Мусулман бир туугандарым Сиздерге Алланын тынчтыгы болсун ! Туура бул Адал жашоо ! Эгер туура келсе алсаңыздар болот ! Эгер түшүнгөн адамга Адал жашоо болуп эсептелет ! Зина кылуудан тартат ...шайтандын васвасынан сактайт ! Эх Алла Баарыбызга адал жашоо бер ! Отту ысык Тозогуңан сакта !
Аллахтан корккон адам болсоңуз 4эмес 10 аял тиет.Биринчи Аллахтан коркуп алынызчы.Азыр жакшы адамдар жокко эсе, ошолордун арасында сиз да барсыз деп ойлойм.
Биринчи биз кучтуу,ыймандуу,кулк-мунозубуз жана такыба болсок гана уйлонсо болот шариятта,бул жерде деле ачык айтып жатат. баарын.Биз копчулугубуз Бир аял кишиге аран алыбыз жетип жатат анан каяктагы (4) аял.Ошого баарына даяр бололук ассаляму алейкум ва рахматтуллоги ва баракатуху ва жаннатуху.(кечиресиздер)бизден кетче
@@alikdosmatov8862 адилеттүү боло албайт, азыркы невротик, өзүн башкара албаган эркектер. Эки аялды кайдан башкарсын? Коркутуп, сабаппы? Анда акыретте сойлоп махшар майданына келет мындай заалым эркектер
Аллах ыраазы болсун ушундай жакшы четка далил менен тушундуруп бергенинерге. Шариатка Аллах Таала адамга пайдалуу нерселерди гана койгон зыян нерселерди койгон емес кее бир айалдар муну тушунбойт тушунсода озунун ичи тардыгы жол бербейт да бироону катуу кармап алып же бир озу тейлей албаса да аны буйумундай кылып сырга шакегиндей кылып еелеп алган бир озу канаат кылалбайт анан тигиниси кыздарга барып же аркимди карап ертен тозоко уйбулосун кошо тартатда анан. ошон учун бул шариат ушундай жакшы туура кылган а бул коп аялдуулукту тушунгон айалдар да жок емес коп булардан Аллах ыраазы болсун еки дунуйо кем болбосун
Аллахга чексиз мактоо шугурлор болсун. кымбатуу бир туугандарым ар бирибиз динибизге мекенибизге аз болсода пайда салым кошконго аракет кылалы. уйлонгондон ажырашкандар кобойуп жатат жыл сайын, тируу жетимдерди кобойтпой сабыр менен жашайлы. Бузуку жолдон же каапырга тийгенден коро 2чи 3чу 4чу болуп адал куйоого чыксанар, утулбайсыздар. Эркектер оз милдетин аткарып адилет караса Аллах озу ырыскыны кобойтуп бакыт тартуулайт, Сыноо болот башында созсуз!
Баксан бага аларсын бирок баарына адилетту боло аласынбы. 4тону бирдей карай аласынбы. Баарынын бирдей конулун таба аласынбы баарына бирдей убакыт боло аласынбы 7олчоп 1кез иним. Ийгилик сага
Ислам дини толук Дин! Ислам дини бактылуулук дини! Аллах бизге эч качан жамандык каалабайт, биздин бактылуу гана болушубузду каалайт. Киичинекей акылыбызга салып, каршы чыгып, озубузчо талдабайлы, шарият жолунда болсок гана адашпайбыз Ин шаа Аллах 🤲🤲🤲🤲🤲.
Эн сонун тема. Бирок бизге ислам толук кире элек. Чыныгы мусулман болуш учун 4 поколениеси мусулман болуш керек угушумча. А биздики болсо СССР кулагандан бери менмче 1чи поколение. себеби биздин ата энелерибиз мусулман аталганы менен такыва эмес. кобу намаз окубайт. Иншаалах биздин чоборолорубуз такыва болсо ошолор бул денгээлге жетет. Аял куйоосуно озу 2 3 4 аял алып бериш учун ал куйоосун эмес, биринчи орунга Аллахты коюш керек. дегеним, куйоосун суйбошу керек. Анын Аллахка болгон суйуусу ойдо туруш керек. Ошондо гана ал куйоосу 2ни алабы же 4у алабы иши болбойт. бул менин жеке оюм.
