Тёмный

Мелис Мураталиев - кыргыз касиети, бата берүү, устукан тартуу, тилибиздин сыры жана бийлик жөнүндө 

SO SOOOP
Подписаться 8 тыс.
Просмотров 26 тыс.
50% 1

T-Bank менен Россиядан акысыз которуулар - l.tbank.ru/sosooopkgtwjun
Ата-баба мурасын көздүн карегиндей сактап келебиз. Шоро / shorokgz
Бул чыгарылышта биз кыргыз таануучу, “Бакдөөлөт” фондунун президенти, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен “кыргыз” этнониминин келип чыгышы, Мамлекеттүүлүктүн 100 жылдыгы, дасторкон маданияты жана кыргыз тилинин касиети тууралуу маек курдук. Маектин жүрүшүндө коногубуз эмнеге кыргыздар эң байыркы элдердин бири экендигин, эмнеге Македониялык Александр кыргыз эли менен суктанганын, эмнеге кыргыздар алфавитти "арип" деп атаганын жана башка абдан кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Жагымдуу көрүү каалайбыз!
Биздин соц. тармактар:
Эрик:
/ erik_abdykalykov
/ erik_abdykalykov
Мээрим:
/ meerisha
Мелис байке:
/ @melis_murataliev
SO SOOOP:
/ so.sooop
Кызматташуу жана жарнама боюнча: ericabdy@gmail.com
Бул чыгарылышты түзүүдө кошкон салымы үчүн Эркеайым Курманбековага, тартуу жана монтаж иштерин аткарган Ислам жана анын тобуна, ошондой эле локация үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз!
00:00 Чыгарылыш эмне жөнүндө?
00:30 Эмнеге мен кыргыз тилин үйрөнүп жатам
1:24 Советтер союзу кыргыздардын тарыхын кантип жокко чыгарат
4:59 Балким, парс менен арабтар сөздү бизден угуп, бизден алышкан?
8:01 Сөз кантип пайда болгон же эмнеге кыргыз тили байыркы тил болуп саналат
17:34 Кыргыздын байыркы жазуусу менен араб жазуусунун окшоштугу барбы?
19:40 Алфавит деген сөз эмнени түшүндүрөт?
23:40 Кыргыздарда тамгалардын топтому эмне деп аталат?
27:21 Эмне үчүн “Арип”
31:37 Аял менен эркектин бүтүндүгү же жашоонун философиясы эмнеде?
32:44 "Ата" менен "Эне" сөздөрү кандай күч, энергияны камтыйт
36:12 Өз өлкөбүздө эне тилде сүйлөбөсөк кесепети кандай болот
40:10 Кытайлык кыргыздар Кыргызстандыктарды эмне кылып таң калтырды
43:05 Кыргыз сому кантип жаралды жана Кыргызстанга бекер акча которуу
44:41 Сактар кыргыздардын бир бөлүгүбү?
48:05 Сак менен гректердин салгылашуусу
51:59 Эмнеге Македониялык Александр кыргыз эли менен суктанган
1:00:09 Көчмөн жашоодо жер иштетүү мүмкүнбү?
1:04:54 Таруу жана арпанын кандай пайдасы бар
1:06:39 Батанын касиети
1:10:54 Кыргыздар устуканга таарынабы?
1:15:44 Төр талашып чыр чыкты
1:19:15 Дасторкон - бул ырыскынын башаты
1:21:08 Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы
1:25:30 Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 4 доору
1:29:47 Кыргыз каганаты учурунда башка улуттар өзүн “кыргыз” деп атап баштаган
1:37:40 Кыргыз тилинин дүйнөлүк тил болушуна Жибек Жолунун орду
1:43:21 Эмнеге түрктөр Барсбекти чыккынчы деп эсептейт
1:53:33 Кыргыздардын бийликке жасаган мамилеси
1:55:37 Эл деген сөзгө тиешелүү макалдар
1:58:38 “Манас” эпосунда бийлик жөнүндө кызыктуу окуя же ханды кантип шайлашкан
2:03:42 Эгемен мамлекетти кармап калыш биздин милдетибиз
2:06:30 Мелис Мураталиевден кыргыз элине бата

Опубликовано:

 

30 июн 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 370   
@so-sooop
@so-sooop 4 дня назад
Таймкоддору бул жерде. Видеого лайк басууну унутпаңыз жана кыргыз элинин бай тарыхын жана маданиятын жайылтуу максаты менен каналыбызга катталыңыз 🙏 00:00 Чыгарылыш эмне жөнүндө? 00:30 Эмнеге мен кыргыз тилин үйрөнүп жатам 1:24 Советтер союзу кыргыздардын тарыхын кантип жокко чыгарат 4:59 Балким, парс менен арабтар сөздү бизден угуп, бизден алышкан? 8:01 Сөз кантип пайда болгон же эмнеге кыргыз тили байыркы тил болуп саналат 17:34 Кыргыздын байыркы жазуусу менен араб жазуусунун окшоштугу барбы? 19:40 Алфавит деген сөз эмнени түшүндүрөт? 23:40 Кыргыздарда тамгалардын топтому эмне деп аталат? 