Көзүмдөн жаш акты ,кыргыз бойдон калып,КЫРГЫЗ кандай жашап келсе ошондой эле жашай берсек болобу, ой санаа тартып эле шаарды көздөй, чет жактарга качабыз,кореядан ысык салам
Ушул ыр биринчи чыканда росяда елем ушул ырды угуп айылама келе бергем азыр шугур уйбулом менен чогумун аябай тасирду ыр рахмат сизге кунуго укпасамда 2 кундо бирден угуп турам
Укмуш ыр го чиркин, машинада кетип жатып, ыр саптары кулака чалынып чочуп кеттим . Ушундай текстти ким жазды деп, кыргыздын кыргыз экенин эсине салган ыр экен. Кана ушундай жашай алсак.Озгоргубуз келип бир кезде,эми кайрадан ошол берекелуу кут тогулгон эски ата бабалардын жашоосун сагына баштадым.
Сөзү, обону: Максат Кулуевдики Жөнө балам сен чоңойдуң Айыл журтка барып кел Айыл апа кандай жатат Бир кабарын алып кел Чоң атаңдын короо жайын Чөп баскандыр белчеден Чалдын сөөгүн бир агартып Чар тарабын чабып кел Кайрыма: Айда балам жылкыңды Ата баба журтуна Ат дүбүртү атам үнү Бир жаңырсын кыр кырда Жети атаң баскан жер Жетеси бүт жаткан жер Мени тартпай чоң атаң тарт Журт таштабайт кыргызда. Ээсиз калган жайыт дагы Малын журтка айдап кел Ээсин дагы сагынгандыр Дал өзүндөй жайгап кел Мен кеткенде минген аты Аза тартып бош эле Чоң атаңдын мамысына Чабдар атын байлап кел Кайрыма: Айда балам жылкыңды Ата баба журтуна Мен куруюн шаар кезип Айыл калды унутта Кол чаначтан кымыз ичкен Кыргыз элем кырдагы Тундурмадай тунук кезим Төгүлдүңбү турмушта Чоң апаңдын кемегесин Бир түтөтүп жагып кел Келинге деп тикен эле Көшөгөсүн тагып кел Коңшу колоң туугандарга Үйдү жайды табыштап Көңдө калган жалгыз така Там бооруна кагып кел. Кайрыма:
Мааниси өтө тереңдикте жатканына кошулам рассияда такси кылып жүрүп угуп калган элем жалгыз баламын өтө эрке осконмун өмүрү жылкы баккан эмеспиз рассиядан келип эле жаш кулугн алып бир жылдан бери багып Атамды сүйүнтүп атам эхх чиркин Ата ыраазы Алла ыраазы дейтго Аталарды урмат кылып колдорунан ишин алалы
Бул ырды уккан адам созуно саресеп салып конул бурса мааниси чон зор.Себеби былтыр коп укчу элем анан жакын адамымбы жоготтум.Андыктан ырды угуп жатканда созуно маани берип деле кереги жок ойлоп калдым.
Максат,ден-соолугун чын,омурун узун болсун,талантына таазим,унун уккулуктуу,чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.Эл артисти деген наамын алышынды каалайбыз .
Санжыра радиодон угуп ото жакты издеп журуп таптым,мени бир нерсе тан калтырат эмнеге ушундай маанилуу ырлар хит болбой,созун уксан эсинде калбай турган ырлар хит болот
Айылды жеткире ачып бериптир. Кандай таасирдүү сөздөр бар! Авторго ыраазычылык. Кыз башым менен Ата-Журтума барып, жайгашкым келип кетти...Аттиң кыздын орду кайын журтуңда экен. Түбөлүк Ата-Журтубузга болгон кусалык менен жашай берет экенбизда😢😢😢😢
Оой, бул ыр менин айылдагы мал багып, ат минип, эшек кууп, жыландан да качпай тескерисинче аларды кууп, көчөнү чаңытып жүргөн кезимди эске салат. Азыр болсо турмушка чыгып, Россия жергесинде жүрөм. Айылымды өттөө сагындым.
Бул ыр мага аябай жакты себеби азыркы учурда бизде ушул ырдай жашоо болуп келе жатат. 1.5жыл мурда тайэнем коз жумду биз мн чогу жашайт эле тайэнем откондон кийин биздин уйда жабылды апам Москвага кетти а уйдо болсо эч ким жок чындыгында аябай окунучтуу билем бул жашоодо эч ким туруктуу эмес Бир кун апамда менда отом жашоодон ошол убакытда бизди ким естеп кайгырат экен😢😢😢
Чын айылга барам мен да журок тутоп кетти айылым менин айылым туулган жерим кочо бойлоп чуркап чанга оонап чонойгон жерим менин алтын жерим кымбат жерим менин
Аябай мааниси журоко жете турган чыгарма жаратыпсыз ата энем менен откон балалык сагыныч баары козго тартылып ыйлатты... Чыныгы жашооодогу коз ирмемди жеткирип ырдапсыз
Талатынызга тазим жакшы жазыпсыз мен эми уктум журокту эзилет экен уканда онорунуз оркундой берсин кудай сизге узун омир ийгилик ден солук берсин амиин