Мекенге аман эсен жетип ал жердешим. Бизге да кете турган күн эртесинен буйрусун.Мекенге деген сагыныч күндөн күнгө күч алып барат.Мигрант жашоо жанга тийдигоо.😢
Асманга жылдыз болуп тогулдук биз! Ааламга ак калпакчан корундук биз! Чоп болдук жер тандабай осо берген биз! Булуттай аалам кезээрбиз!😢😢😢😢😢😢 Кандай гана тасирлуу ыр саап
Оа Бир тарабы ал Эми Бир тарабы канча Адам уйлуу болду балдарын окутту м дагы деле основной акчалар ошол Москвадан келип жатпайбы берекелуу Шаар экен озбек таджик кыргыз Жана башка улуттар акча таап буттан туруп жатышат
Ыйлап кордум, Мен да минрант, кудайм мага женил жагынанда алып журот экен, 13 жыл болду Москвада😢Ушу Жанылууга мага жол бербей акылымды бек кылган. АЛЛА ТААЛАМА ШУГУР ШУГУР 😢 кыйынчылыктар коп болду бирок адашуу эмес. Ээ АЛЛАХЫМ ЫРАЗЫМЫН. Эжекелерибиз, Кыздарыбыз кыйынчылык корбосо экен. Эркектерибиз намыстку кучтуу болсо экен😢
Кино супер 👍 курволиб йигладим😭 15 йилдан бери шу йердаман Россия да Кыргызстан 🇰🇬 сени согиндим кани узимизда яхши буса йелками чукури Курсин эди шу ерларда юуришга
Мен ушул окуяны басып отком,сынгам кыйналгам ,ошол нерселер мени кучтуу кылды азыр Кудайга шугур мен кыялданган жашоодо жашайм.Айтарыым Кудайым бир эшикти жапса мин эшикти ачат.
Аллахка чексиз шугур мигрант болуп омуру четке чыкпадым куйоом жалгыз иштеп багып жатат бизди жакшынакай кылып элдин катарында чексиз шугур кыламын жакшы эркектер кооп биз аялдар колдошубуз керек
Мен дагы окууну бүткөндөн бери мигрант болуп иштеп журом билинбей 20 жыл өтүп кетиптир азыркы учурда келинчегим менен Москвадабыз Кудай буюрса күздө биротоло кетебиз деп жатабыз ар бир мигрант болуп жүргөн мекендештерге ден соолук күч кубат эсен аман өз мекенибизге жетип алалы
Эээх Кыргызым каерде болсок да эсен аман кетели өзүбүздүн жерибизге. Кино жакшы тартылыптыр азыркы жашоодон көргөзүлүп. Ийгилик каалайм баардык актёрлорго.
Мен дагы үй бүлөөм менен 13 жылдан бери мигрантбыз ,Бирокзаконду бузбаганга аракет кылып иштеп жүрөбүз.Аллахым баарыбызга ыйман нысап берсин! Туура эмес иш кылгандан сактасын 🤲🤲 кино сонун болуптур өзгөчө мигранттарга ,жана эми келем деп жаткандарга сабак болсун деп ниет кылышыптыр режисер,жана актёрлор ,Баарыңыздарга Алла ыраазы болсун.
Жарогум ооруду былтыр эжем каза болгон Масква да болнисада жатып бетин ачып койуптур супсулу болуп жатат коргозот экен кирип коргондон кийин бетин жаап койду 2 кундо алып кеттик Кыргызстанга😢😢😢
@@user-yi9yp7xn2uАрты кайрылуу болсун эжеңиздин..😢😢 Өкүнүчтүү,бөтөн жер бөтөн элдин арасында жүргөн кыргыз жарандары ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп атышат..
Мындан 5 жыл мурун мен да Мигрант болгом,бирок бойдок кезим болчу Жолдошум менен Москвадан таанышкам ,азыр Жолдошум балдарым менен Бишкетебиз.Кудайга шугур оз жерибиз,оз элибизден айланайын Кыргызым! Кыргызстаным!
АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ ЖАМААТ! КАНТСЕ ДА ЧЕТ ЖЕРДЕСИНЕР ДЕН СООЛУККА ЖАКШЫ КАРАГЫЛА! ЖЫЛУУ КИЙИНИП КУРСАГЫҢАРДЫ ОЗ МААЛЫНДА ТОЙГОЗУП ЖҮРГҮЛӨ! ЭРТЕ МЕНЕН АЧКА КЕТПЕГИЛЕ! МОСКВАДА ИШТЕП ЖҮРӨ БЕРИП СУУК ӨТКӨЗҮП АЛЫПТЫРМЫН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИП ЛЕЧЕНИЯ АЛЫП ЖАТАМ БОЛЬНИЦАДА. АЛЛАХКА АМАНАТСЫНАР ЖАКШЫ ИШТЕП МЕКЕНИНЕРГЕ КАЙТЫП КЕЛГИЛЕ. БААРЫНАРГА ИЙГИЛИК 🤲🍃
Бизде чондор ар кимиси озунун ишине жооп керчилукту алып мамлекетен акча уурдап жебей ар бирибиз мыйзамды сыйлап ынтымак болсок анан буйруса онугобуз деп ойлойм
Кыргызстан осуп онугуп ,, эч кимди биронун элине кор кылбасын, баарыбыз жараткан жар болуп, эсен аман кайталы , канча аракет кылбасак да киндик кан тамган жердин абасын,суусунан калбайлы …абдан чындык Рахмат ушу кинону жарыкка чыгаргандарга ,, алга дагы осуп оркундой бергиле,,журок ыйлайтко 😢
Мен 2-3 күн мурун телеграмдан иш издеп калдым эле, ачык эле айтышты, алып апарасың жеткизип фотка кыласың деп. Акчасын көп айтышты кызыкпагылачы айрыкча жаңы келгендер түшүнбөй барып алып атышат. Кыргызым аман болгулачы😢
Мигрант болуп корбосом да жан дуйном сезимим менен туюп кинонун башынан аягына чейин ыйладым.... Олкобуз онугуп сагынычтын,алыс журуп айрылуунун ызасын тартпасак экен... Олкодон сыртта жургондорду жараткан колдоп аман-эсен кайтып келишине тилектешмин. Кино ото мыкты тартылыптыр. Жалпы жамаатка рахмат❤
Кино сонун чыгыптыр жашоодон алынып азаматсынар! Буйруса баары жакшы болот Кыргызстан онугот озубуздо иштеп эч Ким мигрант болуп эч Жака чыкпай Оз олкобуздо бактылуу болуп жашай Турган Кун келет иншАллах Сабр!!!
Эх мигранттар, биз да 16 жылдан бери мигрантпыз. Кудайга шугур, баарына жетиштик. Айнура "Кухня" сериалындагы эжекеге мени да иште коп окшотуп журушту. Эн сонун кино, Кыргызстан алга.
Сонун тасма болуптур!!!!! Билим мене акылды туура колдонуш маанилуу!!!! Ар бир адам башты чач остуруш учун эле эмес экенин тушунсо болот!!!! Акча дегенде олуп талбай эле иш кылса деле болот!!!!
Ушундай Кино Тасма Чыгып турса элге да пайдасы тиет....Экш фантастика Тама Шоу кылып элди кулдурткучо....Канча деген Кыргыз элим чет жерде журот.... Молодцы аябай таасирдуу Кино экен....
Кыргызстанды сагындым,кетким келет.Туз насип буюрсун баардык мигранттарга ,бөөдө кырсык,бөөдө кайгыдан сактасын Аллахым.Жаркырап оорубай күлүп жайнап ,самолетко билет алып мына учабыз деген жүзүбүздөгү жылмаюу болгон күндү баарыбызга каалайм жана насип кылсын.Мекендештерим.Эң сонун тартылыптыр.Актер актирисаларга чоң рахмат.
Ээх жараткан ушул тасманы көрүп аябай ыйладым. Ушул мусаапыр жерде жүргөн баардык кыргызымды тагдыры талкаланган уул. Кыздарыбызды өз туура жолуңду көрсөт. Өзүң жардам кыл кырсык курук доомат бей бечараларга жардам бер. Аллахым өзүң колдо эсен соо тууган уругубуз, ата эне , бала чакабыз менен эсен соо алты саныбыз менен өзүң колдо. Жаратканым өзүң колдоо ушул көргөн тасма бүт кыргызыма сабак болсун. Мусаапыр жеримде колдосун режиссер лорго актерлорго терээң ыраазычылык көрсөң жүрөк сыздап, жан кейитет ошол Кыргызстан да жакшы жащоо бут шарт болгондо атаганат жүрбөйт белек кор болбостон Кыргызым
Москвага 2007- жылы келгем. Канча татаал кундор отсода , бир жолу да ыйлаган эмесмин)) Азыр ушул тасманы коруп, коздон жаш кеткенин байкабай калыптырмын)))) Аябай жакшы тартылыптыр , рахмат чоон!!! Кыргыздарым аман болушсун Аллахым колдоп. Мекенибиз онолот ИншаАлла! Баарыбыз кетебиз табияты тан калтырган Кыргызстаныма!!!
