Керемет сонун Мени тан калтыруу суктандыруу кыйын менде жакшы элес калды рахмат истеблишменттин аткаруусуда элита ун кайталангыс мен бала кезден классика ретро
Чоң рахмат ушул күүнү нота жазып түшүргөндөргө. Нотадагыны дүйнөнүн ар бурчунда Америка, Азия, Австралия, Европада да оркестр менен аткара алат. Дагы канча кыргыз күүлөр, обондор, ырлар нотага жазылбагандыгы үчүн унутулуп баратышат
Маш ботой,произведение великого кыргызского акына Атая Огонбаева,на комузе звучит более красивее,мелодичнее,виртуозно, игриво. Домбра не может передать всю красочность произведения,а так постарались,молодцы казахи.
В первые это произведение было исполнено оркестром имени Карамолдо Орозова под управлением великого маэстро Кыргызстана Асанкана Жумакматова,а это просто кавер но не в лучшем исполнении,даже не сравнить.
А вы столько всего украли и крадете) у казахов, сейчас взялись за казахский күй воровать начали Казахские күй и песни) скоро отходы казахов будете воровать )
“маш” сөзү “тез, бачым” дегенди түшүндүрсө, “ботой” сөзүн белгилүү “Камбаркан” фольклордук этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси, дирижеру Рыспек Жумакулов “ботой”, “ботом” деген сөздөр менен байланыштырып, кичинекей ойноок баланын ары-бери чуркашы, анын шайырлыгы менен түшүндүрөт. Демек, “маш” сөзү менен башталган күүлөр тез, бачым чертилип, кол ойнотмо күүлөр экенинен жыйынтык чыгарсак болот. Булар адамга бат сиңе тургандыгы, угармандын кулагында кала тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Белгилүү фольклорист Камчыбек Дүйшалиевдин “Кыргыз эл музыкасы” аттуу китебинде “ботой” (сөзмө-сөз төөнүн тайлагынын синоними) кыргыздардын поэтикалык акыл-эсинде эне менен баланын ажырагыс образын символдоштуруп турат. Элдик уламыштарга караганда үй жаныбарларынын ичинен өзүнүн тукумуна ушунчалык жакын, сүйкүмдүү караган төөдөн башка мал жок экен. Төөнүн тайлагы ооруп же өлүп калса, анын энеси кадимкидей көз жашын куюлтуп ыйлап, көргөндүн зээнин кейитет. Мына ушул нерсе “ботой” аттуу комуз күүсүнүн жаралышына негиз болгондугу айтылат. Учурдагы “ботой” күүлөрүнө кайрылсак, айрымдары жайдары мүнөздө ойнолсо, буларга “ Тилендинин ботою”, термелген бешик ырына окшогон, “ Муратаалынын ботою” назик, “Токтолдун ботою” жигердүү баяндалса, айрым “ботойлор” тескерисинче динамикалуу, тез темпте өнүккөн формада аткарылат.Буларга легендарлуу Атай Огонбаевдин “Маш ботою”, сымбаттуу “Айдайдын ботою” К. Орозовдун шайыр-шаңдуу “Жумалак ботою” ж.б кирет. Эми күүнүн тарыхына кайрылсак, автор “Маш ботойду” демейде элдин көңүлүн ачып, комузда кол ойното черткендин үлгүсү катары карачу экен. Кийин филормония ачылгандан кийин комузчулардын ансамбли түзүлүп, анын репертуарына Атай биринчи кылып ушул “Маш ботоюн” киргизген дешет. Күүнүн ушунчалык шаңдуу жана кайрыктарынын кооздугун байкаган профессионал композитор Феферман аны атайын оркестр үчүн кайра иштеп чыгат. Андан кийин улуу дирижер Асанкан Жумакматов аны бир катар жаңы элементтер менен толуктап, айрыкча кода деп аталган бөлүктөгү кошумча музыкалык теманы кыябына келтире аткартып, финалдагы кайрыкка “оп-па” дегенди коштуруп, натыйжада азыр биздин кулагыбызга жат болуп калган, бизге эле эмес, бүт дүйнөгө таралган “Маш ботой” пайда болгон.
“маш” сөзү “тез, бачым” дегенди түшүндүрсө, “ботой” сөзүн белгилүү “Камбаркан” фольклордук этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси, дирижеру Рыспек Жумакулов “ботой”, “ботом” деген сөздөр менен байланыштырып, кичинекей ойноок баланын ары-бери чуркашы, анын шайырлыгы менен түшүндүрөт. Демек, “маш” сөзү менен башталган күүлөр тез, бачым чертилип, кол ойнотмо күүлөр экенинен жыйынтык чыгарсак болот. Булар адамга бат сиңе тургандыгы, угармандын кулагында кала тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Белгилүү фольклорист Камчыбек Дүйшалиевдин “Кыргыз эл музыкасы” аттуу китебинде “ботой” (сөзмө-сөз төөнүн тайлагынын синоними) кыргыздардын поэтикалык акыл-эсинде эне менен баланын ажырагыс образын символдоштуруп турат. Элдик уламыштарга караганда үй жаныбарларынын ичинен өзүнүн тукумуна ушунчалык жакын, сүйкүмдүү караган төөдөн башка мал жок экен. Төөнүн тайлагы ооруп же өлүп калса, анын энеси кадимкидей көз жашын куюлтуп ыйлап, көргөндүн зээнин кейитет. Мына ушул нерсе “ботой” аттуу комуз күүсүнүн жаралышына негиз болгондугу айтылат.
ар бир өлкө өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийишсе бөлөк үлуттардыкын талашпай мисал үчүн өзбекттер өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийишет ар бир улут өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип сахнага чыгып дегендей