27:21 Эмне үчүн “Арип” 31:37 Аял менен эркектин бүтүндүгү же жашоонун философиясы эмнеде? 32:44 "Ата" менен "Эне" сөздөрү кандай күч, энергияны камтыйт 36:12 Өз өлкөбүздө эне тилде сүйлөбөсөк кесепети кандай болот 40:10 Кытайлык кыргыздар Кыргызстандыктарды эмне кылып таң калтырды 43:05 Кыргыз сому кантип жаралды жана Кыргызстанга бекер акча которуу 44:41 Сактар кыргыздардын бир бөлүгүбү? 48:05 Сак менен гректердин салгылашуусу 51:59 Эмнеге Македониялык Александр кыргыз эли менен суктанган 1:00:09 Көчмөн жашоодо жер иштетүү мүмкүнбү? 1:04:54 Таруу жана арпанын кандай пайдасы бар 1:06:39 Батанын касиети 1:10:54 Кыргыздар устуканга таарынабы? 1:15:44 Төр талашып чыр чыкты 1:19:15 Дасторкон - бул ырыскынын башаты 1:21:08 Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы 1:25:30 Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 4 доору 1:29:47 Кыргыз каганаты учурунда башка улуттар өзүн “кыргыз” деп атап баштаган 1:37:40 Кыргыз тилинин дүйнөлүк тил болушуна Жибек Жолунун орду 1:43:21 Эмнеге түрктөр Барсбекти чыккынчы деп эсептейт 1:53:33 Кыргыздардын бийликке жасаган мамилеси 1:55:37 Эл деген сөзгө тиешелүү макалдар 1:58:38 “Манас” эпосунда бийлик жөнүндө кызыктуу окуя же ханды кантип шайлашкан 2:03:42 Эгемен мамлекетти кармап калыш биздин милдетибиз 2:06:30 Мелис Мураталиевден кыргыз элине бата
@user-gy4qw5qp1p
@user-gy4qw5qp1p 2 дня назад
Тил бузулса дил бузулат Дили бузулган адам озун тааныбай ар кайсы элди ээрчип тотукуштай туурап манкурт болуп калат.Буга азыркы мисал Кыргызча суйлогондон уялган Киргиздер жана Арапташа баштаган ашынган динчилдер кирет. Кайран Кыргыз буркут элен бир кезде Азыр блдун тотукуштай бир пенде.
@user-se7mb7lf3g
@user-se7mb7lf3g День назад
Жерин суйбос эл болбойт, элин суйбос эр болбойт.
@user-pv5ef4vl9t
@user-pv5ef4vl9t 4 дня назад
Ушунчалык кызык жана ото маанилуу !!!, ыйлагым келип кетти) Азаматсыздар !!! Онугуп осолу кыргыздарым!!!
@KyzdarkanBostonbaeva
@KyzdarkanBostonbaeva День назад
Кыргыз тилин создук словарын китеп кылып чыгарып мектепке киргизишпейби бул убака чейин ушундай создук китеп чыгарышпаганбы тилчилер .каада салт урпадат макаллакаптар боюнча неге создук китеп тёр эмдигиче жок мектеп програмамына киргизишкерекко
@user-ib3zi1lk5x
@user-ib3zi1lk5x 3 дня назад
Азыркынын Бакайы - Мелис агай! Өмүрүңүз узун болсун. Кыргыздын өзүн өзүнө тааныта бериңиз.
@scorpioantares1049
@scorpioantares1049 4 дня назад
...Эрик, Мээрим силерге чон рахмат, кыргыздын тарыхына, тилине, маданиятына коп маанини бергенинерге, Мелис Мураталиев сияктуу, ардактуу, терен билимдуу адамдарды чакырганынарга! Онугуп особергиле, кыргыз элибиздин озунун тарыхын таанып унутпаганына, чон салмак кошуп, журобергиле, мындан дагы чон ийгиликтерди каалаймын! Алга Кыргызстан!💪🇰🇬🌅
@user-vj4fx8xs5c
@user-vj4fx8xs5c 4 дня назад
Мен сыйлаган инсан. Кыргыз деп куйгон адам
@beka6873
@beka6873 4 дня назад
Уррраааа!көптөгөн күткөн чыгарылыш чыкты. Толук карабай туруп лайкты👍 "былч" этип бастым😂
@user-zv1bi9zd1h
@user-zv1bi9zd1h 3 дня назад
Мелис Мураталиевдей ,улутун суйгон,кыргызга таандык болгон бардык баалуулуктарды билген сабаттуу патриот жигиттерибиз коп болсун!
@user-es5ne4wu3y
@user-es5ne4wu3y 4 дня назад
Кыргыз экениме сыймыктанам. Кыргызстаным онугуп,осуп,оркундой бер! Рахмаат Мелис Мураталиев агайга, ушул маекти уюштуруучуларга. Ыраазымын
@uruipabaibolova9378
@uruipabaibolova9378 3 дня назад
Силерди уккандан тажабайм, кыргыздын уул кыздары онугуп осуп энсегенине жетсе да Кыргыз экенин унутпаса экен. Мелис агай , азаматсыз, Алып баруучулао 👍
@user-pz6zb4cm9k
@user-pz6zb4cm9k 4 дня назад
Мелис Мураталиевти уккун эле келет! Столько нового для себя узнаёшь.Вроде и знаешь , и слышал, а оказывается почти ничего не знаешь. Мелис Мураталиев почти на всё даёт полный расклад.
