БААРЫНА ЧЕКСИЗ! o.kg/kg/chastnym-klientam/tar...
"Менде бир дос бар" берүүбүздүн бул жолку коноктору көптөгөн ырчыларга хит ырларды жазып берген акын Акбар Кубанычбеков, алып баруучу Нурсултан Майназаров жана төкмө акын Кубат Тукешов болду. "Достугубузга 10 жылдан ашык убакыт болду" деген достор бул берүүдө баштан өткөн кызыктуу окуяларын эстеп, таймашып, ырдап отурушту. Конокторубуздун бири акын Акбар Кубанычбеков 11-май күнү "Мекеним, сага келдим" аттуу поэзия кечесин өткөрөт. Акын дал ошол ыр кечеге поэзия сүйүүчүлөрүн чакырат.
8 май 2024