2 жыл мурун чогу иштеп жургон элек . Азыр болсо Малик актёр болуп кетиптир молодец Ошол кезде айтчу мени коросунго киного тушом мени кинодон коросун деп 😊азыр коруп тан калдым
3 жыл мурун болгон окучны айтып берейин Бир кун бир группада 1 кыз жазып калдым жардам керек деп, бечара 1жума жазды акча керек, кварплатага,документке деп, анан жаздым кел жардам берейин деп, жолугуп 3-4 саат чайханада олтурдук суйлошуп, аар арманын айтып берди, ичинде 2 эги кызы бар экен Ата энеси кечип жибериптир уйдон чыгарып, жолуккан куну 5000мин сом бердим кварплат толоп ал деп, андан кийин куундо жолуга турган болуп калдык, таштап кеткен баланы издедик эколоп, эч таппай анан, мейли деп магазинге барып кийим алып берем, жумасына акча которуп турчумун, документтерин жасап бердим, анан акыры больницага такси менен алып баргам 2 эгиз кыз тороду, ата энеси менен байланышып аран жолуктурдум, болтницадан чыгарып 2-3 ай жардам берип журдум кийин кыргызстанга кетип калган ошондон сон связь жок, кээде эмне болду экен деп ойлоном
Тарых ким мигрант болсо буйурса кайтабыз Кыргыз олкобузго ❤! Рахмат ушу кинону чыгаргандарга мен тааныган Алмаз ака, Асылкан эже Назира ж. башка каармандар чыныгы мигрант жузун корсотупсуздор алла ыраазы болсун!
Өтө маңыздуу , мазмундуу тасма экен, үй бүлөбүз м-н биргеликте көрдүк, Кыргызстаныбыз өнүгүп өсө берсин , ар бир инсан тилеген ой максаттарына жетсин,аман болуңуздар мекендештерим!!!
Жашоодон алынып тартылыптыр, ушундай кыйынчылыкка учураган бир боорлорубуз толтура. Мындай жамандыктардан алыс кылсын Аллахым. Кыргызстаныбызга аман эсен кайтып келишсин. АМИИН.
Кино мыкты денгелде тартылыптып азаматсынар Бир нерсе айткым келет Бет бум деген игровой жер бар 80 пайыз кыргыздар ойнойт тапкан аксанын баарын уттурат кыргыздын жигиттери ушун токтолук бекер сыр капканда дегендей ошол адал менен келген акчаны уй було ата энебизге салалык баарыныздар менин бир тууганымсынар аман жургуло ❤ Кыргызстан
Тасманы тарткандарга таазим. Эмгегиңерге чооң рахмат. Алыста жүргөн мекендештер аман эсен Кыргызстанга кайтып келгиле, кайда болсоңор Жараткан колдосун.
Аны элибиз оз колу менен жасап алышты.Шайлоолордо бир кундук жашоо учун АЛГАН АКЧАСЫ жана ТУУРА ЭМЕС ТАЛАПКЕРЛЕРДИ шайлап алганынын натыйжасы.@@BdbxbXhhd
Аллахым Озу Чексиз Мактоолор Озуно чексиз шугурлор болсун Аллахым боодо келген балее кырсыктан Кыргызстаныбызды Кыргыз Мигранттарын( Талаалап жургон) Озун сактай кор Аллахым Ата Энебизге ден соолук узак омур бергин Аллахым Бизди Качан келес деп куткон Балдарыбыздын жанына Эсен Аман барышты Насип эткин Аллахым Кыргызстаныбыз Онуп Оскон Мамлекеттердин катарында болуштукту озун Насип кылгын Аллахым . Амиин
Эх чиркин,аябай соонун тартылыптыр,чыныгы турмуштан алынган кино,азаматсыздар. Бул кинону жазган аткарган режиссёр актерлорубузга иштерине ийгилик ,негизи эле биздин Кыргыз улутунун мээсине жеткире эле тарткан,анча мынча жолдон адашкан инсандарыбыз корсо кана...