@KyzdarkanBostonbaeva
@KyzdarkanBostonbaeva 3 дня назад
Кыргыз элдеринде ушулайтылгандар азырга чейин эле аткарылып кележатышат УП адатар каадасалтар сакталып Мун мунга отуп келе жатат Жан заманбап тойллунда.кошо аткарышат
@perizaturkalieva7546
@perizaturkalieva7546 3 дня назад
Туура жазсаңар боло!​@@KyzdarkanBostonbaeva
@azamatakimov
@azamatakimov 2 дня назад
Деп орусча уруп ийдиң
@user-qr5vi4gh4k
@user-qr5vi4gh4k День назад
Сизге чон рахмат Мелис мырза❤
@user-ok2ee3kd9x
@user-ok2ee3kd9x 3 дня назад
Кыргыз тили бай ,байыркы тил,керемет тил,жогорку деңгээлдеги ыйык тил,Ата-Бабалардан калган мурас тил!Мааниси терең айтылчу окендай терең өтө бай тил экенин баары билиши керек!
@ultk9941
@ultk9941 3 дня назад
Мелис байке арыбаңыз! Ден соолугуңуз чын болуп эне тилибиз үчүн күрөшүңүзгө күч кубат тилейм! 🤲🏻
@user-jj1lh6iu1z
@user-jj1lh6iu1z 3 дня назад
Керемет ,тан каласын ушундай эл болгон экен ,болгондо да Кыргыз экен !!! Ошон учун Улуу Кыргыз Элбиз !!! Баары Табыгый !! Тен салмак !!! Тендик !!!
@user-jq1cb2ti4c
@user-jq1cb2ti4c 4 дня назад
Азаматсын иним,Кыргыздын тили бул Чынгыздын тили,Барсбектин,Кучлук хандын,Темирландын Жана датканын тили!!!!!Мен сыймыктанам ушул тилде суйлогонумо!!!
@user-yn5ic4ql6t
@user-yn5ic4ql6t 3 дня назад
Эн башы Манастын тили
@specialanalysis770
@specialanalysis770 3 дня назад
Күчлүк деген кара кытай го
@user-bb4pv7mz8n
@user-bb4pv7mz8n 3 дня назад
Досум эмкиде кыргыз тилинде жазсаң кыргыз тамгаларын колдонуга аракет кыл. Жакшы ой менен)
@timekgz
@timekgz 3 дня назад
Күчлүк , Тамерланг 😂😂😂 душманы болгон кыргыздын , кыргыз тилинде сүйлөгөн эмес
@zhyldyzbekabdykalykov562
@zhyldyzbekabdykalykov562 3 дня назад
Кушлук хан ичкиликтерге кошулат наймандардан чон алайда комулгон баласагун шаарында азыркы токмокто жашаган
@user-vn7ni3lm4k
@user-vn7ni3lm4k 3 дня назад
А БАРАКЕЛДЭ МЕЛИС МЫРЗА УШУНЧАЛЫК ТАК ЖАНА, УККУЛУКТУ ТҮШҮНҮКТҮ БИР СООНУН ЭЛДИН БҮЙҮРҮН КЫЗЫТКАҢ КЫЗЫКТУ МАЙЕК БЕРГКН ЭКЕНСИЗ, СИЗЕ ТААЗИМ🙏 ИШИҢИЗГЕ ИЙГИЛИК КИЙИНКИ КЫЗЫКТУ БЕРҮҮЛӨРҮҢҮЗДҮ КҮТӨБҮЗ.
@user-ib3zi1lk5x
@user-ib3zi1lk5x 3 дня назад
Кыргызча ардануу менен эмес сыймыктанууу менен сүйлөсөк башка улуттар тез эле тартыла баштайт. Алып баруучу бала мыктысың!
@vsvshshsjsosuss2813
@vsvshshsjsosuss2813 3 дня назад
Ото соонун тушунук берди.Кыргызстан оно бер,осо бер, өркүндөй бер.Мелис Аман бол.❤
@user-tg9oc1ij2o
@user-tg9oc1ij2o 3 дня назад
Эрик, сага зор ыраазылык, кыргыз тили үйрөнүү мага кеч болуп калды дебей үйрөнүп, өзүңө окшогондорго үлгү көрсөтө алдың
@user-tg9oc1ij2o
@user-tg9oc1ij2o 3 дня назад
Мелис Мураталиевди сүйлөтүп коюп эле угуп отурчу мыкты инсан- АТУУЛ
@Jyrgal-1985.
@Jyrgal-1985. 3 дня назад
Эң туура айттыңыз Кыргызстанда ар бир жаран Кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттүү, баардык подкасттар, видео кинолор, мультфильмдер, кафе, ресторан бир гана Кыргыз тилинде сүйлөшүүсү милдеттүү!!!!
@58TM58TM
@58TM58TM 3 дня назад
Кудай берген кереметтүү табигаттын, кыргыз экенибиздин, кыргыз тилибиздин, улуттук наркыбыбыздын, ата мурасыбыздын баркына жетели.
@skorpionsparta6345
@skorpionsparta6345 3 дня назад
Азаматсыңар мына ушинтип өзүбүздүн тилди барктап кыргызча чыгарылыш көп көп чыгарып тургула орусча билем бирок уктум келбейт эмнегедир, өзүбүздүн тил баарыбир башкача кыргызча ушундай берүүлөрдү уксам ырахат алам, Алга Кыргызстан 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🔥
@zhanylomuralieva2817
@zhanylomuralieva2817 3 дня назад
Мелис байкем озгочо Чон рахмат Жараткан Алла таалаа Кыргызым БАКУБАТ Кен пейил Кыргыз момун калкпыз❗
@BeigeHunter
@BeigeHunter 2 дня назад
Кыргызча сүйлөгөн,сизге абдан жарашат экен.Мындан ары сизден көп көп кыргызча контент күтөбүз.🇰🇬
@user-is1dm3zf7b
@user-is1dm3zf7b 3 дня назад
Мелис Мураталиевти уккуң эле келетко. Рахмат сизге ! Көп нерсени билдик
@salamatkyshtobaev8901
@salamatkyshtobaev8901 3 дня назад
Мелис байке - аалам! Мындай адамдар менен дос болуп жанында журуу озунчо эле керемет болот. Алла Таала ыраазы болсун 🤲
@user-zc3py1ec6d
@user-zc3py1ec6d 4 дня назад
Эрик балам азаматсың,теги бардан түңүлбөс деген ушунда.атанын баласы экениңди көрсөтүңүз, эң сонун адамдарды алып чыгып атасың,элди агартуу,тазалыкка алып келүү деген ушу болот.жакшы атанын уулу болуп жүрө бер, тукумуң миң жылга улансын.оомин.бул мен сага берген батам уулум
@kumarbekchambylov2452
@kumarbekchambylov2452 3 дня назад
Өркөнүң өсүп,жашооңду ийгилик коштоп, Кыргыз деген жүрөгүңдөгү отуң өчпөй,алдыга илгерилей бер, Мелис иним. Бул маегиң, адамга үлгүлүү маек болду,өмүрүң узун болсун.
@user-kb4dc6tc4l
@user-kb4dc6tc4l 4 дня назад
Ыраазымын сизге Мелис Мураталиев.
@user-fv8ut9si3k
@user-fv8ut9si3k 4 дня назад
Кыргыздар барсынарбы❤
@jolkurmanaliev2497
@jolkurmanaliev2497 3 дня назад
Мелис байке, жаны кызмат ордунуз менен куттуктайм!!!Дагы элинизге ак эмгегиниз менен таанылып журуунузду чын журоктонкаалайм...БАР БОЛУНУЗ,ДЕН СООЛУКТА БОЛУНУЗ!!!
@user-ni9zb2zx2i
@user-ni9zb2zx2i 3 дня назад
Кыргыз. Оз. Тупкулугуно. Кайтмайынча. Алдыга Жылбайт.. Мелис Мураталиевтин жардамы мене. Нукура. Тупкулугубузду. Ореотушубуз герек👍🤚
@Alake-uk5eh
@Alake-uk5eh 3 дня назад
Көп жылдан бери Россияда иштеп жүрүп, Кыргыз тилин көп колдонбогонго, бул подкаст кулака бал куйгандай сезилип жатат Чоң ырахмат ушундай жарыялап жатканыңарга
@saadatabdrahmanova7937
@saadatabdrahmanova7937 3 дня назад
Баракелде,кыргыз тили кандай уккулуктуу👍кыргыз тили өтө бай тил экендиги анык,кыргыз тилинде таза сүйлөгөндөр АЗАМАТТАР!!!Мелис агайдын кыргыз эли эң алгачкы жаралган деген пикирине кошулам,анткени "Адам,адам бол" деген жана бир муундуу сөздөр кыргыз тилинде гана кездешет,ошондуктан кыргыз байыркы таза тилдүү,таза дилдүү ,даанышман,баатыр эл болгону талашсыз... СЫЙМЫКТАНЫП,ТИЛИБИЗДИ ,СҮЙӨЛҮ,БАРКТАЙЛЫ ДАНКТАЙЛЫ😇👏👏👏АЛЫП баруучуларга ийгилик,беүү улана берсин👏👏👏
@zhanylomuralieva2817
@zhanylomuralieva2817 3 дня назад
Укмуш соонун Азаматсын журок жылыйт кыйындар эне тилде да суйлош кк Кубанычтабыз Сыймыктанабыз ❤
@user-vm6nq6om2p
@user-vm6nq6om2p 4 дня назад
Мелис агайды чыдамсыздык менен күттүм го❤👍
@user-kl2th5ri7o
@user-kl2th5ri7o 4 дня назад
Кызын септуу, келинин эптуу болсун, демекчи денизчи, рахмат, ишиниздерге ийгилик
@user-rg1gp3zh9p
@user-rg1gp3zh9p 3 дня назад
Эң сонун!! Жаңы билим алдым.Кыргыз тилин билейин дегендер,уккула!!
