Мирбек жакшы болуп кет ырларыны өзүн жанырытып ырдасан соонун болмок биро ырдаса окшошбойт экен сага теней албай койдум угуп өзүн соонун ырдайсынгоо❤❤❤
Айдын нуру түндө төгүлөт, Ай бетинен бир кыз көрүнөт. Аянычтуу, өзүнчө сырдуу, Аппак кызга көңүл бөлүнөт. Кайырма: Айдагы кыз, арманымсыз, Айдагы кыз, ай-ааламда сиз жалгыз. Айдагы кыз ардагымсыз, Бир өзүң жок, жер бетинде мен жалгыз. Түндү күтөм жалгыз отуруп, Түмөн ойго жүрөк толтуруп. Түйшүктөнүп жүрөм сиз үчүн, Түшүмө кир бакыт куш болуп. Кайырма: Мейли өтсүн күндөр сабалап, Мезгил учсун жүрөк жаралап. Мээримиңе түндө жылынам, Мага сиздей кимдер жага алат? Кайырма: