Нурмуханммед маладец иним сен кыргыздын и борконун чыгаан жигитеринин бирисин дайыма кыргыз желегин желбирете бер бар бол өмүрүң узун болсун сени мн биз сыймыктанабыз.алга 👍👍👍
Бул жерде "дедовщина", "адабий тил" деп талашпай, Мекенге аскер кызматын өтүү маселесине көңүл буруш керек. Кыргыздар өздөрү аскер кызматына барбаса ким өлкөнү коргойт. Кыргызстанда байларды, атка минерлерди, аткезчилерди, коррупционерлерди, ашкере динчилерди эмес аскер кызматын өтөп келгенди жогорку окуу жайларда бюджеттин эсебинен окутуп, мамлекеттик кызматка, депутатчылыкка көтөрүп, колдош керек. Тилекке каршы кыргыздын кырчын жаштары гастарбайтер болуп башка өлкөлөргө кетип жатышат. Азыркы мамлекеттик саясат 15-20 жылдан кийин "мөмөсүн" берет. Мекенди коргоо кызматын өтүп келген гана мамлекеттин келечегин ойлойт.
Нурмухамед Ноокаттык болот, ноокаттыктар түштүк диалектте сүйлөшөт. Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарда жашагандар түндүк диалектте сүйлөшөт. Кыргызстанда эл агартуу, билим берүү республиканын түндүгүнөн башталган, себеби ага чейин эле түндүктө жайгашкан Россия империясына баш ийип турган, борбор шаар Пишпек, кийин Фрунзе да түндүк тарапта. Кыргыз тилинде билим берүү процесси түндүктөн башталган, ошондуктан адабий тил, кыргыз алфавити түндүк диалектте болуп калган. Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы боюнча ар бир адамдын өз диалектте гана эмес, өзүнүн эне тилинде сүйлөөгө укугу бар