@Kochkorov.1
@Kochkorov.1 4 дня назад
Кыргыздар улут жаратуучубуз. Коп улуттар бизден тараган. Атабыз кыргыз деп
@stiveyserman1426
@stiveyserman1426 3 дня назад
Жашоого болгон коз карашты жана мотивацияны Аллага болгон ишеним жана кыргыздын тарыхы гана бере алат. Мелис, Аллах ыраазы болсун. Баары жакшы , бирок шариятыбызга да конул бура журунуз иним. Сизге куйгон учун ушул нерселерди айтып жатам. Жашообуздун манызы Калима тойиба !!! Кыргыздын тарыхын жайылтып, жашоонуздун баракасин берсин. Бар болунуз. Беруулорунузду чыдамсыздык менен кутуп, коробуз, угабыз. ❤❤❤❤
@user-yo5lo5ps3s
@user-yo5lo5ps3s День назад
Аллах журогундо, шарият оз баскан турганында болсун!Эмнеге тануулайсын?! Заебали иншаллахтар.Астофуриллах конечно.
@Akylai-gt2xl
@Akylai-gt2xl 2 дня назад
Бул передачаны улуттук телеканалдан тынбай, кайталап берсенер, ото пайдалуу экен.❤❤❤. Агайга чон рахмат, ото эмгекчил адам экен.❤
@TemirBirnazarov
@TemirBirnazarov 3 дня назад
Абдан билимдүү, ою терең, масштабдуу ой жүгүрткөн жигит! Угуп эле отургуң келет!
@user-gx2zf7vn3e
@user-gx2zf7vn3e 2 дня назад
Ведущийлер азаматсынар,кыргызчаны толук билбесенер да аракетинер учун, молодцы,👍
@user-ub8iv9cr2u
@user-ub8iv9cr2u 4 дня назад
Мелис агай коптун любимчиги болуп калды го,уккун эле келет 👍🏻👍🏻👍🏻
@user-bo5og9hb7z
@user-bo5og9hb7z 3 дня назад
Мелис Мураталиев байкебиз кыргызча абдан кооз суйлөйт экен, таазим❤
@amanbakirov2944
@amanbakirov2944 4 дня назад
Бул маек жан дүйнөмөн өзгөчө орун алды 👍👍👍
@user-pf9ez6xi1y
@user-pf9ez6xi1y 3 дня назад
Кыргыздын маңдайына жаралган байкебиз👍
@AdiletAsqarbek
@AdiletAsqarbek 4 дня назад
Ой-баай кыргызча😍 го, көрөлү👍👍👍
@user-dz4ho9ws4o
@user-dz4ho9ws4o 3 дня назад
Кандай сонун подкаст же маек десек туура болобу!? Мелис агай сизге чооң ыраазычылык! Сизге чын ден соолук, узун өмүр каалайм! Сиздин артыңыздан коп нерсени билип жатабыз. Кыргызстаныбыз ар тараптан өнүгүп-өсүп, тарыхыбызды, тилибизди дагы да кенен билген билимдүү жаштарыбыз көбөйсүн! Эрик азаматсың!!! Ийгилик!🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@zarina-tr4jd
@zarina-tr4jd 4 дня назад
Мелис агайдын эфирлери сонун👍👍👍
@user-ok1fq6rs2x
@user-ok1fq6rs2x 3 дня назад
Мыкты маек болуптур, ыраазымын. Мэлис агай коп коп келип, билими менен биз менен болушуп турсун деп чыдамсыздык менен кутобуз❤❤❤
@user-qi1tw5cp5c
@user-qi1tw5cp5c 4 дня назад
Азаматсын автор тил уйронойлу деген нити учун!!!
@ArslanNYC
@ArslanNYC 4 дня назад
Эки сааттын ичинде коп жаны создорду уйрондум😅 Мэлис байке сизге чон рахмат, Эрик жана Мээрим кылган иштеринерге ийгилик,алкыш 🫶 P.S надеюсь правильно написал, если есть ошибки не судите строго)
@user-ts7mm6qg6c
@user-ts7mm6qg6c 4 дня назад
Керемет🎉 мен силер менен дайыма сыймыктанам❤. Кыргыз тилибиз онугуп осуп, тоо гулундой жайылышын каалайм.
