Маңкурт. Ээн талаа Сары-Өзөктө желмаян төөсүн желдирип, бир эне минтип боздоп келет: “Мен ботосу өлгөн боз инген, тулубун келип искеген, кудай-талаа бул дүйнөдө эч кимди маңкурт кылбаса экен...!” Бул жомок өзөгү мдү өрттөп сөгөт, Чындыгын ырасын-ий бул жомоктун. Ээн талаа, эрме чөлдө аппак куш: Дөнөнбайлап учуп жүрөт, Дөнөнбай. .. Казактын кең даркан талаасында, Ээн талаа, эрме чөлдөн арасында. Жеммаян төөгө минип бир байбиче, Желдирип келе жатты шашке маалда. “Ким,-дейсиң ,-бул байбиче?” “Найман апа”, Азыр ал тагдырына абдан капа. Жалгызын жоготконго ичи ачышып, Жалдырап көзүн салат эки жакка. Бечера улутунуп ыйлап-ыйлап, Бел тутуп өткөн күндү эске салат. Жалгызын кандай кылып чоңойтту эле, Жараткан оо кудай-ай, атаганат. Жалгызы бой көтөрү п чоңойгондон, Жаа тартып кылыч шилтеп торолгондон. Жарады эл ишине, ар-намыска, Жаш-кары бирдей көрдү жоо чабышта. Айлардан ай алмашып айдан жылга, Алмашып убакыт да алга жыла. Бактылуу алтын күндөр өтө берди, Баа жеткис, алмаштыргыс алтынга да. Капыстан чуулгандуу кептер тарап, Кыргызым дүрбөлө ңгө түшүп замат. “Тургула, тургула элим жоо келди!” -деп, Угулду үндөр улам жаңырыктап. Аттанып кыргыз эли жоого каршы, Алдыда уулу барат колдун башы. Бечера Найман эне калып калды, Уулуна берем деген бышпай ашы. Оо Кудай-ай жок дегенде, Өз колунан акыркы даам берсе эмне. Токто кагылайын, кайрылчы артка! Деп зор какшап калып калды Найман эне. Күндөрдө н күн алмашып, өтүп жатты, Күндөрү н үзбөй эне күтүп атты. Жүрөгү бир жамандык билдиргендей, Түшүнө алда нелер кирип жатты. Тигине келе жатат түрлөрү бар чаалыккандай, Тилеги: уулун көрсө- сүйүнү чтөн маңдайы жарылчудай. Эмнегедир көрүнбө йт го уул элеси, Курган жүрөк бир башкача туйлайт да, бул эмнеси? “Байбиче, - деп сөз баштайт уруу башы, - Бардаш кыл, эсиңди жый садагасы. Барымтага түшүп кетип жалгыз уулуң, Байкабадык биз аны кара басып”. “Жок!”(4 жолу) Чучуктай чыңырды эми байкуш эне, - Жоломан, сени ушинтсин дедим беле!”” Кайгырып, боздоп ыйлап зар какшаса, Кара жер жердигинен түткөн белем. Энеге эми баары бирдей болду, Эңсеп күтөт уулунун келчү жолун. Жылдар өттү, баары бир эне күтөт, Жылдызы келүүчү дөй сунуп колун. Бир күнү түшкө маал үй жанынан, Биригип кербен өтүп бара жатты. Байбиче кербендерге кымыз сунуп, Ак бата ак тилегин алып жатты. Ак бата тилегиңер уулума деп, Бечера Найман апа тилек кылды. Аңгыча кербен башы сөз баштады, А байкуш эне ага кулак түрдү. “Келатып эрме чөлдүн арасынан, Кер мурут жигит көрдүк, төө кайтарган. Сезбестен чөлдүн ысык ысыктыгын, Сенделип басып жүрөт төө артынан. Сүйлөсө ң жооп бербей башын катат, Сүрдөнү п киши көрсө ары басат. “Уулум, бери келгин, жакын”- десем, Умтулуп маңкурт сымал ары качат”. Сезди эне-ал Жоломан