Элесимде бирөө бар, элжиреткен бирөө бар, Ээлеп алган жүрөгүмдү, эми кимде күнөө бар? Кыялымда бирөө бар, кылт дей түшсө мүнөө бар, Делбир болду жүрөгүм ай, деги кимде күнөө бар? Айдың көлгө барсамбы, ак кууга кошуп салсамбы, Азабың тартып жүргүчө, ашыгың болуп алсамбы? Өзөнгө сууга барсамбы, өрдөккө кошуп салсамбы, Өзүңө тагдыр буйруса, өмүрлөш болуп алсамбы? Жакшы тилдүү бирөө бар, жаман тилдүү бирөө бар, Ак калпагын булгалаган, араңарда бирөө бар. Атын айтпайм, бирөө бар.