Менин айылым эң кооз! Айылдаштарым,ынтымактуу,таланттуу,өнөрү м.н элге таанылган,сыймыктана турган ага-инилерибиз,ак элечек эже-энелерибиз,(ардактуу аталарыбыз өткөн)ыйык кичи мекенибиз! Мен өз айылым м.н ж.а айылдаштарым м.н сыймыктанам! Казыбек ж.а жамаатыңа ыракмат! Жалпы Эркин айылымын атуулдарына сак-саламаттык,окууларына ийгилик каалайм! Алтынбек иниме да ыракмат!
Ааламга жол,айылдан башталат,демекчи биздин айылдан канчалаган эл адамдары,таланттуулары өткөн.Саид Бекмуратов белгилүү кыякчы,кызы Салима Бекмуратова опера ырчысы,Алтынбек иним айткандай,Садыр балбан өткөн.Ата-бабаларыбыз айтып жүрүшкөн,Эшен калпа өткөн.Биз сыймыктанган мектебибиздин атын алган,Садык Маматов тарых мугалими(согуштун ардагери)Жумабеков Камил(эмгектин ветераны)өткөн.Айта берсек көп,биз билбеген канча,атактуу,талантттуу инсандар өткөн ыйык айылыбыз.Ата-бабаларыбыз,эли-журтубуз,кичи мекенибиз-Эркин айылыбыз м.н сыймыктанабыз !