@user-cv7zs8tw1f
@user-cv7zs8tw1f 4 дня назад
Жаны кызматка келгениниз менен куттуктайбыз маданият министирлигине дайындалса жакшы болмок тарыхчы Адам баардык министирликте майын чыгарып иштей алат жадагалса мамлекетти башкаргангада татыктуу кошуналарды чакырып казино ачып Кумар ойнотсок байып кетебиз дебей бизде илгери байге сайылган кучтуусу утсун деп уйуну залокко койуп Ата энесини какшаткан келечектеги балдарга жол ачып бербей айтканча ставка ойногондорго салам силер утасынар алга
@Usman_2022
@Usman_2022 3 дня назад
Кыргызча маек кылганыңар абдан сонун болуптур, кыргыздар жөнүндө кыргыздар эле көрбөсө башкалар көрбөсө керек ошон үчүн мындан нары кыргызча маек кылсаңар жакшы болмок. Бул берүүңөр башкаларга караганда көбүрөөк көрүүчү чогултат деген ойдомун анткени кыргызча болду. "Кыргыз тилин чогу өнүктүрөлү"
@scorpioantares1049
@scorpioantares1049 3 дня назад
...Кудайыма, кыргыз болуп жаралганыма чексиз шугур айтам!💓🇰🇬🌅
@user-is1dm3zf7b
@user-is1dm3zf7b 3 дня назад
Кыргыз тилинде сонун чыгарылыш болуптур 👍
@mayabagysheva7758
@mayabagysheva7758 День назад
Мелис Мураталиев менин кумирим! Ото сыйлайм, бардык вилеолорун кууп кором. Менин кыргыз тилине, улуттуулука, урп-адатына, наркына болгон коз карашымды толук озгорткон инсан. Мамлекеттик тил комиссиясынын торагасы болгонун билгенден бери ото кубанычтамын! Ошол орунга ото татыктуу келди! Ишине чон ийгилик каалайм! Квргызды кыргыз бойдон калышына, адашкандарды кайтара турган инсан деп эсептейм. Агайдын идеясын колдоого, жайылтууга колумдан келишинче комок кылам. Келечекте бир уюм катары ушул ишти колго алып, жер-жерлерге жайылтып, ар бир кыргызга жеткируу зарыл. Кучтуу идеялогиянын жоктугуна, айрыкча жаштар арасында арабдашуу ото куч алган. Биз аларды кайтарууга милдеттуубуз. Ушул бойдон калса, кыргыз учун ото кооптуу болот.
@user-cj7zl9iy2w
@user-cj7zl9iy2w 3 дня назад
Мелис агайды ар квартал сайын чакырып турсанар да аздык кылат. Эрик, Мээрим азаматсынар! Кыргызча алып барганынар абдан жугумдуу болду
@user-wh7oz7qv8x
@user-wh7oz7qv8x День назад
Мелис Мураталиев менен болгон маек өтө кызыктуу.Блогерлерге чоң рахмат кыргыз тилине кошкон салымыңар үчүн.Мен силерге ишенем, азыр орусташып кеткен киргиздерге, жакшы сабак болот деп ойлойм
@user-pt7th8ln7m
@user-pt7th8ln7m 2 дня назад
Жарайсынар! Озубуздун тилибизди онуктуролучу! Кыргыз тилинде мындан ары алып баргыла! Бул биздин талап!
@user-ce5yh1le2x
@user-ce5yh1le2x 3 дня назад
Мелис байке менен чогуу бата кылып, ушундай сонун лекция укканыма чоң кубат алдым.Ыраазычылык сиздерге! Эрик, Мээрим азаматсыңар, сыймыктанам силердей жаштарыбыз менен.
@yrys4979
@yrys4979 4 дня назад
Кыргызча билет экенсиңда , Кыргыз тилинде алып бар . Биз өз мамлекетибизде жашайбыз, дунган , уйгурлардын мамлекети жок, өз тилдерин билишет. Ар бир адам өз эне тилин билиш милдеттүү.
@user-pf9ez6xi1y
@user-pf9ez6xi1y 3 дня назад
Тилинен бал тамган байкебиз!
@kelginnuruzalieva1670
@kelginnuruzalieva1670 2 дня назад
Мелис Мураталиев Чон Рахмат биздеги унутулуп калган каада салттарыбызды кайрадан жайылтып элдерге туура тушундуруп жеткирип унутулуп калгандарды эске салып жатат Рахмат Коп копсуранабыз
@user-es5ne4wu3y
@user-es5ne4wu3y 4 дня назад
Уррааа. Ушундай подкасты кутконмун. Чоон рахмаат❤
@user-tg9oc1ij2o
@user-tg9oc1ij2o 3 дня назад
Кыргыз элинин феномендигин далилдеген подкаст болгон экен 🎉🎉🎉
@razimanap5668
@razimanap5668 3 дня назад
Тойлордо "Операция баштык", деген кийин эле ысырапкорлук башталганда башталды, жеп түгөтө албай калгандарын ач көздөнүп баштыкка салып кетмей.
@user-cd6hb7ub3k
@user-cd6hb7ub3k 2 дня назад
Аябай сонун маек болуптур, чоң рахмат. Кыргыз тили боюнча айта кетчү нерсе, бул Совет доорунда кысымга батып келген кыргыз тили, биздин коомдо кыргыз тилин билбеген кыргыздарды жаратты, андан кийин эгемендүүлүк орногондон тарта, Кыргыз тилге болгон мамилебиз өзгөрбөй келген үчүн, ошол эле кыргыз тилин билбеген адамдардын балдары тил билбей чоңойду, билип туруп балдарына өткөрө албаган ата-энелер дагы арбын. Жаңы сөздөрдү орус тилинен алынгандын себеби дагы ушунда, насос, банкомат, актив жана башка ушуга окшогон сөздөр кыргыз тилинде мындай болот деп айткан адам жок болгон. Айтайын дегеним, кыргыз тил саясаты жок болчу, ушул убакытка чейин, эми мындан ары баары өзгөрөт деген үмүттөмүн. Азыр көп адамдарды байкап жатам, жаңы дем менен кыргыз тилин үйрөнүп жатышат, бирок баары эле ошого башы жетип же тил жөнүндө ойлонбойт экен, аны дагы эске алышыбыз керек. Жада калса кыргыз тилдүү адамдар, ресторан, кафеге барып кадимкидей орусча сүйлөп, менюну орус тилинде буйрутма берип, үн катпай чыгып кетип жатышат. Биз талап кылбасак, бизнес эч качан эч нерсени өзгөртпөйт. Мен деле азыр кыргыз тилин өздөштүрүп жатам, Орусия өскөнүм үчүн кыргыз тилин окуган эмесмин, көчөдө практика катары кыргызча сүйлөп, кыргызча тейлөө алайын десем, баары орусча сүйлөп туруп алышат. Бул деген абдан өкүнүчтүү көрүнүш, Кыргызстанда туруп алып кыргыз тилин үйрөнүп жаткан адам кантип практика иретинде тилин өздөштүрөт деген ой кетет. Бирок ошого карабастан, кай жерде болбоюн, мага орусча сүйлөсө кыргызча жооп берип жатам, керек болсо кыргыз тилинде меню жок экен деген дагы талапты коюп келем. Ошого сиздерге дагы сунуш катары айта кетет элем, кыргызча тейлөөнү талап кылгыла.
