Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/balama
Follow Mirbek Atabekov:
/ mirbek_atabekov
mirbek_atabekov
t.me/matabekov
Обону: Б. Алишеров
Созу: С. Медербеков
Көз ачып шат дүйнөгө жаны келдиң
Ымыркай жан шеригим көпөлөгүм
Нур заман гүл жыттанган мекенде
Өсө бер эсен болгун көкөлөгүн
Келечек канатымсың бел байлаган
Дүйүмсүң мөмөлөгөн жер жайнаган
Эл үчүн кызмат кылсаң эр жеткенде
Урматтап изат этет баары саган
Батадан бүткөн карагым
Түгөнбөс мүрөк булагым
Эл уулу болуп өсө көр
Канымдан бүткөн чырагым
Таалайым кандан бүткөн берекемсиң
Саябаным кок майсандуу көлөкөмсүң
Ынаалап учун чыкса мен кубангам
Ырыс бак жыпар чачкан төр экенсиң
Батадан бүткөн карагым
Түгөнбөс мүрөк булагым
Эл уулу болуп өсө көр
Канымдан бүткөн чырагым
#МирбекАтабеков #Балама #ЖаныЫр
© & ℗ Infinity Music. All rights reserved.
Music and Video are Copyrighted
16 окт 2022