Мындан алсак басымдуурагы динди басмырлагандарга жооп. Алсанар болот деген мааниден алысыраак анткени 4 аял алчудай аларга толук адилеттуу болууга азыркы биздин кыргыздарда туура келбейт анткени толук адилеттуу болууга толук бекем ыйман керек! Эжеке бул менин коз карашым
Алмагүл Асанова Ошол учун тушунбогондорго аялды кароону билбегендерге бир аял деле ашыкча болот деп какшап журотко Чубак ажы ."Бир аялды эптей албайсын анан экинчи аял алганды сага ким коюптур" деген создору бар Чубак ажынын
Маа шаа Алла туура которду адилетсиздик болот деп корксоңор дегенди.Көбү ушуну адилеттүү болсоңор деп которот мааниси окшоштой көрүнгөнү мн айрымасы өтө өтө чоң
Шариатта баардык жагын камтыган өкүмдөрү болот.өтө сонун чечмелеген экен.ойлонгон адамга, карасаң,акырети, дүйнө жагын карасаң эркек аялдын,жапы коомдун, медициналык, өңүтүн.күнөөлөрдүн токтоосун алдын алган.башкача айтканда адам баласынын эки дүйнөдө бактылуу болуусуна жакшы кеңеш берүүдө, Улуу Аллах куранда,тандоо биздики.улуттун көбөйүп өсүшүнө мамлекеттин саламаттыкгына адамдардын бактылуулугуна кароодо!!!
Чындап эле мен экинчиси болгонго макул эле болот болчумун. Жакшы эркектин аялы болгонго эмнеге болбосун, и аялынын дагы тушунугу болсо кызганбаса! Мен анын эн жакын подружкасы болмокмун😊
Баардык айалдар бул нерсени туура тушунсо пайдасын анда ото коп болмок коомубузга. Бул нерсе бир гана эркектер учун пайдалуу эмес, айал затына да карала турган жактары ото коп ар кимибиз динибизди туура тушунук менен карасак анда баары туп тамары менен жакшы жака онолмок. Ал учун озубуздун эч нерсеге алмашпаз Аллахтын алдындагы кабыл болучу Ислам динибизди туура окуп, таза ыйман келтирип пайгамбарыбыз С.А.В. айткандай тушунубуз керек...
Айлин жакшы ниет кыл экинчи катындыка секелек квзды эмес балдары менен кочодо нан таппай калган жесир аялды алса сооп болот жаш секелек кыз алгандар бул нафсысы учун алгандар деп ойлойм
АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН,БИРОК КУЙООСУ ЖОК АЯЛДАР ОТО КОП!ТАЛААЛАП ЖУРОТ БАЛДАРЫМ БИРООГО КОЗ КАРАНДЫ КЫЛБАЙ БАГАЙЫН ДЕП!ЭРИ ЖОККО САЗДАГЫ БАКА ДА ЭР БОЛУП,ОЗУНУН КОЛОКОСУНОН ДА КООРУНУП!АЯЛЫ МАКУЛДАП,АЯЛЫ ЭКООНУ ТЕН КАРАП БАКТЫЛУУ КЫЛСА КАНА ЭЛЕ,АЛАТ ДЕСЕ ЭЛЕ АЛЫП КАРАБАЙ КЕТКЕН ЭРКЕКТЕР ДА БАР ДА!БИРОК БЕШ КОЛ ТЕН ЭМЕС!ЭРКТУУ ОЗУНО ИШЕНГЕН,ЧЕЧКИНДУУ,УЙ БУЛОСУ УЧУН ЖАШАГАН ЭРКЕКТЕРДЕН АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН!!
Келгиле каналдын Өнүгүүсү үчүн жок деген 🤙 басып КОМЕНТКЕ АССАЛАМУ ГАЛЕЙКУМ ДЕП ЖАЗА КЕТЕЛИ... Биздин активдүүлүгүбүз Түрк тилдүү Бүт ааламга Динди жайуу же эскертүү!!
Мен да жолдошумдун экинчи аялы болгом. Кудайыма шугур эки балалуу болдук. Бирок жолдошум аялым билбесин деп журуп бизден алыстай баштады. И жардам Д а бергенден баш тартты. Ойлонуп отуруп озум баса бердим. Сага женил болсун деп. Эки аял алып кыйналдым деген созунон улам. Жок дегенде сен жакшы жаша деп. Жана тынч жаша деп. Кудайым а шугур жашоом жакшы отуп жатат.
