Тёмный

"МАНКУРТ" 

BIR BOL ELIM
Подписаться 58 тыс.
Просмотров 2,7 тыс.
50% 1

"Манкурт"
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан.
Маңкурт деген эс-акылдан ажыраган бир сөлөкөт: өзү ким, эл-жери кайда, ысмы ким, ата-энеси ким, кайда, качан чоңойгон,- эчтеме эсинде калбайт, эчтемени билбейт, кыскасы өзүн адам элем деп эсептебей калат. Өзүн өзү таануудан калганы менен маңкурттун чарба тиричиликте бир топ артыкчылыгы бар. Өзү аягы айры, башы кара бир макулук болгон соң айдаган жакка кыңк этпей басат, айткан ишти кыңк этпей аткарат. Качам-коём, каяша кылам деген ой түшүнө да кирбейт. Кул ээсин ар качан түпөйүлдөнткөн нерсе кулдардын көтөрүлүшү болчу эмес беле. Ар бир кул акыры колдо жүргөн төңкөрүшчү эмеспи. Андай кулдардан маңкурттун айырмачылыгы, - ал каяша кылуу, каршылык көрсөтүү деген сезимден ажырап калган. Ошондуктан аны дайым көзөмөлдөп, кароол коюнун, төтөн аңдан чочулоонун эч кереги жок. Манкурт итке окшоп ээсин гана ээрчип калат, ээсин гана тааныйт. Башка эч жанды тааныбайт да, билбейт, ошол үчүн башка бирөө менен сүйлөшпөйт. Анын бар болгон ою - кара курсак. Башка эч камы жок. Бирок тапшырылган ишти жан-дили менен, өчөшкөндөй берилип аткарат. Адатта маңкурттарды эң балит, оор же болбосо макоо жан да чыдай алгыс бир калыпта созулчу узак жумуштарга коюучу. Жоо кыйнаса төө кайтартат дегендей Сары-Өзөктүн мелмилдеген кенен, ысык, бук кылар тынчтыгында айылдан алыc жайытта жайдыр-кыштыр төө кайтарчулар маңкурттар болгон. Мындайда ал жалгыз өзү көп төөчүлөргө татыйт. Курсагын гана тойгузуп турса болду, жапайы болуп кеттим дебейт, зериктим дебейт, жайдыр-кыштыр төө артында жүрө берет. Ээсин көрсө итинен бетер кубанат. Үстүндө эски-уску кийим болуп суукта үшүбөсө, курсагы тоюп турса, башка эчтеме сурабайт да кейибейт...
#Каналга#катталыныз

Опубликовано:

 

21 авг 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 1   
@user-cm9xm1pt2r
@user-cm9xm1pt2r 5 лет назад
🇰🇬 👍👍👍👍👍👍
Далее
ОБЗОР ПОДАРКОВ 🎁 | WICSUR #shorts
00:55
Улан Осмон уулу хит ырлары
15:03
29 июля 2024 г.
2:24
Просмотров 4,2 тыс.