@user-fy6mo8nn2y
@user-fy6mo8nn2y 3 дня назад
Азаматсынар ушундай кыргыз таануу корсотуулорун коп чыгаргыла.Мелис мырзанын иштери илгерилей берсин.
@jumadilov
@jumadilov 3 дня назад
Абдан жакшы маек болду. Чоң ыракмат! Көбүрөөк ушундай подкасттарды күтөм. Дагы бир жолу угуш керек окшойт. Өтө көп инсайт келди ) Эрик, кыргызча подкаст менен куттуктайм!
@user-fv8ut9si3k
@user-fv8ut9si3k 4 дня назад
Азаматсынар❤
@aiperinusubalieva944
@aiperinusubalieva944 3 дня назад
Чоон Рахмат ушул ❤ уйулушка , абдан туура создор айтылыптыр, менде мындай ой кетти, менин ойумча ушул Кыргыз эли, ушул убака чейин , жалдырап жургонубузго дагы чон муктаж болуптурбуз, анткени орус элинин баскынчылыгы менен өз- өзубузду ача албай жана толугу менен орус элине баш бербей, -как говорится: ниже травы тише воды болуп журо бериптирбиз! Эми 100 жылдан кийин оз озубузду билип терең казып - мен Ким деп суроо берип 37 жашка келдим! 😊 кудайым буйруса жакшы жетишкендикке жетебиз деп ишенем, каалайм ❤
@user-kb5ki7zi9z
@user-kb5ki7zi9z 2 дня назад
Азамат Эрик кыргыздын мекенчил жигити экенсин а Мелис Мураталиевди укксан кулагын эс алат бар болгула
@absolutelytvstyle
@absolutelytvstyle 4 дня назад
Азаматсын ! Кыргызча суйлогон эле жигит турбайсынбы .
@actan1875
@actan1875 3 дня назад
Мелис агайдын ар созу маанилуу!Алтын фондго жазыла турган Алтын создор!
@user-kl2th5ri7o
@user-kl2th5ri7o 4 дня назад
Эн сонун маек болуптур, биздин бабаларыбыз боксо тоолордо таруу айдашчу, таруудан талкан, аш, бозо жасап иччуубуз, кайракы осот, 2айга чейин бышат, арпадан да талкан жасап жарма бышырылат, ден соолукка ото пайдалуу, ошондуктан алардын ден соолуктары бекем болгон
@asman447
@asman447 4 дня назад
Ырахат (кайф) алдым чоон рахмат
@user-jc4jc5um3u
@user-jc4jc5um3u 4 дня назад
Абдан сонун. Рахмат, таазим.
@zhyldyzbekabdykalykov562
@zhyldyzbekabdykalykov562 2 дня назад
Азаматсын эн сонун маек Мелис ушундай коп коп чыгып тур Киргиздерге аябай жакшы жардам тушунук бересин
@user-zh1xq4gb4g
@user-zh1xq4gb4g 2 дня назад
Абдан маанилуу, кыргыз болуп жаралганына сыймыктанып,намыска бек, онугуу жолуна ундогон, журогуно жылуулук тартуулаган маек! Кыргыздын оз Эне-тили,Маданияты ,Каада-салты бар Кыргыз экендигин тааныткан , изилдеген Мелистей Азаматтарыбыз коп болсун!!!
@user-ig9ln5tw2w
@user-ig9ln5tw2w День назад
Ураа сонун маек болуптур, Кыргыз тилинде алып барууу бул сонун жанылык🎉Бар болгула алтындар!Кыргыз тили улуу, касиетту тил!❤❤❤
@user-ig9ln5tw2w
@user-ig9ln5tw2w День назад
Эркин Мээрим сиздерге чексиз ыраазычылык билдирем, Кыргыз тилинде алып барганыныздар учун😊😊👍👍🥰🥰👍👍👍👍🌷🌷🌷
@user-iv6ow7gn9o
@user-iv6ow7gn9o День назад
О Кудайым Мелис Мураталиевди бизге бериптир ушу абдан сыйлайм мыкты адам сизге ден соолук узун омур каалайам Мелис Мураталиев
@gulmiraomuralieva4658
@gulmiraomuralieva4658 2 дня назад
Мен Мелис мырзанын ар бир интервьюсин ото кызыгуу менен кором. Абдан маанилуу маалыматтарды озум учун алам. Рахмат подкаст учун👍
@user-bs4md3eh9c
@user-bs4md3eh9c 3 дня назад
Как приятно вас слушать. Благодарю вас за красоту мысли, речи, интеллекта, индивидуальной особенности. Хочется смотря на вас меняться. Быть таким как вы.
