УТРКнын жамаатына, жетекчиси Тиллебаев Болотбек Кочкоровичке, Капарова Чынарага "Улуу көч" долбоорунун режиссеру Назгүл Мусаевага үй-бүлөбүздүн, бир туугандардын атынан терең ыраазычылык билдиребиз, ушундай берүүлөр, атабыздай болгон инсандардын чыгармачылыгы, өмүр баяны элди кызыктырат, байма-бай болуп турса деген үмүттөбүз, ишиңиздерге чыгармачылык ийгилик, өзүңүздөргө ден соолук, узаак өмүр каалайбыз!!!
Жакшы. Бир аз жпунураак болуп калгандай. Эсенбек, Адылбектер, С, Жумалиевдер кубанып келип катышмак экен. Обондорунун керемет өзгөчөлүктөрү тууралуу татыктуу создор кемирээк. Бирок, ушинтип эскерип турганыбыздын баасы ченемсиз жакшы иш. Уюштургандардын баарына терең таазим.
Бул башталышы эле, атабыздын арбагы ыраазы болсун. Теңир Тоо жергесинен башталып отурат. Буюрса 110 жылдыгына чейин, сиздер айткан нечендеген иыктылар менен баарлашуу, жана башка иш чаралар өтүп турат. Шашылбаңыздар. Кыздарына ыраазычылык! Улуу залкардын өмүр таржымалы, басып өткөн жолу ого эле көп жана баа жеткис экенин кантип танабыз.
Арыбаңыздар урматтуу көрүүчүлөр, бул 110-жылдыктын алкагындагы эң алгачкы берүү, буюрса алдыда көп жолугуушулар бар!!! 110-жылдык 2025ж.сентябрь-октябрь айларында өтөт.
Сонун ырлар,жанга жагымдуу ,балалык кездерди эске салды😢,ушул ырлар менен чонойдук го чиркин, атам раматылык тан атканда радиону койчу, кеч киргенче укчу. Коруп жатып озумдун атамды да эстеп ыйлап алдым. Ушундай беруулор коп коп чыкса экен.❤
Композитор Жумамудун Шералиевтин 110 жылдыгына карата тартылган Улуу көч берүүсүн уюштуруп алып барган УТРКнын алып баруучуларына ыраазычылыгымды билдиремин.Ушундай берүүлөрдү көп көп элге туртуулай беруунуздорду өтүнөм,ишинерге ийгилик болсун, деп Жумалиева Тукай.
Ж.Шералиев атабыздын ырлаары мн канчалаган ырчылардын наамы,сыйлыгы,сыймыгы,даражасы көтөрүлдү,атабыздын ыры түбөлүктүү элдин эсинде калат,ушул фондду түптөп уюштурган күйөө баласы Адыл Сайдинов кызы Нарынкүл Шералиева. иштери өркүндөп өсө берсин.Ийгилик!