Каналга жазылабыз жана ошондой эле комментарий жазып кетиңиздер Ананда Москва шаарында Тойлорго Аккордеончулардын Кызмат көрсөтүү бойунча бардык Суроолоруна байланыш телефону +7 929 560-96-05
Азаматсын Нурбек адырдын атын москвада чыгарып журо бер талантына таазим кылабыз адырлык жердештерин бир туугандарын ошентип озгондуктоду Бут жерге тааныта бер
Озгондук алтындарым таланттынарга таазим Ар дайым эсен болуп lшашоонорда шандуу , оомааттуу узун болсун Дуйнодогу баардык жакшылыктарды чын журоктон каалайм
Бул жаңы жылдык кечебиз 22 чи декабрда Москвада өткөрдүк. Бизде 7 эмес 15 музыкантыбыз бар эле ,калган 7 сүнүн кээбири ооруп,кээбири кыргызстанда калганы жумуштан бошобой катышпай калышты . Бул иш чараны Өзгөн коомунун төрагасы Алтынбек ,Өзгөн маданиятынын Москвадагы жетекчибиз Уланбек Нурдинов инилерибиз уюштурушту. Кечебиз абдан жогрку деңгээлде өткөнүнө ыраазылыгын билдирип кечээ 24 январда төрагабыз Алтынбек инибиз бардык катышуучуларга ыраазылык чайын уюштуруп берди . Баарыбыз көңүлдүү ынтымакта абдан сонун отурдук . Төрагабыз Алтынбеке ,Өзгөн маданият жетекчибиз Уланга алкыштар болсун . Жакында дагы Ноорузга карата даярдыктар башталат ,мындан сонун өткөрөбүз деп ишенем . Өзгөндүк болуп төрөлгөнүмө мен сыймыктанам . Биринен бири өтүп өттө таланттуу жигиттерибизге албан ийгилик каалайм . Алтын башыңар аман болсун баарыңардын ,дайыма ушундай жакшы маанай менен жаркылдап ынтымакта болушуңарды каалайм ,жүзүңөрдөн күлкү кетпесин , баарыңарды сыйлайм эжеңер Кадича !
Бул жигиттерибиз 7 эле эмес 15 жигитибиз бар эле 7 сүнүн жумушуна байланыштуу ушул жаңы жылдык иш чарабызга катыша албай калышты . Бул кечебиз 22 чи декабрда Москвада өттү . Биринен бири өтүп сонун ырдашат ,мен Өзгөндүк болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам ,азаматсыңар үкаларим баарыңардын үнүңөр керемет ,ардайым ушундай позитивдүү болгула . Жакында дагы даярдыктар болот Ноорузга карата . Өзгөн маданият коомунүн жетекчиси Улан Нурдинов үкабизга ,төрагабыз Алтынбек үкабизга абдан ыраазымын ,баары биригишип ынтымакта эң жогорку деңгээлде уюштурушту . Азаматсыңар баарыңарга ийгилик каалайм . Кечээ эле төрагабыз Алтынбек жаңы жылдык кеченин жогорку деңгээлде өткөнүнө кубанып бардык катышуучуларды чакырып 24 чү январда бизди сыйлап чай уюштуруп берди. Алтынбеке да ден соолук ийгилик каалап дайым ушундай иш чараларды ынтымакта өткөрүшүнө мен тилектешмин . Өзгөндүк жердештерим баарыңыздарга жакшылык каалайм ! Мындан аркы иш чараларыбыз мындан да сонун өтөт деп ишенем ! Үкаларим алтын башыңар аман болсун !
Озгондук тендеши жок Алтын балдарым талантынар ташкындай берсин талантынарга тазим омурунорго береке ден- соолкта болуп кайсыл жерде журсонор да аман болуп элдин алкышын алып журобергиле унунор аябагандай тунук укулуктуу экен Ага Озгондук Мырзалар
Өнөрлүү өлбөйт дейт, талантынарга таазим уулдарым. Кайсыл жерде болсонор да аман,эсен бир туугандай ынтымакта жүрө бергиле азаматсынар. Жыргал Абдылдаев деген бала да Өзгөндөн эле өтө жакшы ырдайт, мен ошол баламдын ырларын ар дайым тажабай күндө угам. Оштон салам баарынарга
Жигиттерибиздин баарына алкыш азаматсыздар 😍😍👍🏻👍🏻👍🏻 Баары жакшы мага кара кастюм шым кийген баланын акардион ойногону ырдаганы жакты чоон рахмат ийгилик!!!
Ошол таза ойногон экинчи Улан Нурдинов деген жигит биздин Москвадагы Өзгөн өнөрпөздөр маданиятынын жетекчиси болот ,професионал музыкант . Баары жакшы ойноп ырдашат азаматтар аман болушсун үкаларим !