламдын тили орусча чыкты" деп мактанат. Бир орус жок жерлерде балдарыбыздын тили орусча чыгып жатса, аны келесоо энелери мактанып айтып отурса, кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп айлык жеп отургандар кайсы эшекти такалап жүрүшөт. КТРК азыркы жарымы кыргызча, жарымы орусча фильмдерди көрсөтпөшү керек. Маанисине мен тийишпей эле коёюн. Жок дегенде тилине цензура коюш керек. Эмнеге минтип тартасыңар десе жашоодо ушундай да дешет режиссерлору. Акмакчылык да. Чыгармачылык бул адамды жакшы жолго түшүрүп, өзү менен эрчитип кетиши керек. А бизде баары тетири.
Мадумаров бир орусча соз кошпой суйлойт ,орусча кошуп суйлогондорго канча жолу айтып жаман корунду ,Мадумаровдун алдын ала айтканы баары туура ,тан бериш керек ,туураны туура деш керек калыс болуш керек.
Айткылачы ,мен акын бекем. Куйулушкан жакшы созго Жакын бекем. Туголбай агама окшоп, Акардион тарта алсамчы. Чынгыз атама окшоп . Роман жаза алсамчы. Атаганат, мен ошондо Жарманы чалбайт белем. Ээ бир чон акын болуп калбайт белем. Кыргызымдын кооз жердерин. . Далай далай баатыр эрлерин Дуйноого мактап жеткизип, Тарыхка, мык кылып какпайт белем. Эми байкагвлачы мен ,кандай экем. Тамаша.
Рахмат! Туголбай ага, Сиздин кыргыз деп соккон журогунуз учун ийилип таазим кылам! Ошол тез кабарды ырас эле айттыныз да! Ал какалап, ошентип чала кыргызча суйлоп реклама кылып байыган бир манкурт! Ошол бала учун эле такыр тез кабарды коргум келбейт, тим эле итиркейди келтирет!!! Сиздей азаматтарыбыз арабызда аман болсун 🙏🙏🙏🤲🤲🤲🤲
Аябай сонун. Озум ыр жазбасам да акындардын оздорунун окуусунда ыр уккум келип жургон. Бат баттан ушундай поэзия кечесин уюштуруп турсаныз жакшы болмок.
Туголбай "Улутман" программада кандай темада болбосун ушунчолык сонун, тушунуктуу жана кызыктуу озуда ото билимдуу, накта кыргыз инсаны.Кыргыз элине бир жаралган, кудайдын суйгон пендеси,бар бол ден-соолукта уй- булон менен жашоонун рахатын кор.
Ушул сыяктуу маданият көйгөйлөрдү болобу , саясий көйгөй болобу бат баттан чыгарып жалпы теле радиодон берилип турса ,аз болсо ашыкча кеткендерибиз уялаар белек..