@chynarakadyrova4942
@chynarakadyrova4942 3 дня назад
Эң маанилүү маек болуптур. Бата жөнүндө, устукан жөнүндө сонун түшүндүрмө айтылыптыр. Кийинки муундарыбыз ушуларды эске ала жүрсө жакшы болор эле.
@Bak346
@Bak346 3 дня назад
Кынгыздар а дегенде амандашуу оөзүн оңдойлу.Ассалоом алейкум эмес Арыба деген сөз болуу керек.
@user-nz2ud3xy7b
@user-nz2ud3xy7b 3 дня назад
Азаматсыздар аябай сыймыктандым. Жан дүйнө мелт калт толду ырахмат мындай эфирлер көп болсун.Агай сизге өзгөчө ыраазычылык билдирем сиз аркылуу көп маалыматтарды алып жатабыз.
@maraniyazmatov6839
@maraniyazmatov6839 2 дня назад
Баракелде, Мелис байке, Эрик, Мээрим, Со сооптун буткул жааматына алкыш. Ийгилик каалайм сиздерге
@freeman_996
@freeman_996 2 дня назад
МЕН КЫРГЫЗ ЭКЕНИМЕ СҮЙҮНӨМ ❤😘
@user-pe3bj9mz3c
@user-pe3bj9mz3c 2 дня назад
Ассалому алейкум Кыргыз Элим.Эн жакшы теле алпаруу экен.Азыр бизге ,келечек муундарга тил маселеси ото аба менен суудай керек.Сунуш алып баруучулар ваууу деп тан калганды тобоокееееч деп алмаштыргыла.Силерди кыргыз эли коруп жатат да туурабы.
@user-cu2tr3xx7c
@user-cu2tr3xx7c 3 дня назад
Мелис байке, кечке эле "Кыргыздар көчмөн эл болгон"- деп айта бербеңиз! Отурукташкан кыргыздарды эмнеге айтпайсыз? Көчмөн жашоо менен улуу империяларды куруу мүмкүн эмес. Бул акылга сыйбаган нерсе. " Туура түшүнөсүз" - деп ойлойм.
@user-yg1mo9hq1h
@user-yg1mo9hq1h 4 дня назад
Бала бакча, мектепти биз деле кыргызча бүтүп, орусча , англисче дагы сүйлөп эле атабыз. Койгулачы обу жоктонгон шылтоону айтпай, Бишкекте любой тарапка таш ыргытсаң кыргыз тилдүүнүн башына барып тиет, үйрөнчү кишиге оңой эле. Ушул шылтоону уксам эле андан ары уккум келбей өчүрүп салам. Чет өлкөлүктөр бир жылда эле үйрөнүп атышат.
@emil_alibekov85
@emil_alibekov85 3 дня назад
Ай азамат баракалла, балли уулум балли суудай сереп бол, чооң жигит бол деп бата беришчү аксакалдар.
@user-gw8tv5gy6x
@user-gw8tv5gy6x 2 дня назад
Эң сонун кеп уюткулү кыргыз элинин эң бир керемет кептерди айтыңыз. Сиз үчүн биз сыймыктанабыз
@aidaisultanova6581
@aidaisultanova6581 3 дня назад
Соонун эфир болуптур абдан жакты ишиңерге ийгилик.👏👏👏 Кыргыз экениме дагы бир жолу сыймыктанып кеттим.🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@MendenSAGA
@MendenSAGA 3 дня назад
Азамат! Ананайын, баары дакшы болот! Мен да эч качан кыргыз тилин окуган эмесмин, бирок бара бара такшалуудамын: жазам, окуйм, котором, алигече орус тилди билимим биринчи орунда.
@temurlankasymuulu957
@temurlankasymuulu957 2 дня назад
Уюштуруу тобуна ыраазычылык. Жалпыңыздардын үй-бүлөңүздөргө аманчылык каалайм. Эрик ага кыргыз тилин үйрөнүү аракетинен жазбаңыз. Албан, албан ийгиликтерди каалайм. Мээрим эже татынакай,келишимдүү айымсыз. Кудайым эки дүйнө бактылуулук берсин.
@user-kl2th5ri7o
@user-kl2th5ri7o 4 дня назад
Манаста Карамырзанын баласынын баш соогун мойнуна илип койгондугу айтылган, уурулук кылгандыгы учун, ошондуктан айылга кошула албай четте озунчо обочолонуп жашаган, бул ото катаал жаза албетте
@talantomuraliev4703
@talantomuraliev4703 3 дня назад
Керемет сөз болуптурго!!! Кандай эл элек кандай эл болдук😭
Далее
skibidi toilet multiverse 039 (part 1)
05:29
Просмотров 6 млн
Ayollar orzusidagi er😂😂
01:01
Просмотров 963 тыс.
Кенесары кантип? Неге өлгөн!
5:09