ЫРЫС Айым Сизге ыраазычылык. Эң мыкты тасма болуптур. Аткарган артистерге да алкыш. МЕКЕНДЕШТЕРИМ БААРАҢЫЗДАРДЫ ЧАКЫРЫП КЕТЕТ ЭЛЕМ КЕЛИҢИДЕР АТА БАБАЛАРЫБЫЗДЫ УЯТ КЫЛБАЙ ӨЗ ЖЕРИБИДЕ , МЕКЕНИБИЗДЕ ЭМГЕКТЕНИП АДАЛ ИШТЕП БАКТЫЛУУ ӨМҮР СҮРӨЛҮ. АК ЭМГЕК МАҢДАЙ ТЕРИБИЗ МЕНЕН тапканыбыз менен гана эки дүйнөдө бактылуу боло алабыз!!!
Эх омур омур кандай кана кыйын кундор отту,адам чыдап журо берет экенбизда. Ээн кыйыны груз 200 ду кетириш жакындарынан айрылып турган учурлар абдан оор. Барыбыз бул дуйнодо бактылуу болуп жашашыбызга акыбыз бар, буюрса онуккон мамлекет болобуз.
Сонун тартылган экен, кино эмес эле бир чыныгы болуп аткан окуяны коргондой болдум Ыйлап кордум, музыкасын дагы абдан соонун тандашыптыр, коздон жаш озу эле чууруп кетти! Омурумдо мигрант болуп коргон эмесмин, жакындарымдын баары эле Кыргызстанда, Кудайыма шугур. Бирок аябай боорум ооруду кыргыздарым учун! Жашоо турмуш кыйнабаса ошол алыска барышпайт эле да! 2022 жылы чыккан кино экен, мен эми кордум 2024 жылы. Койгон режиссёр, сценарист, актерлорго таазим! Азаматтар! Абдан кректуу, соонун теманы чагылдырдынар!
Бул корунуш аябай окунучтуу. Ата -энелер советтик, илгерки жашоо денен менталитет бутту. Балдарынарды окуткула, акылы менен акча тапканга уйроткуло. Мунун баары билимсиздик айынан болот. Эээх кыргызым карангылыктан чыга албай койдукко. Окугула, билим алгыла!!!! Кыргызстанды бир кана билим , акыл менен которуп кете алабыз башка жол жок.
Тупптура! Билим алып акыл менен иштешибиз керек! Кен байлыктарды чукуп, жерди сууну сатканга, даже туризмге каршымын. Көздөн учкан алтын топурак жерибизди сактап, урпактарга өткөрүшүбүз керек.
Бул жерде биздин денебиз Гана иштеп журот ойубуз журогубуз Кыргызстанда Аллахым ар Бир мекендешибизди оз эл жеринде осуп онугуусун жана келечегин Кен кылсын🤲🏻🤲🏻🤲🏻
Роботбуз десениз😢 кундо ошол, денем каалбайт эч нерсени, колум бутум кыймылдап эле журо берет, роботмун деп коем озумчо, конуп калган денем, кылбасан ачка каласын деп коем😂 эээх, бир туруп кулосун бир туруп ыйлайсын, Айла жооооок айла деген ырды ырдап коюп журо берем
Азыр Турцияда иштеп жатам гид болуп, негизи башкача сезилет экен чет элде журуп корсон мындай кинолор. Баардык мигранттарга ден соолук жана ак эмгек менет Акча табуунк тилейм😇
Ушунча кыйналган карапайым адамдар барбыз кино аркылуу корсотуп бергениздерге чон рахмат!!! Ыйлап атып буттум!...😭😭😭Озум да мигрант болуп иштебеген Ишим калган эмес корунгон жердин полун жууп
Өтө соонун тарбиялык мааниси жогору кино болуптур.... Ийгиликтер болсун ушундай тарбиялык мааниси жогору деңгээлде кинолорду чыгара бергиле Кыргызым.... Мигранттар аман болушсун
Бул кинону коруп менин да жаны келген кезим эске тушту. Келгенден кийин 1,5 жылдан кийин куйоом башкага уйлонуп алды. 2 баламды кучактап Россияда 2 жумушта иштеп чонойттум. Кыздарым акылдуу болуп, гимназияны бутуп Россиянын ВУЗдарын бутушту. Кудайга шугур, азыр озумдун уйумдо ушу кинону коруп жатам. Окунучтуусу кыздарым Кыргызстанга барбайбыз дейт, орус болуп калышты.
6жыл иштеп тапкан акчамды тольман строй деген кампаниянын деректору уй берем деп алдап акчамды алып уйда жок качып кетип калды, ошентип кайра кеталбай иштеп журом. Ушунчалык чарчадым баламды сагындым.
