Клип сонун чыгыптыр, ырдаган кыздын үнү дагы тунук жагымдуу экен,клиптеги кыз дагы аябай сулуу экен, жакшы чыгыптыр азаматсынар, өнөрүңөр өркүндөй берсин.
Элмир менен Гулбунун жаткан жери жайлуу Болсун Аллахым бейишин берсин кийинки келинчеги да. жакшы келин балдары менен бактылуу болсун Аллахым омур берсин
Журокту ыйлатып ырдаптыр Айланайын унуно береке Келечегин кен болсун Кооп жаша Биринчи жолу угушум Мен катталдым сага Жаны жаны ырларды жуктой бер кызым
Сүңгүп мен чыга албас санааны айт, Сүзүлгөн, сүрүлгөн жараны айт. Сүйүүнү бул мерээз мыйзамы, Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт. Мелжиген дүйнөгө батпай чын, Мен келем, сен эшик ачпайсың. Мен жетчү бактымды ыйлатып, Мен кетчү жолуңа таштайсың. Сенсиз мен адашкан жөжөдөй, Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй. Серпилсем бир сенсиң билмексен, Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй. Мелжиген дүйнөгө батпай чын, Мен келем, сен эшик ачпайсың. Мен жетчү бактымды ыйлатып, Мен кетчү жолуңа таштайсың. Өкүттүү, жараттуу, азаптуу, Өзгөчө армандуу азаптуу Өзөктү тытмалап да бир түн, Өзүңсүз дагы бир таң атты. Мелжиген дүйнөгө батпай чын, Мен келем, сен эшик ачпайсың. Мен жетчү бактымды ыйлатып, Мен кетчү жолуңа таштайсың.