уулу экенин, Уулумду издебечү мен бекемин. Шерт байлап, мына ушинтип чыкты жолго, Төө минип камчыланып оңго-солго. Аптадан өтүп калды чыкканына, “А, кудай, жеткире көр максатыма”. Алыстан калың төөнү н үйрүн көрүп, Ашыкты ылдамдатып камчылана. Жел жетпей, желгенине Желмаяндын, Бат эле кирип барды төөгө жакын. Төөчү нү көрөө р замат, дароо таанып, Кыйкырды: “Жоломан! ”- деп үнүн баарын. Кыйкырык үндү угуп, жалт карады, Көздөрү эне көзүн бир арбады. Буулугуп эне турду, уулун тиктеп, Бурулуп уулу кетти, мал сыңары. “Кулунум! - деп, учуп түштү Желмаяндан, - Кургурум тааныйсың бы? Бул мен, апаң. Эстечи, атыңды айтчы. Атыңды айтчы! Эрмегим, билесиңби, ким сенин атаң?” Уулу, дал болгондой башын чайкап, Дөлдүрө п үн чыгарып: “Маңкурт” - деди. Ушул сөз кулагы угуп байкуш эне, Уугуп, сүйлөй албай. Ыйлай берди. “Жок, балам, сенин атың маңкурт эмес, Жоломан, сенин атың кургурум-ай! Атаңдын атын унутупсуң , аның кандай, Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай? ! Оо, таш боор адам, Качанкыга бири-бириң ди кордойсуң ар?! Эмне үчүн оо, катыгүн, Адам деген атка татык болбойсуң ар?!”- Деп зар какшап ыйлап атты Найман эне, Аңгыча көрүп калды не бир караан. Көрө сала сурады уулунан ал: “Келе жаткан кимдер болот, эки адам?”- “Кожоюн”, - деди маңкурт өзүнө н-өзү коркуп. “Кокуй анда мени айтпа, кайта келем, Бүгүн түнү өз элиңе алып кетем”- Айтып бүтүп Найман эне жүрүп кетти, Аңгыча эки жуңжуң жетип келди. “Тигил ким, качкан сенин жаныңдагы, Айткының , өлтүрө бүз азыр сени?! ” “Билбеймин, энеңмин деп өзү келди, Билегин кармап алып ыйлай берди”. “Жалган ал энең эмес,-деп байкушту,- Өлтүргө нү келген сени” - деп коркутушту. “Алдагы тебетейиң жулуп алып, Башыңды кайнак сууга малат”,-деди. Эх мыкаачылар маң кылганы аз келгенсип, “Эми келсе аткын!”-деп, жааны берди. Адамзатты айбан кылган макулуктар, Арбантышып маңкуртту жөнөп кетти. Аңгыча күүгү м каптап айлананы, Ай чыкты сүттөй каптап эрме чөлдү. “Элиңе алып кетем ”-деп эне келсе, Эссиз уул өз энесин ажал көрдү. ...Келет эне уулуна жай бастырып, Бечараны-ажал бол!-деп шаштырып. Адамзаттын бул ишине жийиркенгендей, Ай да кетти булуттарга жашынып. “Жоломан, Жоломан!”- деп, эне келет, Жалгызым кайдасың деп сыздай берет. Токто, кагылайын, атпа, атпа! “Бул мен апаң”,- Деген сөздү ээн талаа жутуп кетет. Тепчилди жебе эне жүрөгү нө, Термелип ылдый карай кулап барат. Жоолугу моюн ылдый шыпырылып, Жомокто куштай болуп сүйлөй учат. “Кулунум тааныйсың бы, бул мен, апаң Атың ким? Атың сенин-Жоломан. Атаң ким, кургурум-ай, Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай”. Бул жомок өзөгү мдү өрттөп сөгөт, Чындыгын, ырастап-ий бул жомоктун. Ээн талаа, эрме чөлдө аппак куш, Дөнөнбайлап учуп жүрөт.. Кошулгула.