коруп козумо жаш келди😢😢😢.озубуздо Кыргызстанда завод,фабрикалар курулса жаштар иштемекпиз тытынып.иштейин десен айлык аз.жаш балдарыбызды бала бакчага берели десек бала бакча жетишсиз.Кудайым буйруп Кыргызстан оңолсун,өнүп өссүн.😢😢😢биз да убагында мигрант болдук үй кылабыз,жай кылабыз деп кыйналдык.ыйладык,сыктадык.эми болсо баары артта калды.бирок Кыргызстан дагы деле ошондой.оңолуп кетпеди дааа
Бир дем менен кордумго❤ козумдон жашым куйулуп😢 кордум,Аллахым туз жолубуздан адаштырбасын .Кыргызстаныбыз онуп оссун ботон жерде иштебей оз олкобуздо иштеп онуп оссушту Аллахым нассип кылсын Оомин
Бул кинодо кыргыздын чыныгы жашоосун далилдептир. Рахмат режиссер го ишиңизге ийгилик. Бир убакта мен да мигрант болгон азыр кудайыма шүгүр үй бүлөм менен Кыргызстанымдамын.
Кино аяабай сонун тартылыптыр, бир ыйлап,кайра сооронуп,кайра ыйлап атып кордум. Алла ыраазы болсун ушундай койгойлорду,чыныгы минранттардын жашоосунан бир элес корсоткон режиссерго,ойногон каармандарга. Чон-чон ийгиликтерге жетишишинерди каалайм! Мен 2006 жылдан бери Москвадамын,алдап кеткен,корс мамиле кылган биргана озубуздун Кыргыздар! Алла колдоп биздагы башка улуттарга окшоп ынтымак болойлу.
😢😢😢 аяб таасирлуу кино болуптур. Журогум ыйлады, ар Бир кыргыз кыйынчылыкта калган мигрант болдук.кыргыз Бир боор Элим Аман эсен болгулачы. Боодо кырсыктан, жамандыктан Аллах ОЗУ сактасын.
7:05 мен дагы эле катары масквада мигрант болуп иштедим метро Волгоградский проспект рес.Тануки 2011-2014. Азыр Оштомун.Ошол жакта иштеген бир кыргыз бир туугандарыбызга бекем ден соолук каалайм аман эсен Кыргызстанга келгиле силерди ата эне бир туугандар күтөт
Атанбаев туура айткан экен кыргызга кыргыз душман деп,биз эч убакта онукпойбуз😢,ошол учун эрлер намыстуу болсо,эли тынч болот,Эркектер намыстуу болсо келечек ,нарктуу барктуу болот.Эркектер биз намыссыздыгыбыздан олко онукпойт,озубуз онукпойбуз,канчалаган ,бей куноо наристелер жарым жартылай жетим,ажырашуу коп болуп жатат.Кунумдук жыргалык,беш минуттугун ойлогон келечек эркектер кобойсо ,кыргыз жок болуп кетеерин сезбей жатабыз😢😢😢аттин келечек тил менен жараткан,дил менен айбандар кобойгондугу акыр замандын жышааны
Эң соонун кино болуптур! Аселдей болгон делбекандарды мен жек көрөм, проблемаларын танып далдырап! А так фильм бомба! Аселдей делбе, Азаматтай келдир болбой зынгырап барып кычырап иштеп грамотно иштеп журолу Кыргыз элим ❤️🇰🇬👍🙏🇷🇺
Сценарий жакшы түзүлгөн, аткаруучуларга терең ыраазычылык! Бирок, бул кинодогу көрүнүш тээ 2000- 2010 жылдардагы же 2015 ке чейинки мигранттардын жашоосу чагылдырылыптыр. Азыркы мигранттардын аң сезими абдан өнүккөн, мигрант деп атагым келбейт. Албетте, өз мекенден өтөрү жок, бирок, иштин жоктугунан, кымбатчылыктын кесепетинен РФ да иштеп жүрөбүз. Бар болуңуздар💐
Наоборот азыр ушундай.2010-2015тынч акчанда береке бар.бироого бироо жардам берип жонокой болчу.азыр барыле кыйын.жумушка кирсенда озубуздун кыргыздар бирин бири коро албайт
Чын эле мигранттардын жашоосу, мен дагы тажадым Кыргызстанга кетким келип жатат. Айрыкча 12-14 сааттан иштесен жашоонун кызыгыда кетип калат. Жумуш уй болуп.