Сапатычы? Акыретичи, ал бейкүнөө балдардын? Бир эр менен, бир аял менен жашап деле тарбиялай албай телефонго, дал биз кыйынсып тоготпогон батыштын мультфильмдерине тапшырдык. Нервтенип сабайбыз. Балага садага кетпейли, алгач адепти, такыбаны көбөйтөлү, сан эч нерсе чечпейт!
Адамдын каалоо организими бирдей эле болуш керек. Аялың бар ар кандай шарттар болуп калат ден соолук же болбосо дагы башкача нерселер. Ошондой учурда аялдын рахатын көргүсү келген эркек арам жолго кетип калганын билбей калабыз. Күнөө жасадык Аллахтын алдында күнөөкөрбүз. Аллахым өзүң кечире көр. Экинчи аял алып жашагысы келет 90% эркек бирок каражат жагы кыйнап коюп жатат да. Кембагалдыкы кемине деп күнөөлөрдү моюнга илип жатабыз. Элибизде жакшы туруктуу иш болсо алган айлыгың жакшы болсо эмнеге албаска. Өзү мамлекет эркектерге жогору маяналуу иш бериш керек ошондо кыздарыбыз да панелге чыкпайт кытайга тийбейт эле. Мен кыргызымдын кыз келиндерин урматтайм сүйөм башка улуттун кыздарынын алдында биздин кыздарыбыз сулуу сымбатту жана кымбаттуу. Бар болгула биздин алтындай болгон айымдарыбыз. Мага көбүн эсе сүннөт менен жүргөн кыргызымдын кымча белдүү назик акылдуу кыздары жүрөгүмдү жылуулука ороп жиберет. Алтындарым намысыңарга бек тургула Аллахым биздин эркектерге да күч кубат акыл эс ынтымактуулукту берсин. Ассалааму алайкум уа рахматуллоохи уа баракатухи.
Ойдо-томон ар кайсыны жазыштын, суйлоштун эч бир кереги жок. Аллах Таала озу уруксат кылып атканда ким кандай каршылык корсото алат. Аллах Куранда: "Мен куроо тамырынардан да жакынмын,"-дейт. Чынында куроо тамыр бизге эн жакын, а Аллах андан жакын, башкача айтканда, бизге эмне керек, эмне пайдалуу, эмне зыян озубуздон корокчо Аллах 100%га жакшы билет. Бир талаш, эки талаш акыйкатын акыры тубу баарыбир коробуз (кыяматта) кааласак, каалабасак да.
Башка экинчи аял бул жашоодо экинчи сыноо тороп берет анан башталат экинчи турмуш бир эле аял менен жашагыла жалгыз Кудайдын жардамы менен балдарынарды багып Аллах мээримдуу ырайымдуу
Замандын кыйын кездеринде кыргызым кыздар аз болгон учурда, ж. Б шарттарга жараша агасынын аялын, агасы олсо жаш кайнилерине алып берип, жашаган. Бул деген алдарын жетим кылбайын, келинди тентитпейин талаага деп бойдок баланын келечегин тобокел салган. Азыр Кыргыздын кыздарын кордобой жолун табыш керек. Ата энелери акча сал деп иштете берип 25,30 бойдок бойунча чыгып, ажырашкан келин 1 баласын залогго алып кулдай иштейт кордогонду токтотолу ал кыздар 5,10 дон балалуу болуп бактылуу болсун
Албетте шариятка баш ийишибиз керек бизди жараткан нерсе бизге эмне керек. керек эмесин анданда жакшы билет. Шарият бул Аллахтын закону закон биз учун иштейт
Ассаламу Алайкум...ролик учун рахмаат...менде бир суроо...эркек ошондой 100 жашкачеда каалай берсе ,талаалап иштеп жургон куйообуз кантип жатат...уйдо баласын тарбыя кылып жаткан аялдарын алдашуудабы..азыркы эркектердин кобу динди чала тушунот дагы кол астындагы келинчегине зулум кылып жатат
Эх пайшамбарыбыз коп аял алган дейбиз бирок 1 чи аялы 40 жашта, 2 куйоодон чыккан, озу 25 те, 50 жаштын тегерегинде гана Айша р.а га кызга уйлонгон, калган аялдары да 3 4 балалуу эх