Алоолонгон от болуп күйүш үчүн! Азабыңды түбүнөн билиш үчүн. Жетпесем да баркыңа, чанып кетпей, Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн. Мекеним, сага келдим! Жамгырыңа чыланып суу болууга, Душмандардын жолуна чуу коюуга. Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз Кыйын күндө кармаган туу колуна. Мекеним, сага келдим! Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн, Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн. Сен деп келген сапардан артка кайтпай, Желегиңдин бир нуру болуш үчүн! Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын, Аманатың талаага таштабаймын. Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып, Ар ишимди "аттиң" деп баштабаймын. Ар бир кыргыз Туулуш керек, акыйкат кураганы, Куу, шумпайдын өчсүн деп кур амалы. Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн, Келдим сага баарына чыдаганы! Канчалаган душманды баскандырсың, Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың... Сенде билем миллион мендей жан бар, Эхх, Кыргызстан, сен менде, жапжалгызсың!!!
Биз сиз менен сыймыктанабыз!!! Таланттуу, акылдуу адамдар бизге, элге суудай керексинер!!! Коп жашагыла!!! Сиздерди ушул жалган дуйнодо барктап, сыйлап отконго жаратканым насип этсин!!!❤❤❤
Мекеним сага келдим Алоолонгон отуна куйуш үчүн. Азабыңды түбүнөн билиш үчүн. Жетпесем да, баркыңа чанып кетпей Кандай болсоң, ошондой сүйүш үчүн. Эх Кыргызстан мен сен деп келдим. Жамгырыңа чыланып суу болууга, Душмандардын жолуна чуу коюуга. Келиш керек, туулуш керек өзүңдө ар бир кыргыз Кыйын күндө кармаган туу колуна. Эх Кыргызстан мен сендеп туулдум. Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн, Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн! Сен деп келген сапардан артка кайтпайм! Желегиңдин бир нуру болуш үчүн. Ар бир кыргыз туулуш керек, акыйкат кураганы, Куу шумпайдын өчсүн деп кур амалы, Эбегейсиз өзүмдү сүйгөн үчүн! Келдим сага, туулдум сен деп баарына чыдаганы. Ар ишимди аттиң деп баштабаймын. Канчалаган душманды баскандырсың, Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың. Сенде билем миллион мендей жан бар, А сен менде Кыргызстан жапжалгызсың(2)