Азаматтар жакшы теманы көтөрүп жатысыңар. Бургер, Тоок нагетсы сыяктуу ФАСТ ФУД жоготушубуз керек. Болбосо жаш балдардын ден-соолугун бузулушу ушу химиядан.
Ассалому алейкум рахматуллаху ва баракатуху айабай күтүп таппай жүргөнүн силерге АЛЛАХЫМ ӨЗҮ Раазы болсун иштериңе ийгиликтерди берсин эми биз кайдан тапсак болот Биз Жалал-Абад Сузак районунан болобуз
Гүлнара айым азаматсыз! Кең пейил элим деген Элиңе ден-соолук каалап , Табигый тегирмен нанын, Сунуш кылганыңыз, Ал кандай даярдалат? Билген ыкмаңызды, Тартуу кылып турасыз. Ишиңизге ийгилик!!!
Тарикат жамаатындагы туугандар ыбыз дайыма ачыткы мн нан жасайт. Ачыткыны100 жылдан бери үзбөй иштетип келе жаткандары бар. Ж.б.продукт.ларды (тамактарды) шариат тартибинде жасашат.
Ачыган айранга камыр кылсанар ачыткы болуп калат камыр калгандан алып азмаз унга булап Бир кичинереек чачыка ороп жайында холодилнике салып койсонор тура берет канча болсо дагы квшында ошондой эле ороп салкын жерге койсонор тура берет кадимкидей квшында эшике койбогула тонуп калса ачыбай койот камыр холодилнике салганда да чачыка тегиз ороп койсонор ото муздабайт ошентип сактап колдоно берсенер болот
Камыр ачыткы Бул ундун аз кобуно жараша салыш керек. 2 саатка жетпей нан жазаш керек андан сааты ашса нан кыйгыл болуп кетет. Колдун камыр турушу эн жакшы Таза бышган нан аябай жештуу. Камыр ачыгандан кийин тоголоктоп жылуу жер болсо жакшы Кичине кооп калганда жазап духовка салып койсонор нандын ичи (айры куйрук ) болуп жештуу
Саламатсызбы Гулмира тай эжениздин номерин берип койунузчу мага камр туруш заказ клайын дегем 1 жлдан бери байланышалбай журом ал эже менен сураныч ото ото сураныч сизден.
Айранга унду чайып коюурак кылып аралаштыргыла.. Анан жылуу жерге койсонор озу кобуруп кооп калат.. Бир кун коюуп эртеси иштете бергиле.. Эскирбесз учун ошол эле ачыткыга ун кошуп жууруп ото муздак эмес жерге же банкага салып койсонор эн сонун. Жаны ачыткы нанды ширин жана онун ачат.
Ар камыр жасаганда азыр алып коёбериш керек.Ошондо эскирбейт камыр туруш.1жума сайын жасам ширин болот.Эгерде бир жумадан ашып кетсе,холодилнике салып коюш керек,эскирбейт.Мен даайым колдоном.Камыр туруждун нанын жесенер ,дрождун нанын жегинер келбей калат.Аябай ширин болот.Копкондо сразу жасап тандырга жасап жаап алыш керек.10нан бир тандыр болот 2саатта нормальный кобот,ачыбайт.
Айранга ундан кошуп ачытып,ал ачыгандан кийин кайра азыраак ун кошуп кичинекей камыр жууруп,аны кайра ачытып алып нан даярдасанар болот Натуральный камыр туруш деген ушундай болот
Живой дрож ь бул отец пайдалуу ден соолука..... Эн туура дрожь зыяан....... Бул жазалган камыр туруштан жазалган нан такыр кокорбойттт суу мн эле ундан жазайт суу булактын суу су мн сонун болот.... Бул жерде айым жазаган рецепт тин айтып корсотсонор жакшы болмокта....
Сатып алба айткан ыкмасын угуп озун жаса бизда ачыткыда нан жэйбиз ачысада эч нэрсэ болбойт биз ачысада жэй бэрэбиз аз камырга аз салкоп камырга коп сал бир эки жолу кылсан уйроносун дэн солукада пайдаллу ачыткы
Ой ачыткыга даярдалып ,бышыргандан мурда кичине узуп алып калса болот эле, кийинки камырга кошотурган болот, аны апам супарадыгы унга тологолоктоп салып коёт, сонун эле болот азырак узуп калып калабыз, эч нерсе болбойт неге болбойт болот эле...и 🖐
Секретин айтса бул айымга пайдасы жок болуп калат да, кургагы болбосо керек, менинче сухой дрождон айрыма болбойт дейм, илгертен эле колдонуп келген ачыткыга жетпейт.....
Биз камыр жууруп ачытып койобуз от 2. же бир жарым саатта от нан жасаганга даяр болот камырды нанга болуп жасап жатканда кичине камырынан алып койсон кайра нан жапкычан ачып тура берет жайында холодилнике кышында ото ысык эмес болмодо тура берет биз чон энелерибизден апаларыбыздан бери эле улап нан жаап келебиз
Ооба ошондой ачыган камырыбыздан идишкесактап салкын жерге кайра ошондой колдоно берчүүбүз анда дрож ду билчүү деле эмеспиз кээде ачыкы бузулуп калчу коңшудан алып турчубуз