Уже третий год живу и учусь в Южной Корее, этот фильм замотивировал меня. I kinda became a patriot a little more than I used to, and wanna add value to our society. If we get together to prosper our Kyrgyzstan I'm convinced that it will be developed. Sincerely, Elaman Apasov
Бул кино тасмабызды көрүп, комментарий жана бармакча басып берген замандаштарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем! Ушул тасманы жаратууга чыгармачыл топтогу ар бир адам өз күчүн жумшап, кино элге жетип, ар бир көрүүчүгө кандайдыр бир сезим калтырса деп көп аракеттерди тынбай жасадык. Корея жергесинде иштеп жүргөн мекендештерибиз да кинобузга колдон келишинче салым кошушту. Мекенди сүйгөн ар бир жараныбыз бар болсун! Чет жакта ар кандай шартта эмгектенип келе жаткан жердештерибиз жакындарына Ала Тообузга эртерээк аман-эсен, көп акча таап кайтып келишсин! Биздин келечек муундарыбыз бизге окшоп акчанын артынан чет жакка кетпей кыргыз жергебизде чет жактарды багындырсын! Бул кино боюнча айта турган болсом албетте, кынтык издеп көргөн адамга жакпай калышы мүмкүн. Жок, кинону жаратуучулар эмнени айткысы келди деп көргөн адамга кандайдыр бир кичинекей болсо да таасир берерине ишенем. Кинодо эч кандай белгилүү, тасыккан, чыгаан актёрлордун ордуна катардагы эмгек мигранттары тартылды. Ар бири жумуштан кийин өз акчасына жол кире, тамак-аштарына чейин төлөп келип тартылып берип жатышты. Булар кино деп эле тарта бериптир. Кичине жок дегенде курстарга барып коюшса болмок экен. Акча деп эле эптеп тарта коюшкан тура деген ойлор толтура болушу мүмкүн. Канча адам болсо, ошончо пикир болот. Эң негизгиси баардыгыңыздарга баш ийип таазим кылам!!! Кыргыз жерим өнүккөн мамлекет болсун! Ысырапкорчулук дегенден алыс болсок жакшы болот эле. Негизгиси ден соолукта, аман-эсен бололучу. Жаңы жылыңыздар менен!!!