Тилекбайдын уну өзгөчө да кандай ыр болбосун коркуно чыгарып ырдайт да бар бол иним.Алдыда сен багынтчуу кооп ийгиликтер алдыда буйруса. 👏👏👏👏👏👏👏👏💫💫💫💫💫💫💫💫💥💥💥💥💥💥💥💥👍👍👍👍👍👍👍👍👍
Жигиттин уну аябай сонун экен, аткаруу да мыкты, чыныгы талант. Умутай ар дайымкыдай мыкты, назиктиги озуно куп жарашат. Бар болгула, мыкты дуэт болуптур.❤
Текст Каректен нуруң төгүлүп, Кат-каттап санаам бөлүнүп. Кайгыга салдың, карындаш, Картайган кезде көрүнүп, Мен картайган кезде көрүнүп. Таң кылайып чыгыштан аткан кезде, Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде. Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн, Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде. Махабатым сизге арнагам… Ууртуңдан күлкүң төгүлүп, Үгүлүп, санаам сөгүлүп. Убайга салдың, карындаш, Улгайган кезде көрүнүп, Мен улгайган кезде көрүнүп. Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде, Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде. Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай, Сагынычтар туш-тушка учкан кезде. Махабатым сизге арнагам… Болумуң толгон ай белең? Болжошуп күтчү жай белең? Бой тумар сындуу, периштем, Боз улан кезде кайда элең? Мен боз улан кезде кайда элең? Жемиш бактар ширесин төккөн кезде, Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде. Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз, Арабыздан көп күндөр өткөн кезде. Махабатым сизге арнагам…
Бул ыр " Үмүткө чакыруу " деп аталат . " Отту сүйөм " деген глава бар ошол жерде , көөп куплет , Абдыманап анын үч эле куплетин бөлүп алып обон жараткан , молодец , көп аткаруучулар автордон кыйын аткарып жүрүшөт , демек элге жуккан , терең сиңген жагымдуу , угумдуу , сүйүктүү чыгарма . Албетте Жолон абабыз супершедевр ! Абдыманапка да ийгиликтерди каалайбыз . Бул ырды мыкты тести кармап жүрөт , ошондуктан ар дайым туура , толук , өзгөртүүсүз , бурмалоосуз , синонимдерди колдонбой так , туура ырдаш керек !